АКШ менен Израиль Иранга сокку урду

Трамп
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Израиль Иранга алдын алуучу сокку урганын өлкөнүн коргоо министри Исраэль Кац билдирди. Анын айтымында, бул соккулар Израилге карата коркунучтун алдын алуу максатында жасалды. Андан соң АКШнын операцияга катышканын президент Дональд Трамп да тастыктады.

«Израиль мамлекети мамлекетке болгон коркунучтарды жок кылуу үчүн Иранга алдын ала сокку урду», — деди Исраэль Кац.

Израилдин коргоо министрлигиндеги булак Reuters агенттигине билдиргендей, сокку АКШ менен макулдашылган. Операция бир нече ай мурун пландалган, ал эми анын так башталышынын датасы бир нече жума мурун белгиленген.

New York Times басылмасы булакка таянып, АКШ операцияга түздөн-түз катышып жатканын кабарлады. Америкалык чиновниктердин айтымында, ондой соккулар Жакынкы Чыгыштагы аскердик базалардан жана учак ташуучу кемелерден учкан америкалык учактар тарабынан жасалууда.

Reuters агенттигине аталган маалыматты башка бир америкалык аты аталбаган чиновник да тастыктаган. Ал: «АКШ Иранга абадан жана деңизден сокку урду», — деген.

Андан кийин АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth социалдык тармагында 8 мүнөттүк кайрылуу жарыялап, АКШнын Иранга соккуларына түздөн-түз катышканын тастыктады.

Дональд Трамп өзүнүн Truth социалдык тармагында 8 мүнөттүк кайрылуу жарыялап, АКШнын Иранга соккуларына түздөн-түз катышканын тастыктады.

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп өзүнүн Truth социалдык тармагында 8 мүнөттүк кайрылуу жарыялап, АКШнын Иранга соккуларына түздөн-түз катышканын тастыктады.

«Америкалык аскерлер Иранда ири аскерий операция баштады. Биздин максат — Американын элин коргоо жана Иран режиминен келип жаткан түздөн-түз коркунучтарды жоюу», — деди Трамп.

Ал коркунуч - Ирандын өзөктүк программасынын уланышы жана Ирандын АКШга түздөн-түз коркунуч туудурган алыскы аралыкка атуучу ракеталарды иштеп чыгуусу экенин тактады. «Биз алардын ракеталарын жок кылабыз жана ракеталык өнөр жайын жер менен теңдейбиз», — деп билдирди Трамп.

iran
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегеран шаарынын борбордук бөлүгүндө жардыруулардын үндөрү угулуп, асманга түтүн көтөрүлгөнү кабарланды

Андан тышкары, ал Исламдык революциянын коргоочулар корпусун (КСИР) куралдан баш тартууга чакырып, аларга толук коопсуздук кепилдигин сунуштаган.

Жооп иретиндеги чабуул күтүлүп жаткандыктан, Израилдин аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Өлкө тургундарына чабуулдардан коргонуучу жайларга жакын болуу тапшырылды.

Ал эми Тегеран шаарынын борбордук бөлүгүндө жардыруулардын үндөрү угулуп, асманга түтүн көтөрүлгөнү кабарланды. Бул маалыматты ирандык IRNA агенттиги ырастады.

Ирандын руханий лидер Али Хаменеи Иранда жок жана коопсуздук жагынан корголгон жерде экенин анын өкүлү Reuters агенттигине билдирген.

Буга чейин Дональд Трамп Иран маселеси боюнча «татаал чечим» кабыл алуу зарылдыгы жаралышы мүмкүн экенин эскерткен. Акыркы жумаларда Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракеттеринин алкагында АКШнын Иранга мүмкүн болгон соккуларына байланыштуу чыңалуу күчөп баратат.