Өзбекстан: Мирзиёев президент болуп үчүнчү ирет шайланды

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Өзбекстанда президенттик шайлоодо Мирзиёев жеңди

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президенттик шайлоодо Мирзиёев 87,5% добуш менен жеңип чыкты

Өзбекстанда жекшембиде болгон президенттик шайлоодо алдын ала жыйынтыктар боюнча Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 87,05% добушун алып, жеңип чыкты . Андан кийин эле марага 4,43% добуш менен аял талапкер Робахон Махмудова келди. Дагы бир талапкер Улугбек Иноятов – 4,02%, ал эми төртүнчү талапкер Абдышүкүр Хамзаев - 3,74% добуш алды.

Байкоочулар шайлоодо активдүүлүк 79% болгонун айтышууда.

“Шайлоонун жыйынтыгы күтүлгөндөй эле болду, бул жакшы. Добуш берүүгө 13,5 миллион эл, добуш берүүчүлөрдүн 80% жакыны катышты. Демек, ушунча адамда шайлоого ишенич бар. Айрым жарандарды шайлоого мажбурлап алып барды деген да сөздөр болуп жатат. Бирок бул жолу шайлоого баруу керектиги тууралуу маалыматтык өнөктүк жакшы өттү. Элдин көбү Мирзиёевге добуш бергени анык. Себеби, сыналгы жана башка маалыматтык каналдардан Мирзиёев тууралуу үгүт жакшы кетти”, - деди өзбекстандык жаран Баходырхон Элибоев.

Бул шайлоо быйыл апрелде рефрендумда кабыл алынган жаңы Баш мыйзамдын негизинде мөөнөтүнөн мурда өттү. Ага ылайык, кошуна өлкөдө президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылды. Ошондой эле, соңку Конституция менен Шавкат Мирзиёев бул президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин дагы бир жолу президенттикке талапкерлигин кое алат.

Өзбекстандагы президенттик шайлоого Кыргызстандын БШКсынан барган делегация жеринен байкоо салды.

Өзбекстандагы шайлоого жеринен байкоо салган Кыргызстандын БШКсынын  өкүлү Кайрат Маматов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстандагы шайлоого жеринен байкоо салган Кыргызстандын БШКсынын өкүлү Кайрат Маматов

“Эми ачыгын айтканда мындай болуп атат, 2021-жылы Өзбекстанда президенттик шайлоо өткөндө партиялар тарабынан жылдырылган талапкерлер бул шайлоодо Мирзиёевге добуш берүүгө үндөштү. Ал шайлоодо талапкерлер да көп эле, бул жолу төрт эле талапкер шайлоодо ат салышты. Шайлоо алдындагы үгүттү байкап Ташкенттин өзүндө болдук, сыртына деле чыгып келдик. Билборддордо бардык талапкерлер эле илинип турду. Бирок шайлоого үгүт өнөктүгү бүтүп жаткан 7-июль күнү жергиликтүү сыналгыдан көбүрөөк Мирзиёев кетип атты”,-деди Боршайком өкүлү Кайрат Маматов.

Кыргызстандык байкоочу кошуна өлкөдө добуштар дагы деле кол санак менен жүрөрүн, андыктан шайлоонун алдын ала жыйынтыгы бүгүн түш ооп гана белгилүү болгонун кошумчалады.

Эксперттердин баамында, Мирзиёев жаңы Конституцияга ылайык мындай шашылыш жол менен президенттик шайлоо өткөрүп, ага карата элдин ишеними чоң болуп жаткан маалда бийлигин бекемдеп алууну каалап жатат.

Мирзиёев Өзбекстанга ондогон жылдар бою темирдей башкаруу орноткон Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин 2016-жылы бийликке келген. Анын президенттик мөөнөтү 2026-жылы бүтмөк.

