Дүйнөлүк экономика кайрадан улуу бороонго кабылмакчы

Сүрөттүн булагы, AFP
- Author, Алексей Калмыков
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
Орусиянын эгемен Украинага кол салуусу ансыз да алсырап турган дүйнөлүк экономиканы жаңы каржылык жана экономикалык кризистин ирегесине туш кылды. Улам жакындап келе жаткан рецессиянын (экономикалык өнүгүү ылдамдыгынын басаңдашынын жана жылбай, бир орунда турушунун) дүрбөлөңдүү учур тууралуу алдын ала ишаара кылган белгилер улам тездеп пайда болууда.
Экономисттер менен аткаминерлер жакынкы кризисти болтурбай коюуга эч мүмкүн эмес, маселе – анын канчалык тереңдигинде жана канчалык узакка созулаарында гана турат, дешип биринин артынан башкасы улам-улам эскертип келишет.
Дүйнөлүк экономика кайталанма айлампа сындуу болот: кескин илгерилөө төмөндөөгү орун бошотот, андан соң кайра калыбына келтирүү жүрүмү башталат да, ал болочокку рецессияга орун бошотот, ж.б.у.с. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери жалпы дүйнө жүзү беш-алтыдай рецессияны башынан кечирди, анын ичинде 2020-жылдагы ковидге байланыштуу экономикалык төмөндөө да бар. Эгерде азыр дагы бир жолу рецессия башталчу болсо, анда дүйнөлүк антирекорд орнотулат: буга чейин байлыктын көбөйтүлүшү бир нече жылдын ичинде эле жакырчылыкка белчеден батууга орун бошоткон кезең болгон эмес.
Экономикалык төмөндөөнүн негизги себеби – Орусиянын эгемен Украинага басып кириши. Башка себептер деле бар, бирок Владимир Путин Европада ачкан бул ырайымсыз согушка чейин башка себептер рецессия коркунучун жараткан деле эмес. Эми болсо “рецессия сөзсүз түрдө орун алат”, деген адистик жоромолдор айтылып келет.
Дүйнөлүк экономиканын үч кыймылдаткычы – АКШ, Европа жана Кытай – ар бири өзүнүн өзгөчө бир себебинин айынан жана бардыгы биргеликте дүйнөлүк көйгөйлөрдөн, биринчи кезекте, ковид залалдарынан жана орусиялык баскынчылыктын кесепеттеринен улам, өнүгүү ылдамдыгын жайлатып жатышат.
Бул үчилтикке дүйнөлүк өндүрүштүн жана керектөөнүн үчтөн эки бөлүгү туура келгендиктен, планетанын бардык башка өлкөлөрүнүн тургундарынын бакыбаттыгы алардын бакыбаттыгына түздөн-түз көз каранды болууда.
Эл аралык Валюта Фондунун башчысы Кристалина Георгиева айым:
"Евро акча аймагы Орусия жабдычу газдын азайышынан улам олуттуу кыйынчылыкка туш болду. Кытай ковид карантининен жана кыймылсыз мүлк базарындагы кризистен улам жапа чегип жатат. Ал эми АКШ инфляциянын өсүшүнөн улам үй чарбаларынын кирешесинин жана керектөөнүн төмөндөшүнө туш болууда. Ошол эле маалда насыялык үстөк акынын жогорулашы инвестицияны тумчуктурууда”, – деп оор акыбалды сыпаттады.
"Мунун баары жакыр жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө өз кесепетин тийгизүүдө. Экспортко болгон суроо-талап азайгандыктан, алар азыраак киреше алып жатышат, ал эми азык-түлүккө жана отун-кубатка карата баанын жогорулашынан улам алар мурдагыдан алда канча көбүрөөк чыгымдашууда", – деди Кристалина Георгиева. Бул сөзүн ал ЭВФ менен Дүйнөлүк банктын соңку жылдык жыйынын ачып жатып айтты.
Кантип кризисти эртерээк тизгиндөө керек?
