"Эмнени сөз кылмак элек?" Путин Зеленский менен сүйлөшүү мүмкүндүгүн четке какты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиянын президенти Владимир Путин Брянск жана Курск облустарындагы эки көпүрө жардырылгандан кийин биринчи жолу коомчулукка бул окуялар тууралуу комментарий берди.
Ал АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул арада Украинанын президенти Володимир Зеленский менен жолугуу мүмкүнчүлүгүн четке какты.
Украинанын президенти Володимир Зеленский болсо жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүүнү сунуштап жатат.
Путин соңку мезгилдеги украин аскерлеринин чабуулдарына байланыштуу Украина менен жогорку деңгээлде сүйлөшүү өткөрүү азырынча мүмкүн эместигин белгиледи.
Ал өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында 31-май менен 1-июнда Украинага чектеш Брянск жана Курск облустарында жардырылган көпүрөлөр тууралуу комментарий берип, соккудан жети адамдын өмүрү кыйылып, дагы 100дөн ашууну жаракат алганын айтты.
Путин Брянск облусундагы чабуулду "бейкүнөө адамдарды атайын бутага алуу" катары мүнөздөп, бул аракет сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу максатында жасалганын билдирди. Орусиянын президенти украин аскерлеринин аракеттерин бир нече жолу "террордук чабуул" деп атап, Украина бийлигин "террордук уюм" катары сыпаттады.
Путиндин айтымында, Украина фронтто жоготууларга учурап жатат, ошондуктан Орусияны террордук чабуулдар менен коркутууга аракет кылууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Согуштук аракеттерди 30, ал тургай 60 күнгө чейин токтотууну суранып жатышат, жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүүнү сунуштап жатышат. Бирок мындай шартта кантип жолугушуу өткөрсө болот? Эмне жөнүндө сүйлөшөбүз? Террорго таянып жаткан тарап менен ким сүйлөшөт?" – деди Владимир Путин.
Орусия президентинин пикиринде, согушка тыныгуу жарыяланса, бул учурду Киев Батыштан курал-жарак алуу, күч менен мобилизацияны улантуу жана башка теракттарды даярдоо үчүн пайдаланат.
Путин Стамбулдагы сүйлөшүү жараяндарын үзгүлтүккө учуратуу үчүн Орусиядагы жарандык объектилерге максаттуу түрдө чабуул жасалган деген пикирде.
"Чабуул жай тургундарга атайлап багытталган", – деп кошумчалады ал.
Ошол эле учурда Владимир Путин Украинанын атайын кызматы жүргүзгөн "Желе" операциясы жөнүндө эч кандай комментарий берген жок.
Бул операциянын алкагында украин тарап Орусиянын стратегиялык авиациясы жайгашкан аэродромдорго сокку урганын жана 40тан ашуун учак талкаланганын билдирген.
Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин айтымында, дрондордун жардамы менен жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө зыянга учураган учактардын жарымы кайра калыбына келгис абалда.
Көз карандысыз байкоочулар болсо бул чабуулдун жыйынтыгында жалпысынан Орусиянын авиапаркынын 10% гана жок кылынган деген божомолдорун билдиришүүдө.
Алар бул Орусиянын стратегиялык күчтөрүнүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн олуттуу түрдө төмөндөтүшү мүмкүн эмес экенин белгилешет.

Трамп менен Путин эмне жөнүндө сүйлөшүштү?
Владимир Путиндин билдирүүлөрүнөн көп өтпөй АКШ президенти Дональд Трамп анын менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдап, баарлашуу 1 саат 15 мүнөткө созулганын билдирди.
"Биз Украинанын орус учактарына жасаган чабуулун, ошондой эле эки тараптан тең жасалган башка соккуларды талкууладык", – деп жазды ал өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө.
Ак үйдүн лидери сүйлөшүү жакшы өткөнүн, бирок дароо тынчтыкка алып келчү сүйлөшүү болбогонун кошумчалады.