Өзбекстандын эгемен тарыхын Мирзиёевге чейин жана андан кийин деп караса болот деди Өзбекстанда мурда кыргыз элчиси болуп иштеген Данияр Сыдыков:

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурунку элчиси Данияры Сыдыков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурунку элчиси Данияр Сыдыков
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Эгемен Өзбекстанды мен экиге болүп карайт элем, биринчиси бул – Ислам Каримовдун заманы, экинчиси – бул Мирзиёев бийликке келгенден кийинки убакыт. Экөөнүн башкаруусундагы айырмачылыктар абдан көп жана чоң. Мирзиёев бийликке келгени эчтекеден коркпостон экономикалык, социалдык жана маданий күчтүү-күчтүү реформаларды өткөрдү. Буга көбүбүз күбө болдук, Мирзиёевдин баштапкы президенттик жылдарында мен Ташкентте элчи да болуп иштедим. Ошондон бери Өзбекстандын экономикасында чоң-чоң инвестициялык долбоорлор болду. Ошонун далили шайлоодо 87% ашыгыраак добуш алды. Бул элдин ага берген баасы, колдоосу дагы”.

Каримовдун тушунда өкмөт башчы кызматын аркалаган Мирзиёев өлкөдөгү репрессивдүү бюрократиялык бийликти модернизациялоого багытталган бир катар реформаларды өткөрүп, экс-президенттин тарапкерлерин бийлик бутактарынан алды. Өкмөткө жаңы муундун өкүлдөрүнөн турган кадрлар келди.

Конституциянын жаңы редакциясында "Өзбекстан социалдык, укуктук жана светтик өлкө" деп жазылган. Мурунку Конституцияда мындай түшүнүктөр болгон эмес. Мындан тышкары, Сенаттагы депутаттардын саны 100дөн 65ке чейин кыскартылат. Талдоочулар өлкө президенттик, борборлоштурган башкарууга ыктап бара жатканын айтышууда.

"Өзбекстандагы президенттик шайлоолор бул формалдуу эле иш-чара. Алар демократиялык принциптерди бузуу менен өтүп жатканын, өлкөдө чыныгы оппозициялык партиялар жок экендиги жана шайлоодо ким жеңери алдын ала белгилүү экенинен эле билсе болот. Өзбекстандын эгемен тарыхында демократиялык шайлоолор дегеле боло элек",- дейт "Борбор Азиядагы адам укугу" ассоциациясынын башчысы Надежда Атаева.

"Борбор Азиядагы адам укугу" ассоциациясынын башчысы Надежда Атаева

Сүрөттүн булагы, Фергана.ру

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Борбор Азиядагы адам укугу" ассоциациясынын башчысы Надежда Атаева

Өзбекстандагы президенттик шайлоого талапкерлер партия атынан гана көрсөтүлөт. Төмөндө Мирзиёевге атаандаш болгон талапкерлерге сереп сала кетели.

Президенттикке талапкерлердин арасында 65 жаштагы айым, Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Робахон Махмудова да бар. Ал социал-демократиялык "Адолат" партиясынан көрсөтүлдү. 2008-жылга чейин ал Жогорку Соттун судьясы, ал эми 2017-2020-жылдары өзбек президентинин Фергана облусу боюнча элди кабыл алуусунун жетекчиси болуп иштеген. 2020-жылы Жогорку Соттун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Өзбек мыйзамдары боюнча соттор саясий иштер менен алек боло албайт, андыктан Махмудова президенттикке аттанганы ал кызматынан баш тартты. Шайлоо программасында бул аял талапкер ишкерликти колдоого басым жасады.

Мурдагы билим берүү министри 61 жаштагы Улугбек Иноятов элдик-демократиялык партия атынан ат салышты. Ал 2013-2018-жылдары министр, 2020-жылдан тарта өзбек парламентиндеги мыйзам чыгаруу палатасынын спикеринин орун басары кызматын аркалап келген.

Иноятов эгер президент болуп калса, социалдык акыйкаттык башкы багыты болорун айтып, ашкере байлыкка карата салык салууну убада кылган эле.

Дагы бир талапкер 50 жаштагы агроном Абдушукур Хамзаев. Анын ысымы буга чейин коомчулукка анча белгилүү эмес болчу. Хамзаев көптөгөн жылдар бою экология, айыл жана токой чарбасында иш алып барганы айтылат. 2021-жылы ал Экология жана жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалган.

Башкы талапкер буга чейин эки жолу президенттик шайлоодо жеңип чыккан Шавкат Мирзиёев үгүт маалында ИДПнын көлөмүн эки эсе көбөйтүп, өзбек автопромдогу монополияны жоюу, элеттеги элди таза суу жана интернет менен камсыз кылууну убада кылды.

