You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Еревандагы саммиттин жыйынтыгы: ЖККУнун келечеги барбы?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
ЖККУнун Арменияда өткөн кезектеги саммиттинде, уюмдун коопсуздук келишимине Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын кол койбой койгону башкы темалардан болду.
Пашинян соңку эки жылда анын өлкөсүнө кеминде үч жолу Азербайжан кол салса дагы, ЖККУ кол сунбай койду деген таарынычын айтты.
"Ушул күнгө чейин биз Азербайжандын агрессиясы боюнча бул уюмдан эч кандай реакция уккан жокпуз. Бул албетте, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун беделине чоң сокку", - деди Армениянын өкмөт башчысы.
Армения Азербайжанды кол салууга айыптаганы менен дал эле ушундай айыптоону Азербайжан дагы билдирип келе жатат.
Пашинян эгер кырдаалга так саясий баа берилбесе, бул уюмдун союздук милдеттерин аткарбай жатканынын эле билдирбей, Бакунун Ереванга мындан аркы агрессиясы үчүн да жол ачып берет деп айтты.
Соңку жылдары ЖККУга мүчө мамлекттер Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарында куралдуу чыр-чатактар катталып келет. ЖККУ саммитинде бул маселени беларус президенти Александр Лукашенко көтөрдү. Ал Эмомали Рахмонго шилтеме берип, кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө олуттуу жылыштар бар экенин айтты. ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга уюм көмөк көрсөткөнгө даяр экенин айтты:
"Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Эгер Тажикстан менен Кыргызстан зарыл десе, ЖККУнун эки мамлекетине өз максатына жетүүгө жардам берүү үчүн керектүү ресурстары жана тажрыйбасы жетиштүү деп эсептейбиз".
Жапаров Еревандагы саммитте “ЖККУ ичинде өзгөрүлүп жаткан кырдаалга өз убагында жооп кайтаруу үчүн кызматташууну ырааттуу активдештирүү зарыл экенин” билдирди.
Буга чейин 7-октябрда Кыргызстан ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуш кылган.
Тышкы иштер министринин өкүлү Нуран Ниязалиев Ереванда Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берип, мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн ЖККУ ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырган.
Маанилүүсү, Еревандагы саммитте ЖККУга төрагалык Армениядан Беларуска өттү. Эми Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетов 2023-жылдын 1-январынан тарта ЖККУнун Башкы катчысы болуп бекиди.
Еревандагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги саммитинен кийин Россия башында турган бул бирикменин келечеги тууралуу талаш-талкуулар күчөдү. Саммит өтүп жаткан маалда Ереванда ЖККУга каршы эки жерде акция өттү. Митингдердин бирин жарандык активисттер, экинчисин оппозициячыл альянс уюштуруп, Еревандын бул уюмдан чыгышын талап кылышты.
Октябрда эле Кыргызстан өз аймагында ЖККУнун аскердик машыгуусун өткөрүүдөн жана Тажикстандагы машыгууга катышуудан да баш тарткан эле. Анда да Кыргызстанда бирин-экин болсо да ушул мазмунда чакырыктар чыккан эле. Бирок кыргыз бийлиги расмий позиция андай эмес экендигин билдирген.
Эл аралык мамилелер боюнча адис Эмилбек Жороев, соңку мезгилде ЖККУнун бирикме катары ишмердиги сынга кабылып жатканын Би-Би-Сиге талдап берди:
“ЖККУнун соңку бир жылдан берки ишмердиги суроолорду туудуруп келет. Уюмдун келечеги Россиядагы стабилдүүлүккө, орус бийлигинин туруктуулугуна байланыштуу нерсе. ЖККУнун тизгинин кармап, аны уюм кылып кармап турган бирден бир өлкө бул – Россия. Калган беш өлкө ЖККУга мүчө болуу менен кээ бирде өзүнө пайда алып тургусу гана келет, бирок ага кайдыгер. Айла жоктон бул уюмга мүчө болуп турууга аргасыз. Кыргыз-тажик жаңжалында, армян-азербайжан чыр-чатагында жана Казакстандагы январь окуясында ЖККУнун ички конкреттүү механизминин жоктугу айгинеленди. Чыныгы коопсуздук маселелерин чечүүгө даярдыгы болбогону, дүйнөдөгү башка коопсуздук бирикмелиринде болгон инстутуционалдык негиздери да жок экенин көрсөттү. Эми Украинадагы согуш кандай нукта өнүгөт жана кантип бүтөт ЖККУнун келечеги ошого көз каранды. Бул жасалма дем алдырууга көз каранды абалдагы оорулууну элестетет. Эгер ЖККУнун күчтөндүрүү же кошумча күч кошуу маселеси чыкса ал уюмга мүчө мамлекеттердин талкуусунда эмес, Россиянын жетегинде болот, ошонун кызыкчылыгына гана байланган уюм”.
Украинада согуш башталгандан бери ЖККУнун саммити ушуну менен экинчи жолу уюштурулуп жатат. Быйыл майда Москвада ЖККУнун 20 жылдык мааракелик саммити өткөн. Бирок эл аралык эксперттер Украинадагы согуштан кийин Россиянын аскерий даремети, анын ичинде ЖККУнун ролу боюнча бир топ суроолор жаралганын айтып жатышат:
“Украинадагы согуш орус армиясынын кубаты тууралуу мифти жокко чыгарды, ошондой эле орус аскердик тактикасы жана стратегиясынын натыйжалуулугу тууралуу суроолорду көтөрдү. Бул Россиянын ЖККУ алкагындагы, дегеле аскердик шерик катары беделине чоң сокку урду”, -деген эле буга чейин казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев.
