Манаска айланган Жалал-Абад жаңы борбор боло алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын парламенти Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүүнү колдоду. Бул шаарга кыргыздар үчүн сакралдуу мааниси бар аталыштын берилиши коомчулукта жана коомдук сайттарда "Жалал-Абад Кыргызстандын жаңы борборуна айланбайбы" деген талкууларга жол ачты. Кантсе да, бийлик тараптан борбор шаарды көчүрүү тууралуу эч бир расмий билдирүү болгон жок.
Чагылгандай тездик
Жалал-Абадды Манас шаары кылып өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш шаршембиде дароо үч окууда кабыл алды.
Жергиликтүү "Кактус" медиасы адатта айлап, керек болсо жылдап убакыт алчу шаардын ысымын алмаштыруу жараяны чагылгандай тездик менен жүргөнүнө көңүл буруп, хронологиясын келтирди.
- 3-сентябрда Жалал-Абаддын мэри Эрнис Ормоков элден түшкөн суранычтарга таянып, шаардык кеңешке калаанын ысымын өзгөртүү сунушун жолдоду.
- Эки күн өтпөй, 5-сентябрда бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуунун бирдиктүү порталына илинди.
- 9-сентябрда парламенттин профилдик комитети документти кезексиз карап, жактырды.
- Ал эми 10-сентябрда документ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында колдоо тапты.
Мындан улам коомдук сайттарда бул демилгенин артында бийликтин "бийик сересиндеги конкреттүү адамдардын буйругу турабы" деп суроо салгандар бар. Мындай пикирин адвокат Нурбек Токтакунов да өз баракчасына бөлүштү.
"Эч кандай коомдук талкуулар болгон жок, баарын бир ууч адам эле чечип койду, кичи жана жогорку кеңештер баш ийүү менен буйрукту аткарышты",- деп жазды юрист.
Бирок Жалал-Абаддын мэри Эрнисбек Ормоков бул маселе жергиликтүү деңгээлде бышып жетилип, жетиштүү талкууланганын "Азаттыкка" жүйөө келтирген. Мэр мында Жалал-Абадды борбор калаа кылуу аракети жокпу деген суроого:
"Бул саясий суроо, ага мен жооп бере албайм. Жалал-Абад деген уламыштардын эле негизинде берилген аталыш, эч кандай факт жок. Биз ошондуктан Манас шаарын кылалы деген эле ойдо болчубуз. Борбор катары Бишкек шаары турат. Борбор калаа Жалал-Абадга көчүрүлөт деген кептерди мен уга элекмин", - деп жооп берген.
"Конституцияны өзгөртүш керек болот"
Кыргызстанда буга чейин мамлекеттик туу, Бишкектин борбордук аянтындагы Манастын айкели алмаштырылган эле. Учурда өлкөдө мамлекеттик гимндин текстин жаңылоого да сынак жүрүп жаткан чагы. Буларды эске албаганда, былтыр президенттик аппарат жайгашкан мамлекеттик резиденция Ак үйдөн Ынтымак-Ордого көчкөн.
Мындай жаңылануулардын кезеги Жалал-Абад шаарынын аталышына жетип, бул шаар болочокто Кыргызстандын борборуна айланабы деген талкууларга жем таштады.
Кыргызстанда баш калаанын макамы Конституцияда бекитилген. Андыктан аны оңой-олтоң алмаштыруу мүмкүн эмес дейт, депутат Дастан Бекешов:
"Бул маселе азырынча күн тартибинде жок. Бирок борборду көчүрүү үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Аны референдум же парламент аркылуу гана ишке ашыруу мүмкүн. Ал эми Жогорку Кеңешке андай мыйзам долбоору түшө элек".
Бишкектин борбор катары макамы баш мыйзамдын 14-беренесинде каралган, анда республикалык маанидеги шаар катары Бишкек менен Ош гана белгиленет.
Эмне үчүн Жалал-Абад?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жалал-Абад Кыргызстандын түштүгүндөгү стратегиялык мааниге ээ эң ири шаарлардын бири. 1991-жылдан бери облустун борбору макамына ээ.
Учурда калаанын калкы 200 миңге чукул экени ачык булактарда айтылат. Аянты боюнча Кыргызстандагы эң ири үч шаарга кирет, борбордон 560 чакырым түштүк тарапта жайгашкан.
Жогорку Кеңештеги "Мекенчил" партиясынын өкүлү Бакыт Мариповдун баамында, Жалал-Абад борбор калаа болууга географиялык жактан эң эле ылайык. Депутат баш калааны Бишкектен көчүрүүнү парламент трибунасынан сүрөп келген:
"Мен борборду бул жакка же тигил жакка көчүрсө болот деп кайсы бир шаарды баса белгилеген эмесмин. Бирок географиялык жактан алганда деле Ысык-Көл менен Баткен облусунун аралыгынын так ортосу Жалал-Абад. Баткенден борборго келиш абдан эле алыс, 20 саатка чыгып кетет. Жалал-Абадга борборду көчүрүү географиялык эле эмес, экономикалык жактан да туура болот", - деп айтты Марипов.
