Трамп АКШга иммиграцияны бүт токтоткон жатат

Published

Президент Трамп АКШга иммиграцияны убактылуу токтото туруу жөнүндө буйрук бергени жатканын Твиттерге жазды. Ал коронавирусту «көрүнбөс душман» деп атап, андан коргонуу үчүн жана америкалык жарандардын жумушчу орундарын сактап калыш үчүн ушундай чечим кабыл алып жатканын билдирди.

Трамп бул катын дүйшөмбүдө кечинде жазды. Иммиграцияны токтотуу жөнүндө жарлык качан чыгары жана ал канча мөөнөткө иштерин Трамп айткан жок, өзүнүн чечиминин башка жактарын да ачыктаган жок.

Коронавирус пандемиясынын айынан АКШ өзүнүн аймагына Мексика менен Канададан гана өтө зарыл учурда кирүүгө уруксат берүүдө. Бул чаралар кеминде май айынын ортосуна чейин сакталат.

Ошондой эле АКШга Европа өлкөлөрүнөн жана Кытайдан келүүгө олуттуу чектөөлөр киргизилген. Бирок жумушчу виза алгандар, студенттер жана ишкерлер мурдакыдай эле келип кете алат.

Экономикалык кризис

Дүйшөмбүдө АКШнын бийликтери Мексика менен чек арадан кармалган бардык мигранттарды дагы бир ай артка кайтарып турарын билдирди.

АКШда Covid-19 менен ооруган адамдар башка өлкөлөргө караганда эң көп болуп жатат. Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча коронавирус жуктурган америкалыктар саны 786 миңден ашык, анын ичинен 42 миң адам каза тапты.

Пандемия жана аны менен байланышкан карантин чаралары АКШнын экономикасынын ылдыйлашына алып келди. Мартта 22 млн ашык адам жумушсуздук пособиясын сурап кайрылды.