Оорудан, кордуктан, зомбулуктан жана жокчулуктан сактагысы келген кыргыз айымдары
Элеонора Сагындык кызы, Руфат Эргешов Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчылары

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата ар кыл тармакта топ жарып келе жаткан кыргызстандык айымдардын ишинин эң урунтуу учурларын баяндайт.
Асель Сартпаева: Изилдөөм ишке ашса миллиондогон адамды оорудан, балким, өлүмдөн сактап калабыз...

Профессор Асель Сартбаева узак жылдардан бери чет өлкөлөрдө эмгектенип келет. Ал вакцина өндүрүүдө, сактоодо чоң бурулуш кылам деп умтулууда. Профессор учурда Англиянын Бас (Bath) университетинде иштеп, изилдөө тобун жетектейт.
Асель Сартпаеванын илимий изилдөөсү абдан татаал, ошол эле учурда абдан кызык иш катары сыпатталат. Ал жаңы ачылышы ишке ашса адамзаттын чоң бир көйгөйү чечилет дейт. Вакцина ойлоп табуу татаал иштердин бири. Даяр вакцинаны сактоо жана ар кайсы материкке жеткирүү бул тармактын негизги баш оорусунун бири. Вакцина жетпей калып жылына миллиондогон адам ооруга чалдыгат же көз жумат. Окумуштуу кремний элементин колдонуп, вакциналарды температурадан көз карандысыз сактоого жетишүүнү көздөйт.
Би-Би-Си: Кыргызстанда өзүн илимге арнайм деген кээ бир жаштар чыныгы абалды көрүп, "ушул элеби, ушинтип эле убакыт өтүп кетеби" деп окуусун дагы, илимин дагы таштап салган мисалдар бар. Сиз кандай кеңеш берет элеңиз?
А. Сартбаева: Тилекке каршы эң жеңили башка өлкөгө барып окугула, уланткыла дейт элем. Бирок, бул мен сунуш кылууну каалабаган кеңеш. Анткени мен татыктуу жаштардын өлкөдөн кетип калуусун каалабайм. Менин мисалымда мен өзүм бул жактагыдай жемиштүү иштей албайт элем...
Би-Би-Си: Кыргызстанда айрым учурда кандидаттык же докторлук диссертацияны акчага жаздырып же даярын сатып алган учурлар жөнүндө айтылат. Эгерде ушундай көрүнүш улана турган болсо илимдин келечеги кандай болот деп ойлойсуз?
А. Сартбаева: Бул абдан жаман тенденция. Мен андай окуунун эмне кереги бар экенин такыр түшүнбөйм. Ал өзү окубаса анда эмне кереги бар? Билимсиз өлкөдө манипуляциялоо абдан оңой. Илим өнүкпөгөн өлкөдө башка көрсөткүчтөрдүн баары өтө төмөн болот. Баары төмөн кетет, бузулат. Кыргызстанда билим берүү тармагын сөзсүз көтөрүү керек. Билимдүү өлкөлөрдү карайлычы, Скандинавия өлкөлөрү, Сингапур менен салыштыралычы. Ал жактарда билим сапаты абдан жогору. Аларда жашоо сапаты да ошончолук жогору. Билимден баштап саламаттыкты сактоого чейин баары башка деңгээлде.
Асель Сартпаеванын маегин толугу менен бул шилтемеден окуңуз: https://bbc.com.im/kyrgyz/articles/c80enp57l84o%3C/a%3E%3C/p%3E%3C/div%3E%3Cdiv dir="ltr" class="css-1k9op6x e17x9cvu0">
Азиза Абдирасулова: Министр өзү чалып, укук коргоого чакырган
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Буга чейинки эскерүүлөрүңүздө кезинде сизге министрлер өзү чалып, кызматташкан учурлар болгон экен. Мисалы, мурдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиев. Ошол окуя тууралуу айтып бересизби?
А. Абдирасулова: 2005-жылы Ак-Жар жаңы конушундагы мыйзамсыз салынган үйлөрдү түрттүрүп салуу боюнча сот чечими чыккан экен. Ал кезде ИИМ министри Конгантиев өзү чалып, "сот чечими чыгып калды, мен эми түрттүрүшүм керек, бирок колум барбайт. Силер ошол жакка барып калгыла, мен бульдозерлорду алып барайын, бирок үйлөрдү бузбай кетип калайын" деген эле. Анан милиция айткандай эле жаңы конушка барып, түрттүрүүгө аракет кылымыш болуп анан кетишкен.
