Салык декларациясы: Кимдер жана кантип тапшырат?

Published

Венера Осмокеева, Би-Би-Си, Бишкек

Салык декларация

Сүрөттүн булагы, Social media

Жеке ишкерлер жана жеке жактар 1-майга чейин салык декларациясын тапшырышы керек. “Толтуруунун машакаты көп, сайтын толтуруу татаал экен” дегендердин катары калың. Би-Си-Си декларация тапшыруунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп көрсөтүп берели.

Салык кызматкери менен чогуу бул ишти мисал иретинде башынан аягына чейин атайын толтуруп көрдүк.

Байкаганым, жаңыдан толтуруп жаткан киши үчүн түшүнүксүз жагдайлары да бар экен.

Кимдер милдеттүү?

Декларация

Сүрөттүн булагы, Social media

  • жеке ишкерлер;
  • патент менен иштегендер;
  • менчик транспорт каражаты, салык салынуучу мүлкү барлар (аянты 80 чарчы метрден көп болгон батир, аянты 150 чарчы метрден көп жер үй. Андан тышкары жер тилкеси) бар жеке жактар;
  • юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
  • мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында тургандар;
  • илимий-изилдөө,
  • чыгармачылык,
  • окутуучулук,
  • дарылоо, ден соолукту чыңдоо,
  • калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.

Кантип тапшырасыз?

Жеке ишкерлер электрондук формада гана тапшырууга милдеттүү. Жеке жактарга болсо тандоо берилет. Кааласа электрондук түрдө. Кааласа кагаз түрүндө тапшырса болот. Бирок алгач бардык салык төлөөчүлөр өзү жашаган жер боюнча салык кызматына барып “Жеке кабинет” бөлүмүнө катталып, логин алышы керек.

Андан соң логин жана сыр сөздү жазып “Жеке кабинет” бөлүмүнө киресиз;

Башкы бетте Е-декларация бөлүмүн басыңыз;

Декларация

Сүрөттүн булагы, www.sti.gov.kg

Ишкердик кылбаган жеке жактын бирдиктүү салык декларациясы (100-форма) бөлүмүн басыңыз;

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эгер биринчи жолу толтуруп жатсаңыз “Баштапкы” деген белгини коюп алыңыз;

Баракчанын бетиндеги төрт уячаны белгилеп коюңуз;

Бул баракчада база сиздин персоналдык номериңизди, каттоого турган районуңузду жана паспорт сериясын автоматтык түрдө чыгарып берет.

107 - Декларация тапшыруучунун паспортун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берген өлкө көрсөтүлөт.

108 - Декларация тапшыруучунун катталган жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт.

110- Декларация тапшыруучунун катталган жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.

111- Декларация тапшыруучунун катталган жери боюнча дареги (кичи район/көчө, үй, батир номери) көрсөтүлөт.

112- Декларация тапшыруучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт.

113- Декларация тапшыруучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.

114- Декларация тапшыруучунун иш жүзүндө жашаган жеринин дареги (кичи район/көчө, үй, батир номери) көрсөтүлөт.

115-уячада Декларация тапшыруучунун байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт.

116-уячада эгерде болсо, Декларация тапшыруучунун электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.

Декларация

Сүрөттүн булагы, www.sti.gov.kg

Декларацияны кайсыл жыл үчүн тапшырып жатканыңызды көрсөтүңүз

051- уячада салык мезгилинин ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтөрдүн 6,5 өлчөмүндөгү суммасы көрсөтүлөт;

Эскертүү: Ар бир ай үчүн эсептик көрсөткүчтөрдүн 6,5 өлчөмү (6,5 х 100 сом = 650 сом) 2022-жыл үчүн 7800 сомго (650 сом х 12 ай) барабар.

053-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча сумма көрсөтүлөт. Мунун иштеген жериңиздин эсеп-кысап бөлүмү менен такташып алсаңыз болот.

057- уячада Салык кодексинин 197-беренесине ылайык киреше салыгынын ставкасы көрсөтүлөт;

Эскертүү: Бул 0%, 5%, 10% деп көрсөтүлгөн.

10 пайыз стандарттык ставка

5 пайыз төмөндөтүлгөн ставка

0 пайыз Салык кодексинин 187-беренесине ылайык аныкталуучу минималдуу эсептик кирешеге жараша белгиленген сумма.

150 - Декларация тапшыруучунун жумуш берүүчү менен болгон эмгек мамилелеринен алынган кирешелери көрсөтүлөт;

Кошумча кирешеңиз болсо, калган бөлүмдөрдүн карап толтуруп кете бересиз;

183 – Кыргызстандын банктарындагы депозиттер боюнча алынган пайыздар; (эгер депозитиңиз болсо)

217 - Ипотекалык кредит боюнча иш жүзүндө төлөнгөн пайыздардын суммасы; (ипотекага алынган мүлкүңүз болсо)

Декларация

Сүрөттүн булагы, www.sti.gov.kg

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгы

Декларация

Сүрөттүн булагы, www.sti.gov.kg

Бул бөлүмдөн салыктын суммасын жазасыз;

Сатып алган жылды;

Декларацияны кайсыл жыл үчүн тапшырып жатканыңызды көрсөтүңүз;

Андан соң сактоо уячасын басып, маалыматтын кабыл алынганын текшерип коюңуз

Декларация тапшырбасаңыз эмне күтөт?

Эгер декларация тапшырбасаңыз юридикалык жактарга 5 миң сом, жеке жактарга 1 миң сом айып салынат. Айрым учурда сотко өтүп, ар кандай чектөөлөр коюлуп калышы дагы ыктымал.