"Президент Путин аэродромдорго болгон чабуулдарга жооп берүүгө мажбур болорун так айтты. Биз ошондой эле Иранды жана Тегеран өзүнүн өзөктүк курал боюнча чечимин жакын арада кабыл алышы керек экенин да талкууладык", – деди Трамп.
"Биз дүйшөмбүдөн баштап каалаган күнү жолугушууга даярбыз"
Украинанын президенти Володимир Зеленский 4-июнда журналисттер үчүн өткөн брифингде Владимир Путинди жеке жолугушууга дагы бир жолу чакырды.
"Жолугушуу орустар тандаган жерде болсун: Стамбул, Ватикан же Швейцария. Биз дүйшөмбүдөн тартып каалаган күнү жолугушууга даярбыз", — деди ал.
Зеленский мындай жолугушууга чейин ок атышууну токтотуу боюнча келишимге келүү керектигин белгиледи.
"Эмне үчүн лидерлердин жолугушуусуна чейин ок атышууну токтотуу керек? Анткени, эгер түшүнүшүү, деэскалацияга умтулуу жана согушту аягына чыгаруу боюнча түшүнүк болбосо, анда ок атышуу кайра эле башталат", – деп түшүндүрдү Зеленский.
Зеленскийдин айтымында, эгерде сүйлөшүү маалында тараптар диалогду улантууга даяр экенин көрсөтүшсө, АКШнын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу режими узартылышы мүмкүн.
"Суспільне" басылмасы Украинанын президенти Володимир Зеленскийге шилтеме берүү менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШ, Орусия, Украина жана Түркия президенттеринин катышуусунда төрт тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуштаганын жазды. Зеленский мындай жолугушууга даяр экенин билдирген.
Ошондой эле ал Орусия сунуш кылган тынчтык тууралуу меморандумду "ультиматум" деп атап, аны кабыл алууга мүмкүн эместигин айтты.
"Бул – ультиматум. Аны Украина тарап да, башкалар да олуттуу кабыл албайт, анткени ал документте ультиматум бар. Башкача айтканда, бул меморандум — түшүнүксүз нерсе", — деди Зеленский.
Зеленскийдин айтымында, Орусия сунуштаган документтин биринчи пунктунда Крымды, ошондой эле Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын оккупацияланган бөлүктөрүн Орусиянын аймагы катары таануу талабы жазылган. Бул Киев үчүн таптакыр кабыл алгыс шарт болуп саналат.
"Бул БУУнун Уставына, акыл-эстүүлүккө жана Украинанын Конституциясына каршы келет. Алар муну өздөрү да жакшы билишет. Мындай талап — Путинге бул согуш үчүн эң чоң сыйлык бер дегенге барабар", — деп түшүндүрдү ал.
Зеленский брифинг учурунда аскер туткундарын алмашуу тууралуу да сөз кылды. Анын айтымында, 2-июнда өткөн сүйлөшүүлөрдө 7–8-июнга пландалган алмашуу боюнча макулдашуу болгон. Орусия 500 адамды алмашууга даяр экенин билдирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Путин менен Рим папасынын сүйлөшүүсү
Бул аралыкта Владимир Путин Рим папасы Лев XIV менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны шайланышы менен куттуктады. Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, экөө Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашкан.
"Владимир Путин саясий-дипломатиялык жол менен тынчтыкка жетүүдө кызыктар экенин ырастады жана бул кризисти акырына чейин, калыс жана кеңири чечүү үчүн анын негизги себептерин жоюу зарыл экенин белгиледи", — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Ватикан бул сүйлөшүү тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Кремль тараткан маалыматка караганда, Путин жаңы понтификке Стамбулдагы сүйлөшүүдө жетишилген макулдашуулар жөнүндө — туткундарды жана каза болгондордун сөөктөрүн алмашуу тууралуу маалымат берген. Орусия балдарды туугандары менен кайра бириктирүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын кабарлаган.
Орус президенти кризисти жөнгө салууда көмөктөшүүгө даяр экенин билдиргени үчүн Рим папасына ыраазычылыгын билдирген. (АА)