Бул окуя мындан 18 жылда мурда болгон. Бир жагынан соттун чечимин аткарууга аргасыз болгон, бирок колу да барган эмес. Экинчи жагынан, аны бирөө "кой-койлоп" токтотуп калгандай болуш керек эле...
Би-Би-Си: Укук коргоочулукка кантип келип калдыңыз эле?
А. Абдирасулова: Укук коргоочулукка 1998-жылы келдим, Барскоон окуясы чыгып, анан ага улай эле "Асаба", "Республика" гезиттери кысымга алынгандан баштап укук коргоочулукка аралашып калдым. Журналист Замира Сыдыкова камалып, ошондо укук коргоо деп чыкканбыз.
Кыргызстанда мага чейин эле укук коргоо жаатында Наталья Аблова, Төлөйкан Исмаилова, Асия Сасыкбаева, Рамазан Дырылдаев баштаган укук коргоочулар бар эле.
Адам укугу боюнча кыргыз комитети, Адам укугу боюнча бюро, "Интербилим" деген укук коргоо уюмдары иштечү. Мен жетектеген "Кылым шамы" уюмунда шакирт кыздардан Жибек Исмаилова деген кыз узак иштеди, бирок кайтыш болуп кетти. Кызым Гулшайырдын да укук коргоочулукту тандап алышына менин да таасирим болду го. Пенсияга чыгып уюмду ага тапшырып кеттим.
Аймактагы укук коргоочу айымдар Арслан Момунтаева, Баткен Гулнара Дербишова, Карамат Орозова, Эркингүл Иманкожоеваларды да белгилеп кетким келет.
Рыскүл Акимжанова: Кыргызстандагы ишкерликтин башатында аялдар турат
Рыскүл Акимжанова Кыргызстандагы белгилүү жана ийгиликтүү ишкер айымдардын бири. Ал 21 жылдан бери айыл-чарба продукцияларын өндүрүп, жеке бизнесин гана жөндөбөстөн, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугунуна салымын кошуп келет.

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Ишкерликке кантип келип калдыңыз эле?
Р. Акимжанова: Бүгүн 8-март, биз үчүн бул кош дата, анткени жолдошум экөөбүз мындан 21 жыл мурун дал ушул күнү үйлөндүк эле. Баш кошкондон кийин эле ишкерликти баштаганбыз. Ал 2000-жылдар эле, анда жоктон бар кылып жашоо заманы эле. Башында кантты чыгаруу аппаратын сатып алып, ошону менен иш башталган.
Би-Би-Си: Ишкерлик жолуңузда сизге эргүү берип же устат болгон айым болду беле?
Р. Акимжанова: Чет элдик донорлор жаңыдан иш баштап жүргөн кыз-келиндерге окутууларды уюштуруп, мени аларга тренер, эксперт же ментор катары көп чакырышат. Мен ал кыздарга айтам, силерге кандай сонун устат байлап берип, алардын кеп-кеңешин алууга шарттар түзүлүп жатат дейм. Биз ишти баштаганда интернет, устат же мындай окутуулар жок эле. Биз өзүбүздүн каталарыбыздан сабак алып, тажрыйбаны ошондон топтогонбуз.
Мага “Супаранын” ээси Жаңылсынзат Турганбаева эргүү берет. Ишкер болуу башка, брэнд деген таптакыр башка нерсе. Брэнд чыгаруу бул көп эмгекти талап кылат. Азыркы убакытта “Супара”, “Чуңкурчак” брэнддери менен сыймыктанабыз. Мен Жаңылсынзат айымды ичимен аябай баалап-барктап, сүйүнүп, ыраазычылыгымды айтам. Анткени ал баарыбызга чет өлкөлүктөргө мактангыдай шарт түзүп берип жатат да.
Би-Би-Си: Жалпы эле кыргызстандык ишкер айымдарды кантип сыпаттайт элеңиз?
Р. Акимжанова: Кыргызстанда аялдар ишкерлик дегенди 1990-жылдары азаттык, экркиндик колго тийгенден кийин билди. Ага чейин ишкерлик үчүн ССРде соттоп да ийчү. Советтер союзу кулагандан кийин ишкерликке биринчилерден болуп аялдар келди. Ошол эле Дордой базарында экспорттук көлөмү чоң “Легпромдо” аялдар иштейт, айыл-чарбада да негизинен аялдар менен балдар иштейт. Аялдар ишкериктин башаты деп айта алам жана муну менден эч ким талаша албайт. 90-жылдары ала капты мойнуна артып алган аялдар эмес беле. Бирок патриархалдык коомдо жашаган үчүн айымдардын эмгеги бир аз бааланбай келет.
