You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Талашка түшкөн Атамбаевдин хан-сарайы
Кой-Таштагы дээрлик үч гектар жерди ээлеген мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйү мамлекеттик менчикке өтүп жатат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Мирлан Бакиров 1-июнда Атамбаевдердин үй-бүлөсүнө берилген үч күндүк мөөнөт аягына чыгып жатканын билдирди:
“Үч күндүн ичинде булар мүлкүн чыгарып кетиши керек. Эгер үч күн ичинде алаш жетишпесе, бардыгын опись кылып мажбурлап чыгарууга туура келет”.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Бишкектин Биринчи май райондук сотунун быйылкы 26-марттагы чечимине ылайык иш алып барып жатканын айтууда.
Бирок Атамбаевдин жакын тарапкери Темирлан Султанбеков соттун чечиминде Кой-Таштагы үй тууралуу айтылган эмес, дейт:
“ Атамбаевдин үй-бүлөсү жашап жаткан жалгыз үйүнөн чыгарылсын деген сот чечими жок”.
Султанбеков Атамбаевдердин турак жайын социалдык жайга айлантуу демилгесинен кийин бийлик мүлктү алууга аракет кылып жатат деген пикирде:
“Кой-Таштагы үйдүн ылдый жагындагы “Боз үй” комплексинде Акаевдин, Бакиевдердин үй-бүлөлүк, кландык режимине каршы музей ачалы дегенбиз. Мындан тышкары, ал жерде балдарга акысыз ден соолукту чыңдоо жана билим берүү борборун ачалы деген күнү келип басабыз деп атышат. Төрт жылдан бери ал жер жөн эле турган да”.
Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду экс-президенттин үй-бүлөсү сөз болуп жаткан турак жайды социалдык жайга айлантууга түр жасап, конфискацияланган мүлктү сактап калууга аракет жасап жатат деп эсептейт.
Мурунку презилдент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Суракка өз эрки менен келбей, мажбурлап алып келүү операциясы массалык баш-аламандык менен коштолуп, курмандыктар да болгон.
2020-жылы Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сот өкүмү чыккан.
Ага ылайык, ал он бир жылга эркинен ажыратылып жана мүлкүн конфискациялоо каралат. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган. (EK)