СССР таркап, анын ордуна КМШ түзүлгөндөн кийин Россия мурдакы союздун аймагында коопсуздукту камсыз кылуу, куралдуу конфликттердин эскалациясын токтотуу үчүн бирдиктүү коргоо мейкиндигин сактоого аракет кылып баштаган.
ЖККУнун максаты анын уставында келишимдин катышуучу өлкөлөрүнүн территориалдык-экономикалык мейкиндигин армиялардын жана жардамчы бөлүктөрдүн күчү менен тышкы согуштук-саясий агрессорлордон, эл аралык террористтерден, ошондой эле чоң масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо деп көрсөтүлгөн. ЖККУ уюмга мүчө өлкөлөрдүн суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн коргойт жана ички ишине кийлигишпейт делет.
Бирок эл аралык мамилелер боюнча адис Бурул Усманалиева ЖККУ кремль үчүн биринчи кезекте таасир этүү куралы деп билет:
“ЖККУ бул коопсуздук боюнча Россиянын кол чатыры деп түшүнүш керек. Башкача айтканда ал Кремлдин таасир талаасы. Россия советтер союзуна кирген өлкөлөрдү өзүнүн чеңгээлинен чыгаргысы келбей ушундай рычагдар аркылуу бизди кармап турат. Албетте, ал мамлекеттер өзү да Россияга көнүп, ага кылчактап саясат кылып көнүп калышкан. ЖККУга биз Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин тушунда кирип калдык. Бирок бул уюмдан пайда көргөн негизги кожоюн бул – Россия. Бул аскерий блок Россиянын орбитасы. Кремль калган беш мамлекетти колдон чыгарбоого жанталашып атат. Бирок бул Кыргызстан эле эмес, уюмга мүчө башка мамлекеттерге да өтө оор болуп бара жатат. Пайдасы жок уюм болуп калды. ЖККУнун автору Россия өзү азыр эмне кылып атат? Коопсуздук коргомой турмак, башка өлкөгө кол салып, жырткычтык кылып жатпайбы. Ошол эле мүчө мамлекеттер Азербайжан-Армения эмне болуп жатат? Илгерки жер талаш маселеси курчуп, согушка чейин барып жатышат. Кыргызстан менен Тажикстан дагы согушка өтүп жатат, былтыр-быйыл канчалаган адамдарыбыз өлтүрүлдү? Еревандагы ЖККУнун саммитинде бул уюм актуалдуулугун жоготконун көрсөттү. Украинада болуп жаткан согуштан кийин Россиянын иши түшкөн маселеси болуп атат. Кремль ЖККУ мүчөлөрүнө ушул рычагды колдонуп согуштук аракеттерге тарткысы бар. Андыктан бул уюмдан чыгыш керек”.
Жамааттык коопсуздук келишимине 1992-жылы 15-майда Ташкентте КМШнын алты мамлекети - Армения, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары кол койгон.
1993-жылы келишимге Азербайжан, Грузия жана Беларус кошулган. 1999-жылы апрелде Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимди узартуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан эмес, алар де-факто анын курамынан чыгып кетишкен. Бирок соңку кезде Өзбекстандын бул уюмга кайтып келиши тууралуу сөздөр болууда дейт журналист, аналитик Кубан Абдымен:
“Башында ЖККУ түптөлгөндө коопсуздук келишимине тогуз өлкө кол койгон. Азыр алтоо эле калып, үчөө азыр ага мүчө эмес. Анда чыгып кеткен Өзбекстан азыр ЕАЭБге кирем деп аракет кылып атат, кайра ЖККУга да кирип калышы ыктымал. Бирок качан жана кандай шарт менен кирет, аны айтыш кыйын. Себеби, ЖККУнун келечеги кандай болот деген суроонун мааниси терең. Бул анын келечегинде бүдөмүк бар экенин далилдейт. Себеби, эки тараптуу эле эмес, көп тараптуу дагы конфликттер дагы чыгып кетиши мүмкүн. Мисалы, Армения-Азербайжан болуп, ЖККУга кирген жана кирбеген өлкөлөр болуп жанжал чыгып кетсе дагы эмнеге айланып кетиши мүмкүн? Себеби, Азербайжандын жалгыз калгандагы ал башка мамлекеттерден колдоо албайт дегенди билдирбейт. Азербайжандын Түркия менен аскердик, саясий да алакасы жакшы. ЖККУнун мүчөлөрү кеңейиши азыркы болуп аткан бир нече конфликттер чечилмейин ишке ашпайт го деп ойлойм”.
ЖККУнун карамагында саны 18 миң чамалуу ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөр, үч жарым миңдей тынчтык күчтөрү бар. Ошондой эле жамааттык авиациялык күчтөр жана регионалдык топтор бар. Мындан тышкары Борбордук Азия, Чыгыш Европа, Кавказ ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөрү бар.
ЖККУ ушул жылдын башында Казакстанда массалык тополоңду басууга да кол кабыш кылып, айрым талдоочулар уюм бара-бара ага мүчө өлкөлөрдөгү саясий режимдин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн колдонулчу курал болуп калуу ыктымалдыгын да белгилеп келишет.