Экономисттер менен аткаминерлер рецессиянын алдын ала айтуу үчүн жарыша далаалати жасашууда. Алар мурдагы дүйнөлүк каржы каатчылыгына кантип байкоостон жол беришкенин жана анын кандай азап менен аяктаганын эстен чыгарыша элек.
2008-жылы күндүз чайтта ачык туруп эле капысынан чагылган түшкөндөй болгон. АКШ, Улуу Британия жана башка Батыш өлкөлөрүндөгү бир нече ири банктар бир заматта кыйроого учураган. Каржы адистеринин жана башка серепчилердин өтө тар чөйрөсүн эске албаганда, мынчалык ири өлчөмдөгү кризисти эч ким деле күткөн эмес болчу.
Бул жолу иш – башкача.

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дүйнөдөгү эң негизги жана өзгөчө таанымал банкирлердин бири саналган Жейми Даймон жакында эле CNBC каналында курган маегинде:
"Биз мурдагы бардык кризистердин ичинен эч бирин алдын ала айта алмак эмеспиз. Бирок бул жолу, менимче, кризис болоорун өтө жогорку ыктымалдуулук менен алдын ала айтууга мүмкүн", – деп билдирди.
Кыйынчылык кайсы тараптан капташы мүмкүн? Балким, насыя базарынандыр, же баалдуу кагаздар базарынан келип чыгышы деле ажеп эмес.
Америкалык JPMorgan Chase банкын жетектеген Даймон мырза: "Балким, бул (кесепет булагы) – кайсы бир өлкө болоор, же, жалпысынан биз алигиче туйбай жаткан башка кайсы бир нерсе болушу деле мүмкүн", – деди.
Бийлик мурдагы кризисти жаадырылган акчанын күчү менен ооздуктады. Насыянын үстөк пайыздары нөлгө чейин төмөндөдү, бирок туруктуу өсүштүн мурдагы деңгээли калыбына келген деле жок. Биринчи он жылдыкта дүйнөнүн эң ири экономикасы болгон Америка Кошмо Штаттарынын ИДӨсү 22%га өстү, ал эми мурдагы он жылдыкта, жана ошондой эле 1990-жылдардагы өсүштүн он жылдык баскычында, ал 43%га өскөн болчу, ал эми 1961–69-жылдардагы кыска мөөнөттүк өсүш ичинде бул көрсөткүч ал тургай 54%ды түзгөн эле.
Бийликтер банктарды куткарууга сарпталган каражаттын ордун толтуруу үчүн социалдык чыгымдарды кыскарткандыктан, Батышта кирешелердин өсүшү токтоп калды. Саясат менен ишкердик чөйрөлөрдө кескин өзгөрүүлөрдүн доору башталды: интернет экономикасы жайылды, АКШда Дональд Трамп бир мөөнөткө бийликке келди, Улуу Британияда – брексит (Brexit) орун алды.
Ошондон бери босогого жакындап келе жаткан рецессия тууралуу эскертүүлөр көз артканчалык ырааттуулук менен байма-бай жарыяланып келет. Оболу, 2018-жылы, Трамп бир учурда бир нече соода согушун баштаган. Андан кийин, 2019-жылы, баалуу кагаздар базарында экономикалык төмөндөөнүн алгачкы белгилери айгинеленди.
Экономисттер, аткаминерлер жана ишкерлер экономикалык өсүштүн кезектеги айлампасы соңуна чыкты го деп айта башташты. Алар 2020-жыл өздөрү үчүн эмне шумдукту даярдап жатканын ал кезде үстүрт түкшүмөлдөй да алышкан эмес.
2020-жылга кире берээрдеги жаңы жылдык майрамдар бүтөөр замат гезиттерде алыскы бир өлкөдөн саламаттык сактоого жана тазалыкка байланыштуу жаңылыктар байкалаар-байкалмаксан чыга баштады. Ал эми Би-Би-Синин Орус кызматынын интернет барагында “Сырдуу кытай вирусу: тынчсызданууга негиз барбы?” деген тема астында чакан маалымат орун алды. Мында ковид илдетинин алгачкы 50 учуру тууралуу сөз жүргөн эле.
