Оорудан, кордуктан, зомбулуктан жана жокчулуктан сактагысы келген кыргыз айымдары

Published

Элеонора Сагындык кызы, Руфат Эргешов Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчылары

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата ар кыл тармакта топ жарып келе жаткан кыргызстандык айымдардын ишинин эң урунтуу учурларын баяндайт.

Асель Сартпаева: Изилдөөм ишке ашса миллиондогон адамды оорудан, балким, өлүмдөн сактап калабыз...

Профессор Асель Сартбаева узак жылдардан бери чет өлкөлөрдө эмгектенип келет. Ал вакцина өндүрүүдө, сактоодо чоң бурулуш кылам деп умтулууда. Профессор учурда Англиянын Бас (Bath) университетинде иштеп, изилдөө тобун жетектейт.

Асель Сартпаеванын илимий изилдөөсү абдан татаал, ошол эле учурда абдан кызык иш катары сыпатталат. Ал жаңы ачылышы ишке ашса адамзаттын чоң бир көйгөйү чечилет дейт. Вакцина ойлоп табуу татаал иштердин бири. Даяр вакцинаны сактоо жана ар кайсы материкке жеткирүү бул тармактын негизги баш оорусунун бири. Вакцина жетпей калып жылына миллиондогон адам ооруга чалдыгат же көз жумат. Окумуштуу кремний элементин колдонуп, вакциналарды температурадан көз карандысыз сактоого жетишүүнү көздөйт.

Би-Би-Си: Кыргызстанда өзүн илимге арнайм деген кээ бир жаштар чыныгы абалды көрүп, "ушул элеби, ушинтип эле убакыт өтүп кетеби" деп окуусун дагы, илимин дагы таштап салган мисалдар бар. Сиз кандай кеңеш берет элеңиз?

А. Сартбаева: Тилекке каршы эң жеңили башка өлкөгө барып окугула, уланткыла дейт элем. Бирок, бул мен сунуш кылууну каалабаган кеңеш. Анткени мен татыктуу жаштардын өлкөдөн кетип калуусун каалабайм. Менин мисалымда мен өзүм бул жактагыдай жемиштүү иштей албайт элем...

Би-Би-Си: Кыргызстанда айрым учурда кандидаттык же докторлук диссертацияны акчага жаздырып же даярын сатып алган учурлар жөнүндө айтылат. Эгерде ушундай көрүнүш улана турган болсо илимдин келечеги кандай болот деп ойлойсуз?

А. Сартбаева: Бул абдан жаман тенденция. Мен андай окуунун эмне кереги бар экенин такыр түшүнбөйм. Ал өзү окубаса анда эмне кереги бар? Билимсиз өлкөдө манипуляциялоо абдан оңой. Илим өнүкпөгөн өлкөдө башка көрсөткүчтөрдүн баары өтө төмөн болот. Баары төмөн кетет, бузулат. Кыргызстанда билим берүү тармагын сөзсүз көтөрүү керек. Билимдүү өлкөлөрдү карайлычы, Скандинавия өлкөлөрү, Сингапур менен салыштыралычы. Ал жактарда билим сапаты абдан жогору. Аларда жашоо сапаты да ошончолук жогору. Билимден баштап саламаттыкты сактоого чейин баары башка деңгээлде.

А.Тыныбекова: Канчалык ызаланганымды, ичим ачышканын өзүңүздөр да көрдүңүздөр. Күмүш медалга жетип калганыма өзүм дагы ишене албай турдум. Эмнегедир мен эле эмес, бүткүл кыргызстандыктар дагы Айсулуу алтын алат деп ишенген эле. Мен өзүмө дагы мен “алтынга баратам” деп максат коюп алып баргам. Анан күмүш болуп калып, күмүш медалды алып жатканда дагы алгым келбей, башкача, оор кабыл алдым десем болот. Көңүлүм аябай чөктү. Ал күнү бөлмөмө келип, коомдук сайттардагы өчүргөн баракчаларымды кайрадан калыбына келтирдим. Ошондо жалпы кыргызстандыктардын бириккенин, колдоп, сүрөп атканын, утулуп калганыма карабай мени кыргызстандыктар канчалык сүйөөрүн, күмүш медалым үчүн төбөлөрү көккө жетип, ыраазы болушуп, баардыгы майрамдап жатканын көрдүм. Элибиз “күмүш медаль биз үчүн алтындан дагы бийик”, - деп кабыл алышканын көрүп, ичимдеги сыздап, муздап турган сезимдердин баардыгы өзгөрүп, жылуу сезим пайда болду. Мекендештерибиздин мамилеси менен күмүш медалымды кайрадан башка көз караш менен карап, жакшы көрүп калдым десем болот. Эртеси күндөн баштап ага аяр мамиле жасап, баасы мен үчүн алтындан дагы бийик болуп калды десем болот.