Экономика демекчи, соңку жылдары Жалал-Абад шаары, облусу деле кыйла жанданганын байкоого болот.
"Жалал-Абад менин шаарым, Жалал-Абад сенин шаарың"
2023-жылы шаардын өнүгүүсү үчүн бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн. Калаада азыр социалдык курулуштар кызуу жүрүп, мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып жатат. Ички жолдор, стадион өңдүү объекттер курулууда.
Жергиликтүү эл шаардын өнүгүүсүн өлкөдөгү эң таасирдүү эки адамдын бири – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ысымы жана көзөмөлү менен байланыштырат. Эске салсак, Жалал-Абад анын кичи мекени.

Сүрөттүн булагы, Official
Соңку жылдары Жалал-Абад облусунда стратегиялык жактан мааниси чоң ири долбоорлор ишке ашып жатат.
Анан калса, Жалал-Абад Кытайды Борбор Азия, андан ары Европа менен байланыштырчу темир жол маршрутунун боюндагы аймак болуп калды. Келечекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу аркылуу жылына 15 миллион тонна жүк ташылат деген божомолдор бар.
Быйыл Жалал-Абадда эл аралык аэропорттун курулуш иштери да башталды.

Сүрөттүн булагы, Official
Белгилей кетчү жагдай, Жалал-Абадды борбор шаар кылууга ылайык көрүү буга чейинки кыргыз тарыхында болгон. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономдук облусу түзүлүп, баш каалаага талапкер катары башында Жалал-Абад каралып, бирок инфраструктура жупуну болгон үчүн борбор катары Ош тандалган, кийин ал Пишпекке (азыркы Бишкекке) көчүрүлгөн.
Жалал-Абад же Манас шаары эми борбор калаа боло алабы? Бул суроого Жалал-Абаддагы жергиликтүү активисттердин пикири бир кылка эмес.
"Сырттан караган кишиге эмес, биздин өзүбүзгө да Жалал-Абаддын инфраструктурасы ушунчалык жаңырганы сезилип жатат. Шаар бой көтөрүп, бекемделип жатат. Анан акырындык менен борборду көчүрүү маселесине келе жатат окшойт деп биз деле ойлоп жатабыз. Жалал-Абаддын аймагы да мурдагыдан кеңейип калды, Сузак районунун бир топ аймактары шаарга кирип калды. Шаар кулачын жайып жатат" – деди жергиликтүү тургун Жалил Сапаров.
"Менимче, андай шартта мамлекеттик мекемелердин бул жакка көчүшү керек го. Аларды кайда жайгаштыруу мүмкүн? Бишкекте Жогорку Кеңеш имараты жаңыланган. Парламент келе турган болсо, кайсы имаратка отурат? Чоң мамлекеттик саммиттер өтө турган болсо, жолдорубуз кантет? Бизде жол тыгын жок, бирок жогорку деңгээлде иш-чаралар өтсө кандай болот", -деп суроо салат дагы бир жергиликтүү тургун Жумагүл.
Коңшулар тажрыйбасы
Борбор Азия аймагында борборду которуу өөн эмес көрүнүш. Алалы, коңшу Казакстан жана Өзбекстан мындай тажрыйбаны баштан өткөргөн.
Казактар 1997-жылы борборду Алматыдан Астанага көчүрүшкөн. Анда буга негизги себеп катары сейсмикалык жана экологиялык коопсуздук аталган. Бирок чыныгы максат анда борборду Кытай менен Орусиянын чек араларынан алысыраак жайгаштыруу болгон дешет.
"Жалал-Абад стратегиялык жактан Кыргызстандын коопсуздугуна, өнүгүшүнө чоң салым кошо турчу аймак. Ал жакта бизге чектеш Өзбекстан бар. Казакстан дагы борборун Орусия менен чектеш болгондуктан Астанага көчүргөн. Түркиянын да борборду Стамбулдан Анкарага жылдыруу себеби ошол чек ара маселелеринен улам келип чыккан",- дейт депутат Кубанычбек Самаков.
Өзбекстан борборду которууда Казакстандан айырмаланып, экономикалык кызыкчылыктарга таянганы белгилүү. 1930-жылга чейин мында баш калаа Самарканд эле. Бирок Сталиндин буйругу менен борбор Ташкентке которулган. Бул өлкөнүн башкы өнөр жай аймагы - Фергана өрөөнүнө жакындан көзөмөл салып, башкаруу муктаждыгынан чыкканы айтылат.
Ошентип, Кыргызстандын саясий жашоосунда кезектеги талаш-талкуунун темасы кызып турган учуру.
Айрым талдоочулар, анын ичинде саясат таануучу Медет Түлөгөнов бийлик мындай ыкма менен атайын эле талкууга жем таштап, элдин көңүлүн бурууну көздөшү мүмкүн экенин белгилейт. Алардын айтымында, талаш-талкууга баткан коом өлкөдө болуп жаткан айрым маанилүү чечим же өзгөрүүлөрдү көз жаздымда калтырышы толук мүмкүн. (EK)
