Натыйжада пандемия башталды да, дүйнө карантинге жабылды. 2020-жылы экономика кайрадан рецессияга кабылды. Ал 3% төмөндөөгө дуушарланды да, кийинки 2021-жылы болгону 6%га өстү.
"Эң жаман кырдаал али алдыда"
Андан ары – ого бетер жаман абал жаралышы ажеп эмес. ЭВФнын жоромолуна караганда, быйылкы өсүш былтыркынын жарымына жакын гана күтүлөт, ал эми кийинки жылы, – согуштун, инфляциянын, Кытайдын карантинден улам сырткаркы чөйрөдөн ооолак калышынын жана отун-кубат кризисинин кесепетинин айынан, – экономикалык кырдаал андан да начар болчудай.
ЭВФ экономисттери өздөрүнүн соңку жоромолунда:
"Үстүбүздөгү жылдын бардык көйгөйлөрү дүйнөлүк экономиканын пандемиядан кийин толук айыкпаган жараларын ого бетер ачат. Ток этчүсүн айтканда, эң жаман акыбал али да алдыда", – деп жазып чыгышты. Алар дүйнөлүк экономиканын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн ири өлкөлөрдө алты айлык мөөнөттү өзүнө камтыган рецессия орун алат ко деп божомол кылышууда.
Жалпысынан алганда, алар дүйнөлүк экономика дагы эле болжол менен 3% га өсөт ко деп үмүттөнүшөт, бирок алар дүйнөдөгү ишкердик жигердүүлүктүн, керектөөнүн, инвестициянын жана өндүрүштүн 2%га (бул – кокустуктун төрттөн бири) гана өсүшүнүн, ал тургай, болгону 1%га (бул – кокустуктун ондон бири) гана өтө жай өсүшүнүн ыктымалдыгын жокко чыгарышпайт.
"Бирок оң маанайдагы өсүш камсыз кылынчу болсо деле, мунун баары рецессияны гана элестетет, анткени турмуштук чыныгы кирешелер азайып, баалар көтөрүлө бермекчи", – деп Георгиева айым эскертти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алты айдын ичинде экономикалык төмөндөө үчүн алгачкы талапкерлер Европада пайда болду (катары менен эки токсондуктагы басаңдоо абалы “техникалык рецессия” деп эсептелет).
Батыш Европанын (“Эски дүйнөнүн”) эң ири экономикасы жана негизги өнөр жай дөөлөтү болгон өлкө – Германия – Владимир Путин бир жарым жылдан бери Евробиримдикке каршы жүргүзүп жаткан газ согушунан жапа чегип келет.
Улуу Британия да андан артта калган жок. Оболу, дүйнөнүн бешинчи ири экономикасы саналган бул өлкө Евробиримдиктен чыгып кетүү тууралуу референдумдун нратыйжасына ылайык Евробиримдиктен – эң ири соода өнөктөшүнөн жана андагы бирдиктүү базардан баш тартты. Андан соң бул өлкө беш аптанын ичинде мамлекеттик карыздын баасын кескин түшүрүп, пенсиялык системаны кыйроого учуратып жибере жаздаган өкмөттү бийликке алып келди. Эгерде Англия банкы ондогон миллиард фунт стерлингди шашылыш түрдө инфляциялык саясатка карама-каршы нукта басып чыгарбаганда, бул өлкөдөгү пенсиянын кыйрашынан кийин дүйнөлүк каржылык кризис орун алмак болчу.
Еврокомиссарлар болсо Евробиримдик, – Улуу Британия сыяктуу эле, – босогого жакындап келген рецессиядан кутула албайт, деп мойнуна алышты.
Бул аптада Еврокомиссиянын экономика боюнча башкы адиси Валдис Домбровскис: "Биз жетчү чекке жеттик, – деди. – Экинчи токсондукка карата евроаймактын бардык экономикалары коронавирус пайда болгонго чейинки деңгээлге калыбына келген болчу. Бирок андан бери бардык өсүштүн кыймылдаткычтары негизинен жокко чыгышты".
"Орусиянын Украинага каршы баскынчылыгынан улам пайда болгон башаламандык биринчи планга чыкты. Эми биздин экономикалык божомолдорубуз жай мезгилиндеги жоромолубузга караганда бир кыйла жупуну көрүнөт".
