Израил менен ХАМАС ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишти

Хан-Юнистеги палестиналыктар кубанып жаткан учур

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хан-Юнистеги палестиналыктар кубанып жаткан учур
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Израил менен ХАМАС Газа тилкесинде 2023-жылдын октябрынан бери уланып жаткан согушту токтотууну макулдашты.

Палестиналык топ барымтадагы айрым израилдиктерди бошотууга макул болгонун Би-Би-Сиге сүйлөшүүлөрдөн жакшы кабардар булак билдирди.

Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим Аль Тани да Израил өкмөтү менен Хамас ок атышууну токтотуу жана барымта келишими боюнча макулдашканын расмий ырастады.

Сүйлөшүүлөрө ортомчулук кылып жаткан Катардын өкмөт башчысы ХАМАС жана Израил делегациялары менен өз-өзүнчө жолугушкан.

Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим Аль Тани

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим Аль Тани

Израилдин өкмөтү келишимдин шарттарына макулдук бере элек. Reuters жеке булактарына таянып, добуш берүү бейшемби күнү күтүлүп жатканын жана көпчүлүк министрлер келишимди колдой турганын жазды.

Израилдин Тышкы иштер министри Гидеон Саар чет өлкөгө сапарын токтотуп, мекенине кайтканы белгилүү болду.

ХАМАС тобу келишимдин шарттарын жактырганын Би-Би-Синин булагы буга чейин кабарлаган.

Үч этаптан турган, расмий жарыялана элек келишимдин майда-чүйдөсү азырынча билине элек. Бирок маалымат булактар келишимдин алгачкы алты аптасында ХАМАС тобунун барымтасындагы 33 израилдик адам палестиналык туткундарга алмаштырылат.

Хан-Юнистеги палестиналыктар да бул кабарды сүйүнүү менен кабыл алышт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хан-Юнистеги палестиналыктар да бул кабарды сүйүнүү менен кабыл алышт

Экинчи этапта Израил аскерлерин толук чыгарып кетиши керек. ХАМАС калган барымтадагыларды бошотот.

Акыркы этап Газаны реконструкциялоону камтыйт. Бул бир нече жылга созулушу мүмкүн. Барымтада жатып каза болгондордун сөөгүн кайтарып берүү да үчүнчү этапта ишке ашары күтүлүүдө.

ХАМАС барымтага алган израилдиктердин бир тобу буга чейин бошотулган. Учурда 94 киши дагы эле туткунда. Израилдин божомолунда, алардын ичинен 60 адам гана тирүү болушу мүмкүн.

Ок ашууну токтотуу боюнча келишимге кубанып аткан барымтадагылардын жакындары. Тель-Авив

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ок ашууну токтотуу боюнча келишимге кубанып аткан барымтадагылардын жакындары. Тель-Авив

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп да коомдук медиадагы баракчасы аркылуу барымтадагыларды бошотуу боюнча келишим түзүлгөнүн ырастап билдирүү жазды.

ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча,15 айдан бери уланып жаткан согушта Израилдин чабуулунан Газада 46 миңден ашык киши набыт болду.

Израилдин бомбалоосуна кабылган Рафах шаарындагы тургундун үйү

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин бомбалоосуна кабылган Рафах шаарындагы тургундун үйү

Бул согуш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилге кол салып, 251 кишини барымтага алган күндөн бери токтобой келет. Ал күнү куралчан топтун чабуулунан 1200дөй киши каза тапкан. (SA)