Таттыбүбү Эргешбаева: Кыргызстанда укуктук климатты мыкты аялдар коргойт
Кыргызстандагы башы көрүнгөн жаш юристтердин бири Таттыбүбү Эргешбаева 19 жашында биринчи жолу юрист болуп ишке кирген. Бүгүн ал 30 жашта, бирок анын юридика тармагындагы 12 жылдык тажрыйбасы далай кыз-келиндерди шыктантып келет.

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Буга чейинки юридика жана жарандык активизм жаатында ишмердигиңизде сиз сыймыктанган нерселер кайсылар?
Т. Эргешбаева: Мен юридикалык жеке чакан компания негиздеп, аны алты жыл бою башкарып, сапаттуу иш-чараларды жүргүзүп келдим. Бул мен үчүн чоң сыймык. Бир жагынан мен кесибим боюнча юридика тармагында иштедим, экинчи жагынан жумуш орундарын түздүм. Анан эң башкысы, алдыга койгон милдеттерибизди сапаттуу аткардык. Юрист менен менеджер болуу менен бирге жеке тармакка, элге кызмат кылдым.
Конституциялык референдум маалында реформага өзүбүздүн жарандык позициябызды так көрсөтүп чыкканыбызды белгилей алам.
Би-Би-Си: Өз тармагыңызда башы көрүнгөн кайсы кыз-келиндердин өзгөчө ордун белгилей аласыз? Устат-шакирттериңиз ким?
Т. Эргешбаева: Мен эң эле биринчи апама чоң ыраазычылык билдирем. Менин апам атактуу аял болбосо дагы мен үчүн өтө көп нерселерди кылган. Азыр да колдоосун аябайт. Ал эми устатым катары белгилүү юрист Гүлнара Каликованы белгилей алам. Ал көбүнчө коммерциялык укук тармагында жүрүп, бүгүнкү күнү билим берүү тармагында чоң долбоорлорду ишке ашырып жатат. Укук коргоо секторуна келгени мен өзүмө жаңы лидерлерди ачтым. Мисалы, экс-президент Роза Отунбаева, Конституциялык Палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Айнура Усупбекова, Бурул Макенбаева жана башка көптөгөн айымдар бар. Бул айымдар Кыргызстандагы укуктук климатты коргогон жана сапаттуу, таза жашаган аялдар.
Айсулуу Тыныбекова: Максатыма жетүү үчүн алган жаракатыма да караган эмесмин...
Айсулуу Тыныбекова спорт жаатындагы Кыргызстандагы кыз-келиндерге көп жылдардан бери үлгү болуп келет. Ал спорттук карьерасында далай жолу Кыргызстандын желегин желбиретти. Соңку жолу балбан кыз Египетте өткөн мелдештер алтын медаль утуп алды.
2021-жылы Токиодогу олимпиадада алтын медалды атандаашына алдырып жибергени анын эркин ого бетер күчөттү.

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Токиодогу күмүш байгеңиз, ошол учурдагы сезимдер менен бөлүшсөңүз?
А.Тыныбекова: Канчалык ызаланганымды, ичим ачышканын өзүңүздөр да көрдүңүздөр. Күмүш медалга жетип калганыма өзүм дагы ишене албай турдум. Эмнегедир мен эле эмес, бүткүл кыргызстандыктар дагы Айсулуу алтын алат деп ишенген эле. Мен өзүмө дагы мен “алтынга баратам” деп максат коюп алып баргам. Анан күмүш болуп калып, күмүш медалды алып жатканда дагы алгым келбей, башкача, оор кабыл алдым десем болот. Көңүлүм аябай чөктү. Ал күнү бөлмөмө келип, коомдук сайттардагы өчүргөн баракчаларымды кайрадан калыбына келтирдим. Ошондо жалпы кыргызстандыктардын бириккенин, колдоп, сүрөп атканын, утулуп калганыма карабай мени кыргызстандыктар канчалык сүйөөрүн, күмүш медалым үчүн төбөлөрү көккө жетип, ыраазы болушуп, баардыгы майрамдап жатканын көрдүм. Элибиз “күмүш медаль биз үчүн алтындан дагы бийик”, - деп кабыл алышканын көрүп, ичимдеги сыздап, муздап турган сезимдердин баардыгы өзгөрүп, жылуу сезим пайда болду. Мекендештерибиздин мамилеси менен күмүш медалымды кайрадан башка көз караш менен карап, жакшы көрүп калдым десем болот. Эртеси күндөн баштап ага аяр мамиле жасап, баасы мен үчүн алтындан дагы бийик болуп калды десем болот.