Америка деле көпкө чейи н туруштук берип тура албайт, – дейт банкир Даймон. Анын айтымында, АКШда отун-кубат көйгөйлөрү азыраак, бирок борбордук банктын жарым кылымдан берки инфляциялык ири көрсөткүчкө каршы күрөшүү максатында үстөк пайыздарды кескин көтөрүп салышы керектөө менен инвестиция көлөмүн азайтып салчу тобокелдикке туш кылат. Бул кырдаал болсо АКШны "кийинки тогуз айда кандайдыр бир рецессия түрүнө" кириптер кылып салышы күтүлөт, – деди Даймон.
Деги кризисти болтурбай коюуга мүмкүнбү?
Улам жакындап келе жаткан экономикалык кырсыктын сигналдары ар тараптан түшүүдө.

Сүрөттүн булагы, AFP
Кыймылсыз мүлк базары Кытайда гана эмес, Батышта да – Швециядан Жаңы Зеландияга чейин дүрбөлөңгө кабылды. Акыркы он жылдыктардагы корпорациялык өсүштүн лидерлери – америкалык Amazon жана Meta интернет гиганттары рецессияны утурулай эле чыгымдарды кыскартып, өз кызматкерлерин жапатырмак жумуштан кетирип салууга өтүштү.
АКШнын мамлекеттик карыз базарында ликвиддүүлүк кризиси, ал түгүл 1980-жылдардын башынан бери байкалбаган кирешелүүлүктүн инверсиясы да орун алууда. 10 жылдык расмий насыя кагаздарына (облигацияларга) караганда, эки жылдык облигациялар көбүрөөк кирешелүү саналып жатат; бул – бир жылдын же бир жарым жылдын ичинде орун алчу рецессиянын белгиси катары салттуу түрдө каралат.
Деги кризисти эч болтурбай коюуга арга табылабы? Бул суроого экономика адистери сарсанаага түшүрчү маанайда жооп кайтарышууда.
1980-жылдардагы жапатырмак рецессиядан кийин дүйнөлүк экономика интернеттин пайда болушу алып келген технологиялык жана ишкерлик революциясынын, ошондой эле, Кытайдын, Орусиянын жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүн камсыз кылган дүйнөлөшүү жүрүмүнүн натыйжасында андан аркы өсүшкө ээ болгон.
Кийинчерээк, өзгөчө 2008-жылдагы кризистен кийин, акчалай стимул мындай өсүштү камсыздоо үчүн негизги ролду ойногон.
Азыркы тапта бул өсүштүн булактарынын кубаты түгөндү да, дүйнөлөшүү жүрүмү жана жигерлентүү чаралары толугу менен артка бурулду. Ошол эле учурда, бул убакыттын ичинде көптөгөн түзүмдүк көйгөйлөр чечилбестен, ого бетер татаалдашып кетти. Алардын негизгилери: калктын улгайып бараткандыгы, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнүн басаңдашы жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери.
Oxford Economics компаниясынын алдыңкы экономисти Адам Слейтер мырзанын пикирине караганда, кезектеги технологиялык ыңкылап гана дүйнөлүк экономиканы жармач акыбалга түшүүдөн сактап кала алат. Слатер мырза ноябрда өзүнүн экономикалык божомолун жаңыртып, азыркы жана кийинки токсондуктарда дүйнөлүк экономикада техникалык болсо да рецессия орун алышы ыктымалдыгын алдын ала айткан болчу.
Ал эми ушул тапта интернет экономикасынын сыңарындай болгон келечекке карай жаңы секириктин карааны көрүнбөй турат. Экономикалык төмөндөөнүн алдын алуу үчүн учурдагы үч негизги көйгөйдү: баанын өсүшүн, Кытайдагы карантинди жана Европадагы энергетикалык кризисти чечүү керек.
