Түрк элчисинин дооматы түрдүү ойго салууда

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги өткөргөн семинарга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз иликтөөсүн баштады.   

Ахмет Садык Доган 31-майда аталган университте Түркияда тыюу салынган Фетхуллах Гүлендин кыймылы тууралуу студенттерге семинар өткөн. Анда элчи Кыргызстандагы Гүлендин тарапташтарына катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Жергиликтүү активисттер элчи Түркия бийлигинин саясатын Кыргызстанга таңуулап, ал эми университет билим берүү ишинен четтеп жатканын айтып, ТИМге кайрылышты.

Тышкы иштер министрлиги “Манас” универститетин саясий куралы катары колдонууга каршы экенин билдирүүдө.  

“Окуу жайдын жетекчилиги эки өлкөнүн элдеринин ынтымагынын духуна таянып, мындай иш-чараларга өзүнүн аянтчасын берип, араздашууга салым кошпошу керек. Бул университет эки тараптуу билим берүү жаатындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болгондуктан, кандайдыр бир күчтөрдүн саясий куралына айланбашы керек", -деди ТИМ өкүлү Авазхан Атаханов.

Түрк элчиси Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин дипломдору Түркияда жараксыз деп, лицейдин администрациясына укуктук чара көрүлөрүн айткан. Мындан тышкары Ахмет Садык Доган Кыргызстандагы бул окуу жайга тиешеси бар жарандарга Түркияга кирүүгө тыюу салынат деген.

Элчи "Фетхуллах Гүлендин кыймылы" менен байланыштагы Кыргызстандагы мекеме, уюмдарды да тизмектеген.

Анын ичинде Кыргызстандагы жаш ишкерлер ассоциацисын дагы атаган.

“Тышкы иштер министринин элчинин айткандарына реакциясы – биз иликтөө жүргүзүп жатабыз дегени – такыр эле акылга сыйбаган нерсе болуп жатат. Макул, элчинин биз сыйлайбыз, ал бир уулу элдин өкүлү. Бирок анын оозунан чыгып жаткан ыпылас сөздөр ал элдин атынан эмес. Бул ошол жактагы кичине бир бийликтин саясаты. Ошону биз ылгай билишибиз керек болуп жатат ”.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жакында Кыргызстанга расмий сапар менен келери айтылууда. Анын алдында элчилик "Сапат" мектебине байланыштуу маселеге улам-улам кайрылып жатканы байкалат.

Ал арада былтыр Кыргызстандан уурдалып кеткен “Сапаттын” мурунку президенти Орхан Инандынын Түркияда сот иши бүтө элек.

  Рейхан Инанды, Орхан Инандынын жубайы:

“Мен кыргыз бийлигинен Орхан Инандыны кайра алып келишин күтөм. Бийлик деген ушуну кылышы керек да. Өзүнүн жаранын кантип ушинтип жиберип коет? Бул жактагы жетекчилерден көп үмүт кылдым”.

Ошентип, Түркиядагы Эрдогандын бийлиги эченчи ирет Кыргызстандагы Гүлендин тарапкерлерине басым жасоого үндөп жатат. Буга чейин кыргыз президенттери “Сапатка” байланыштуу мындай кайрылууларга, бул өлкөнүн ички иши деп жооп кайтарып келген.  

Ал эми азыркы кыргыз бийлигинин бул маселеде Түркияга жообу бүдөмүк болуп турат.