Каракалпакстан, адам укугу жана сөз эркиндиги

Мирзиёев өзүнүн үгүт өнөктүгүн бул жолу Нукустан баштады. Бул анын Каракалпакстандагы массалык каршылык акцияларынан кийинки жергиликтүү эл менен биринчи жолугушуусу болду. Буга чейин Каракалпакстан автономдук макамынан ажырашы мүмкүн деп жергиликтүү эл митингге чыгып, кеминде 18 киши каза таап, ондогон адамдар камакка алынган эле.

Катаал саясат жүргүзгөн Ислам Каримовдон айырмаланып Шавкат Мирзиёев либералдуулукка ыктарын эл аралык коомчулукка далилдегиси келет. Чындап эле мурдагы жылдарга салыштырмалуу Мирзиёев бийликке келгени Өзбекстан мурдагыдай жабык болбой, ачык өлкөгө айланып, экономикалык дымагы боюнча Борбор Азияда лидер болгусу келгени көрүнүп жатат.

Бирок ошол эле убакта Өзбекстандагы адам укугу, сөз эркиндиги жаатында Мирзиёевге карата да сын-пикирлер жетиштүү.

"Биздин мониторинг боюнча соңку эки жылда эле 60 блогер жана 25 журналист куугунтукка алынды. Атайын кызматтын басымы алдында 20 телеграм-канал жабылды. Бул жарандардын баары УКМКнын бутасына сын-пикир айтып, башкача ой жүгүртүүсү үчүн үчүн гана алынды. Кадыресе сын президенттин бийлигине карата коркунуч катары кабылданган өлкө адам укугу жаатында эл аралык милдеттенмелерин аткара албайт",- дейт "Борбор Азиядагы адам укугу" ассоциациясынын башчысы Надежда Атаева.

Шавкат Мирзиёев жана Кыргызстан

Шавкат Мирзиёев мурдагы өзбек лидери Ислам Каримовдун Өзбекстандын эч бир саясий бирикмелерге кирбөө жана аскердик конфликттерге катышпоо тууралуу концепциясын улантып жатат. Бирок Өзбекстан мурункудай жабык болбой, туристтерге эле эмес, дүйнө коомчулугуна да ачык боло баштады. Расмий Ташкент Борбор Азияда аймактык лидер болууга умтулуп, тышкы саясатын ириде коңшу өлкөлөр менен алаканы бекемдөөдөн баштаган.

Кыргыз-өзбек мамилелери Шавкат Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгенден тарта “жылып” баштаганы айтылат. Атап айтканда, бир жылдын ичинде чек аранын 85% такталган, ал эми эки өлкөнүн жарандарына өткөрмө пункттардан өтүүдө тоскоолдуктар жоюлду. Мындан сырткары, көп жылдан бери сөз болуп келаткан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору ишке аша баштады.

2018-жылы Мирзиёевдин демилгеси менен Өзбекстандагы этникалык кыргыздар жашаган "Манас" айылы жаңыланып, бул да болсо Кыргызстанда өтө жылуу кабыл алынды.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан-Өзбек соодасы 2019-жылы $818 млн, 2020-жылы $903 млн түзгөн. Өзбекстанга эң эле көп көмүр менен күйүүчү май (орточо $40 млн), таш, курулуш материалдар, цемент ($30 млн) жана кара металлдар ($20 млн) экспорттолот. Ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга трикотаж кездемелери менен кийим-кечелер (былтыр дээрлик $60 млн), мөмө-жемиштер ($28 млн), пластмасса буюмдары ($27 млн доллар), жер семирткичтер ($23 млн) жана килемдер ($10 млн) импорттолот.

Мындан сырткары, Өзбекстан өлкөнүн түштүгүн газ менен камсыз кылат. Бирок адатта суук түшкөндө газдын көлөмү азая баштайт.

Өзбек-кыргыз алакасындагы соңку учурдагы эң эле урунттуу окуя катары 2022-жылы эки өлкө ортосундагы чек ара талаштарына чекит коюлганын атаса болот. Бирок Кыргызстандын өзүндө Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегинде башталган талаш эмдигиче сууй элек, бул келишимге каршы чыккан жергиликтүү саясатчылар, активисттер кармалып, соту жүрүүдө.