Эң жөнөкөй арга – Кытайдын дүйнөгө ачылышы. Бул үчүн Кытай Коммунисттик партиясынын чечими гана керек. Бирок Кытайдын экономикасынын жанданышы дароо эле отун-кубатка болгон суроо-талапты күчөтөт, бул жагдай биринчи көйгөйдү – инфляцияны ого бетер курчутат. Бул жагдай, ошондой эле, ковиддин жаңы күч менен жайылышы, өлүм-житимдин көбөйүшү жана мурдагыдан да алдла канча кеңири карантиндин киргизилиши менен коштолушу ыктымал.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Энергетикалык каатчылык жана инфляция менен күрөшүү мындан дагы кыйыныраак. Инфляциянын кесепетинен калктын турмуштук кирешелери төмөндөп, ипотекалык насыялардын, мамлекеттик карыздын жана ишкердик насыялардын үстөк пайыздарынын өсүшү байкалууда. Жакынкы бир-эки жылдын ичинде суроо-талапты чечкиндүү жок кылуу, – башкача айтканда, дүйнө жүзү качууга аракеттенип жаткан рецессия менен кризисти колдонуу, – аркылуу гана бул эки көйгөйдү чечүүгө нагыз арга табылат.
Суроо-талапты басаңдатпай туруп, инфляция маселесин чечүүнүн бирден-бир жолу – сунушту күчөтүү болуп саналат. Бул иш-аракетти жүзөгө ашыруу өтө зор үстөк пайыздардын, жумушчу күчүнүн жетишсиздигинин, дүйнөлөшүүдөгү жана эл аралык соодадагы үзгүлтүктөрдүн, ошондой эле, Путиндин атын жамынган эки жамандыктын: Украинадагы согуш менен отун-кубат кризисинин кырдаалында алда канча зор түйшүк жаратаары шексиз.
Ал эми отун-кубат кризисинен чыгуу үчүн Батыш өлкөлөрүнө отун-кубат байлыктары менен камсыздоочу булак катары Орусиядан баш тартууга туура келет.
Бул иш-аракетти бир-эки жылда жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес. Жаңы кендерге жана инфратүзүмдөргө жумшалчу инвестициялар улам азайып баратат, ал түгүл инвестицияны азыр баштасаңыз дагы, анын кирешеси ондогон жылдардан кийин гана колго тийиши мүмкүн.
Ушундай эле каржылык колдоо отун-кубат тармагындагы “жашыл” ыңкылап үчүн зарыл: күн нурун тосчу такталарды жана кубат өндүрчү шамал тегирмендерин өндүрүү үчүн керектелчү сейрек кездешүүчү металлдар жана башка технологиялык жабдуулар, арзан насыялар, электр кубатын топтоп туруучу сыйымдуу кампаларды жаратуучу таптакыр жаңы технологиялар – ушулардын бардыгы кайтарымы кечирээк боло турган акча каражатына барып такалат.
Ал эми Орусияны отун-кубат шериги катары алмаштырбастан, андан кайра ошол эле көлөмдө мунай менен газды сатып алсаңыз да болот, бирок бул үчүн Украинадагы согушту Батышка ылайыктуу шарттарда токтотуу талап кылынат.
Мунун баары – өкүнүчтүү, – деп ЭВФтин башчысы мойнуна алды. – Дүйнө өзгөрүп кетти, ал узак убакыт бою созулчудай жана анчейин жакшы эмес болгон нукка түшүп өзгөрдү.
"Биз дүйнөлүк экономикада өзгөчө олуттуу өзгөрүүнү баштан кечирип жатабыз, – деди Кристалина Георгиева. – Биз (буга чейин) мыйзам чегиндеги эл аралык кызматташтыктын, төмөн үстөк пайыздык көрсөткүчтөрдүн жана төмөн инфляциянын дүйнөсүндө жашап келгенбиз.
Мына эми жалпы дүйнөбүз алда канча назик болуп калды. Белгисиздик, туруксуздук, геосаясий тирешүүлөр, табигый кырсыктар барган сайын көбөйүүдө. Бул дүйнөдө кайсы өлкө болбосун кризиске оңой жана бат-бат туш болуу коркунучуна кептелип турат". (TT)



