А.Тыныбекова: Бул жүктү мен беш-алты жыл көтөрдүм десем болот. Риодо өткөн олимпиада оюнунда мен коло байгеге дагы ээ болбой калган элем.Ошондо өзүмө эле эмес, элге сөз бергем.Ошол убаданы, ишенимди аткаруу үчүн мен жыл, ай сайын, ар бир күнү жатсам, турсам дагы бул жоопкерчиликти кошо ала жүрдүм. Маанайым чөгүп, денем ооруп жаткан учурда дагы, жаракат алып калган күндөрдө дагы, мен өзүмдүн булчуңдарымды, дене мүчөмдү таптап келдим. Кадимкидей өзүм менен өзүм сүйлөшүп, чыдап тур, аз калды деп дем берген күндөр болгон. Өзүмө-өзүм мотивация берип жаттым. Оң тиземде дагы, сол тиземде дагы жаракаттар бар. Аз эмес. Негизи операция кылыш керек. Ошого карабай мен өзүм менен өзүм сүйлөшүп, чыдап тур аз калды деп келдим. Бутумдун сыздаганынан, эки жакка оодарыла албай калганда дагы артка кайткан жокмун. Эски жаракаттын бардыгы козголуп, машыгууда аткара турган күнүмдүк талаптарды дагы көтөрө албай калган мезгилдер өттү. Ошонун баарына чымырканып, эрдимди тиштеп дегендей, алдыга жыла бердим. Сөз бергенден кийин менин моюнумда бара жаткан жүктүн “салмагын” билип, аягына чейин тикемеден тик турдум.

Айнура Сагын: IT социалдык көйгөйдү чечүүгө жардам бере алат

Айнура Сагын - компьютердик инженер жана Би-Би-Си тарабынан түзүлгөн 2022-жылдын дүйнөдөгү эң күчтүү аялдары рейтингине кирген гендердик активист. Айнура Кыргызстанда жарандар менен акыр-чикирди кайра иштетүүчүлөрдү бириктирүү үчүн Tazar аттуу популярдуу тиркемени ишке киргизген.

Айнура Сагын: Би-Би-Синин “Жүз айым” долбооруна киргениме абдан кубандым. Эл аралык баалар боюнча 2022-жылы Борбор Азия өлкөлөрү айымдар үчүн жашаганга кооптуу аймактарга кирди. Андыктан бул аймактагы өлкөлөрдөн бир айымдын да болсо тизмеге кириши жакшы колдоо болду. Биз түзүлгөн азыркы жагдайды өзгөртүшүбүз керек.

IT тармагында көп эле кыз-келиндер иштейт, аны окусам дегендер айымдар да көп. Бирок алардын аз санда гана бөлүгү IT жөндөмдөрүн социалдык көйгөйдү чечүү үчүн жумшайт. Мен таштандылардын көйгөйүн азайтуу үчүн жана буга жарандарды үйрөтүү үчүн атайын мобилдик тиркеме иштеп чыкканбыз. Бир жыл өтпөй тиркемебизди колдонгондор көп болуп кетти, анан биз таштанды чогултуучу электромобил алдык да таштанды чогулта баштадык. Эң негизги максат бул таштанды полигонуна аз акыр-чикир жөнөтүү. Себеби, анын жарымы эле кайра иштетсе болчудай сырье.

Айнура Сагын бүткүл өлкө боюнча миңдеген мектеп кыздарына программалоо жана STEM (илим, технология, инженерия жана математика) базалары боюнча тренингдерди да өткөрүп келет.