“Адам укуктарына каршы чабуул”: Фейк жөнүндө чырлуу мыйзамга президент кол койду

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

"Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө" чырлуу мыйзамга президент кол койду. Бул мыйзам бир жылдан бери жарандык коомдун каршылыгынан улам кабыл алынбай келген. Бирок июлдун аягында парламент күтүүсүз кабыл алып, анда одоно укук бузуулар болду деп айрым депутаттар нааразылык билдирген эле.

"Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат. Муну менен, мыйзам ар кимдин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт", - деп айтылат президенттин расмий сайтындагы билдирүүдө.

"Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору июнь айынын этегинде добушка коюлуп, өтпөй калган. Ак үйдүн алдына митингге чогулган активисттер кубанып, таркап кетишкен. Андан бир айдан кийин, жарандык активисттер баары туш-тушта эс алууда жүргөн учурдан пайдаланып, демилгечилер аны кайра добушка коюп, өткөрүп алышкан болчу.

Бир катар депутаттар, анын ичинде Рыскелди Момбеков бул жерде оркойгон мыйзам бузуу болду деп каршы чыгышкан.

“Регламент, конституциялык мыйзам бузулду. Бул жерден күчкө салып койду, өткөрүп бересиңер деди. Болушунча чырылдадык, болбой эле өткөрүп салышты”.

Каныбек Иманалиев анын ордуна башка бирөө макул деп добуш берип койгонун билдирип, өзүнүн добушун алып салууну талап кылган. Бул дагы добуш берүү таза жүргөнбү деген суроонун башын чыгарат.

Анын алдында эле президент депутаттар менен эки ирет резиденцияда бейформал жолугушкан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы өз кезегинде бул мыйзам долбоорун кабыл алууда регламент бузулган жок деген жооп кайтарган. Анын таркаткан билдирүүсүндө мыйзам четке кагылган эмес деп айтылат. Көрсө, укуктун тилинде президент кайтарып берген мыйзамдар боюнча Жогорку Кеңеш анын каршы жүйөөсүнө макул болбосо гана мыйзам четке кагылды деп эсептелет экен. Ошол себептүү депутаттык топтун сунушу менен кайра добуш берүүгө коюлган.

Жарандык активисттер  чырлуу  мыйзам долбоору эреже боюнча кайра кароого алты айдан эрте киргизилбейт деген бейкапар ойдо турушкан. Эми анын өтүп кеткени алардын кескин нааразылыгын пайда кылууда. Адам укуктарына жана эркиндиктерин каршы чабуул деген сындар жаңырууда.

Бул мыйзам элге каршы, бийликтин кызыкчылыгында иштейт, деп айтты Би-Би-Сиге укук коргоочу, блоггер Эржан Кайыпов.

“Кыргызстан адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоонун бийик стандарттарынан чегинип, эми минималдуу бир стандарттарга кетип баратат. Фейктерди колдонгон адамдар ушундай мыйзам долбоорун колдоп атышпайбы. Бул мыйзам фейк эместерге каршы иштейт. Фейктер барган сайын күчөйт".   

Аталган укук коргоочу бул мыйзамдын өтүшү сырттан кийлигишүү болуп жатканын да көрсөтөт деди.

“Сырттан башкаруунун бир белгисин көрүп атабыз. Себеби бул мыйзам долбоорлору Россиядан көчүрүлүп келип жатат. Кыргызстанга EАЭБдин алкагында бирдей стандарттарды киргизүү, бирдей чектөөлөрдү киргизүү, бир стилдеги башкарууну киргизүү аракети болуп жатат ”.

Бул мыйзам мурда башкача аталыш менен парламентте кабыл алынып, коомчулуктун нааразылыгы катуу болгон үчүн убагында Жээнбеков президент болуп турганда кол койбой кайра кайтарып жиберген. Эми анын бир жылдан кийин кайра өжөрлүк менен өткөрүлүп жатканы бийликтин өзүнүн чоң кызыкчылыгын көрсөтүп тургандай.

Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева өз кезегинде бул сөз эркиндигине коркунуч алып келбейт, аны колдоо менен демократияга жамынган ээнооздукка бөгөт коюлат деп келди.

Жарандык активисттер аны тескерисинче сөз эркиндигин басуунун аракет-амалы деп сындап жатат. Эгерде бул мыйзам күчүнө кирсе, анда бийликти сындагандын баарын баса калмай кадимки практикага айланат дешет.

"Мен бул мыйзам долбооруна каршы болуп келдим, анткени бул сөз эркиндигин чектөө. Карапайым адамдар бийликке үнүн кантип жеткизе алат, социалдык медиа, эркин сайттар аркылуу гана жеткире алат. Бир жыл мурун коронавирус боюнча кечирим сураткан нерсени азыр мыйзамдуу түрдө киргизген жатышат. Эл айтып чыккан нерсени азыр жалган деп, кечирим суратып, алардын баракчаларын жабууга жана кылмыш ишин козгоого барган жатышат",- деген дагы бир жарандык активист Улан Үсөйүн.

Коомчулук каршы болуп жаткан мыйзамды токтотуп калыш президенттин колундагы иш болчу. Президентке жарандык коом өкүлдөрү, эл аралык укук коргоо уюмдары дагы кайрылды. Бирок президент өзүнүн тандоосун жасады. Эми андан кимге зыян, кимге пайда болот, жакынкы күндөрү эле билинет.

Күрөштүн экономикасы кандай болот?

Кыргыз бийлиги күрөшөбүз деп белсене киришип жатканы менен аны кантип жана кайсы финансылык булактардын эсебинен ишке ашыра турганы белгисиз. Маселенин экономикасы дагы мыйзамдын саясый күрөш үчүн түзүлгөнүнөн кабар берип тургандай.

Демилгечилердин тынчын алган фейктер активдүү колдонгон социалдык желелер – Facebook, Instagram жана Whatsapp бир компанияга – Facebook компаниясына таандык. Facebook өз платформаларында фейк, спам сыяктуу зыяндуу маалыматтын тарашына каршы күрөш жүргүзүп келет. Атайын тынымсыз машыктырылып турган модераторлордун армиясын кармайт. Жасалма интеллект алгоритминдерин колдонуп фейктердин уюшкан топторун жок кылып келет. АКШнын шайлоо процессине кийлигишкен деп оруссиялык фейк аккаунттардын топторун жок кылганын мисалга айтсак болот.

Зыяндуу контент менен күрөшкөн модераторлордун психикалык саламаттыгы дагы жабыркай турганы белгилүү. Facebook былтыр 11000 модераторуна саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн эле $52 млн доллар компенсация төлөп бергени талкуу жараткан.  

Айтканга оңой көрүнгөнү менен, интернеттеги зыяндуу маалымат менен күрөшүү ары түйшүктүү, ары татаал жана кымбат иш. Кыргыз өкмөтү наркы триллионер компаниялардын алы аягына чейин жетпей жаткан ишти жаңыча уюштура алабы? Кебетеси, анте албайт.

Кыргыз интернет коомчулугу эл аралык изилдөө уюмдары менен биргелешип, акыркы президенттик шайлоо өнөктүгүндө иштеген фейктердин тобун, бар болгон мыйзамдуу жолдорду колдонуп жаптыра алышканы менен, фейктер менен күрөшүүдө кыргыз бийлигине караганда алда канча жөндөмдүү экенин далилдеген.

Фейктер менен күрөшүүнүн ушундай далилденген эффективдүү жолу турса, ага мамлекеттин сокур тыйыны коробосо, коом аны жаңы мыйзамы жок эле өзү кыла алса, анда жаңы мыйзам токуштун кандай кажети бар эле деген суроо жоопсуз калууда.

Дагы окуңуз