Украинадагы согуш: кош жарандыгы бар мигранттар аскерден кача албай калат
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Си Кыргыз Кызматынын Бишкектеги кабарчысы
Россиянын Мамлекеттик думасында коммунисттер партиясынын өкүлү Михаил Матвеев кош жарандыгы бар мигранттарды да аскерге чакырууну караган мыйзам долбоорун даярдап жатканын билдирди.
Михаил Матвеев документ кабыл алынып калса, ал борборазиялык жана кавказдык эле эмес, бардык мигранттарга тийиштүү болорун айтып жатат.

Сүрөттүн булагы, ТАСС
МОСКВА24 басылмасы орус депутаты кош жарандыгы бар жарандарды согушка чакырууга мүмкүн эмес деген жобо адилеттүү эмес деп эсептерин жазды.
“Орус жарандыгын жаңы алгандар экинчи паспортунан баш тартууга шашылышпайт. Жыйынтыгында кадимки орус жарандарынан айырмаланып, аскерде кызмат өтөбөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышат” деген депутаттын сөзүн келтирет орус басылмасы.
Россияда ушу тапта кош жарандыгы жок же орус паспортун албаган кыргыздарга деле чакыруу келип жатканы тууралуу байма-бай айтылып жатат. Ал эми орус жарандыгы бар кыргыздарга чакыруулар келип, тизмелер такталууда.
29 жаштагы Азамат Москвадагы интернет дүкөндөрдүн биринде иш алып барган кыргызстандык. Ал ага аскердик комиссариатка чакыруу келгенин, бирок баргандан кооптонуп турганын Би-Би-Сиге айтты:
“Мобилизация эмес, аскердик каттоого турушум керектиги тууралуу кат келиптир. Барсам эмне болот деп тактап атам, бара элекмин азырынча. Эгер аскерге чакыруу келсе, барбай койсоң кесилесиң, камаласын деп угуп атам. Эгер чек арадан кармалсаң саткын деп эсептелет экенсиң”.
Азамат орус жарандыгын алган, андыктан кысым күчөсө “согушка барууга деле туура келет го” деген маанайда.
"Согушка барсын, болбосо Мекенине кетсин"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал тапта орус расмийлери соңку кезде мигранттардын согушка катышы тууралуу көбүрөөк сөз кыла баштады. Мисалы, май айында эле Петербургда эл аралык XI юридикалык форум өтүп, анда миграция мыйзамдарына кирип жаткан жаңы толуктоолор талкууланып, сунуштар да айтылган.
Ал форумда Россиянын тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин мигранттар арасында кылмыштуулук тууралуу сөз кылып жатып, аларды согушка айдоо тууралуу жергиликтүү элдин маанайы тууралуу сөз козгоду:
“Мигранттардын саны көбөйүп жатат, ошону менен бирге мигранттар арасындагы оор кылмыштардын саны да өсүп жатат. 2021-жылы 11 миң кылмыш болгон. 2022-жылы 15 миң болуптур, адам өлтүрүү 18% көбөйүптүр. Ири шаарларда көп катталат экен. Тергөө комитетинин коомдук сайттарындагы комментарийлерде “орустар фронтто жүргөндө, мигранттар биздин тылга чабуул коюп жатат” деп жазып жатышат. Эгер алар орус жарандыгын алса, биздин жарандар болсо, анда согуш тилкесине салалы деп жатышат. Согушка барбайсыңбы, жарандык милдетиңди аткарбайсыңбы, анда Мекениңе кет”.

Сүрөттүн булагы, Official
Бастрыкиндин бул билдирүүсүнөн кийин Россиянын ар кайсы аймактарында мигранттар кармалган учурлар биринин артынан бири каттала баштады. Жергиликтүү эл дагы мигранттар коомдук тартипти бузуп жатканына көбүрөөк арыздана баштагандай таасир калтырууда.
28-майда орус маалымат каражаттары полицияга таянып, Москванын Можайский районундагы мектеп стадионунда ондогон тажик мигранттары жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде кармалганын жазды. Тажик мигранттары мектеп стадионун өспүрүмдөрдөн тартып алып, өздөрү футбол ойной баштаганы айтылууда. Андан кийин эле 30-майга караган түнү Москвада "Митино" метро станциясына жакын жерден 50дөн ашуун тажик мигранты кармалды.
Талдоочулар бул кармоолор мигранттарга карата кандайдыр бир ачык айтылбаган өнөктүктүн бир бөлүгү болушу мүмкүн дешет.
Электрондук чакыруудан буйтай албайсың
Ал арада Россияда Калининград облустук соту мобилизациядан качкан сегиз адамдын ичинен экөөнү жети жылга, төртөөнү алты жарым жылга, калган экөөнү алты жылга эркинен ажыратты. “Медиазона” басылмасы, соттолгондор орус жарандары Украинанын Луганск облусунун Россия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү лагеринен качкан деп айыпталганын жазып чыкты.
Былтыр сентябрь айында орус президенти Владимир Путин мобилизация же согуш маалында жасалган кылмыштар үчүн жазаны катаалдатуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мобилизация же согуш маалында кызмат өтөгөн бөлүгүнөн качкандар он жылга чейин эркинен ажыратылат.
Юрист Мирлан Токтобеков Украинадагы согуш күч алып жаткан азыркы маалда кезинде орус жарандыгын алып алган мигранттарга артка чегинүүгө бир топ эле оор болуп калганын айтууда:
“Согуш башталгандан бери Россияда мыйзамдар өзгөрбөдүбү. Мисалы, мени алалы. Мага былтыр аскерге чакыруу келгенде өтө көп буйтачу жерлер бар эле. Мисалы, бизге повестканы алып келсе, кол койбой коет элек. Баш тартып койгонго да укугум бар болчу. Башында 500 рубль, андан кийин 3 миң рубль айып пул салмак. Азыр повестка албай койсоң эле түрмөгө кесип ийгенге акысы бар. Электрондук повестка деген чыкпадыбы, аны сага почтадан салып ийди. Сен аны окудуңбу, көрдүңбү же көргөн жоксуңбу, баары бир повестканы алдың деп эсептелет. Анан барбай көр, сот жообуна тартыласың. Согушка барбайм десең орус армиясын дискредитация кылдың деп он жылга кесе турган болуп калды”.
Быйыл апрелде Россия аскерге электрондук чакырууну караган жаңы эрежелер киргизди. "Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө" мыйзамга карата түзөтүүлөр “мобилизациялык жайылтуу” системасын заманага шайкеш реформалоо үчүн зарыл кадам экени айтылып жатат. Бирок талдоочулар орус бийлиги жарандарды согушка баруудан баш тарта албагыдай чараларды ойлоп таап жатканын айтууда.
Мисалы, жаңы эрежеге ылайык, "Мамлекеттик тейлөө кызматтары" аркылуу барган электрондук чакыруу кагазы аскерге милдеттүүлөргө тапшырылды деп эсептелет. Ошол күндөн тартып чакыруу алган адамга өлкөдөн чыгууга тыюу салынат. Башкача айтканда, бул үчүн мындан ары дүмүрчөк жеткирип, кол койдуруп алуу талап кылынбайт.
