Би-Би-Си: Күмүш байге демекчи, Айсулуу десе эле көпчүлүк күмүштү унутуп, бир эле алтын медаль алыш керек дегени сизге канчалык түйшүк жаратты?
А.Тыныбекова: Бул жүктү мен беш-алты жыл көтөрдүм десем болот. Риодо өткөн олимпиада оюнунда мен коло байгеге дагы ээ болбой калган элем.Ошондо өзүмө эле эмес, элге сөз бергем.Ошол убаданы, ишенимди аткаруу үчүн мен жыл, ай сайын, ар бир күнү жатсам, турсам дагы бул жоопкерчиликти кошо ала жүрдүм. Маанайым чөгүп, денем ооруп жаткан учурда дагы, жаракат алып калган күндөрдө дагы, мен өзүмдүн булчуңдарымды, дене мүчөмдү таптап келдим. Кадимкидей өзүм менен өзүм сүйлөшүп, чыдап тур, аз калды деп дем берген күндөр болгон. Өзүмө-өзүм мотивация берип жаттым. Оң тиземде дагы, сол тиземде дагы жаракаттар бар. Аз эмес. Негизи операция кылыш керек. Ошого карабай мен өзүм менен өзүм сүйлөшүп, чыдап тур аз калды деп келдим. Бутумдун сыздаганынан, эки жакка оодарыла албай калганда дагы артка кайткан жокмун. Эски жаракаттын бардыгы козголуп, машыгууда аткара турган күнүмдүк талаптарды дагы көтөрө албай калган мезгилдер өттү. Ошонун баарына чымырканып, эрдимди тиштеп дегендей, алдыга жыла бердим. Сөз бергенден кийин менин моюнумда бара жаткан жүктүн “салмагын” билип, аягына чейин тикемеден тик турдум.
Айсулуунун маегин толугу менен бул шилтемеден окуңуз:
Айнура Сагын: IT социалдык көйгөйдү чечүүгө жардам бере алат
Айнура Сагын - компьютердик инженер жана Би-Би-Си тарабынан түзүлгөн 2022-жылдын дүйнөдөгү эң күчтүү аялдары рейтингине кирген гендердик активист. Айнура Кыргызстанда жарандар менен акыр-чикирди кайра иштетүүчүлөрдү бириктирүү үчүн Tazar аттуу популярдуу тиркемени ишке киргизген.

Айнура Сагын: Би-Би-Синин “Жүз айым” долбооруна киргениме абдан кубандым. Эл аралык баалар боюнча 2022-жылы Борбор Азия өлкөлөрү айымдар үчүн жашаганга кооптуу аймактарга кирди. Андыктан бул аймактагы өлкөлөрдөн бир айымдын да болсо тизмеге кириши жакшы колдоо болду. Биз түзүлгөн азыркы жагдайды өзгөртүшүбүз керек.
IT тармагында көп эле кыз-келиндер иштейт, аны окусам дегендер айымдар да көп. Бирок алардын аз санда гана бөлүгү IT жөндөмдөрүн социалдык көйгөйдү чечүү үчүн жумшайт. Мен таштандылардын көйгөйүн азайтуу үчүн жана буга жарандарды үйрөтүү үчүн атайын мобилдик тиркеме иштеп чыкканбыз. Бир жыл өтпөй тиркемебизди колдонгондор көп болуп кетти, анан биз таштанды чогултуучу электромобил алдык да таштанды чогулта баштадык. Эң негизги максат бул таштанды полигонуна аз акыр-чикир жөнөтүү. Себеби, анын жарымы эле кайра иштетсе болчудай сырье.
Айнура Сагын бүткүл өлкө боюнча миңдеген мектеп кыздарына программалоо жана STEM (илим, технология, инженерия жана математика) базалары боюнча тренингдерди да өткөрүп келет.


































