А. Амребаев: Россиядагы окуяларды шайлоо деп айтканга ооз барбайт
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, SERGEI KARPUKHIN/TASS
Россияда президенттик шайлоодо эртелеп добуш берүү башталды. Шайлоодо атаандаштыктын карааны бар өңдүү, бирок Путин кайрадан шайланарынан эч кимдин күмөнү жок. Казакстандагы Политология жана эл аралык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Айдар Амребаев менен Россиядагы шайлоонун өзгөчөлүктөрүн жана тышкы чөйрөгө болгон таасирин талкууладык.

А. Амребаев: Мен Россияда эч кандай шайлоо жок деп эсептейм. Кайра дайындоо гана болуп жатат. Россияда шайлоо жөнүндө эч кандай сөз кылууга болбой турган саясий режим түзүлдү. Бул өзүнчө бир элитардык чечим, Россиядагы саясий элитанын өзүнүн ичиндеги консенсус. Володин айткандай, Путин бар болсо Россия бар, Путин жок болсо Россия жок деген саясат, мен муну эсхатологиялык модель деп айтат элем. Россиянын тагдыры бүтүндөй бир адамга, жолбашчы түрүндөгү саясий системага байланды. Шайлоо Россиядагы азыркы саясий системага жарабай турган термин.
Шайлоо процессинде эң башкысы саясий программалардын күрөшү болууга тийиш. Россияда өнүгүү боюнча атаандаш программалар, инварианттар жок. Саясий системанын өзүндө атаандаш боло турган адамдар көрүнбөйт. Бар болсо, анын баарын тазалап коюшту.
Ошондуктан глобалдык аспектиден алганда дүйнөлүк коомчулук, ЕБ, АКШ, Кытай сыяктуу өлкөлөр ушул кырдаалга адаптация болууда. Ошондой эле мамиле Казакстан менен Кыргызстанда, ЕАЭБ өлкөлөрүндө.
Би-Би-Си: Россияда болуп аткан ушундай кырдаалга, саясий режимге анын саясий, аскердик, экономикалык союздаштарында да кабатыр маанай болбой койгон жок.
А. Амребев: Бул кадыресе кырдаал, башка өлкөдө болуп жаткан иш - алардын өз иши. Казакстанда туруп биз аларга эч кандай саясий маселе таңуулай албайбыз. Мисалы, бул Кыргызстандын өзүнүн иши, Россиянын өзүнүн иши. Биз союздаш болгонубуз менен өзүнчө көз каранды эмес субъектилербиз. Бизге жагабы-жакпайбы, бул Россиянын өзүнүн калкынын ички иши. Бул алардын саяси маданиятына, улуттук аң-сезимине туура келет.
Мисалы, АКШда болуп жаткан окуяларга келсек, Трамп бизге жагышы да, жакпашы да мүмкүн. Бирок дүйнөлүк коомчулук аны менен эсептешпей кое албайт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Ошол эле убакта Борбор Азиядагы союздаш өлкөлөрүнүн саясий күн тартибине Москва өзүнүн кызыкчылыгында белгилүү бир деңгээлде кийлигишип жатпайбы?
А. Амребаев: Россия империялык мамлекет катары чынында эле азыр империялык амбицияларын көрсөтүп жатат, бул коңшуларды да, союздаш өлкөлөрдү кооптондурган маселе. Россия тандап алган тышкы саясаттын вектору - неоизоляционизм, бул, албетте, биздин кызыкчылыгыбызда эмес. Казакстан көп векторлуу, тең салмактуу, ачык тышкы саясатты куруп келатат. Ошол себептүү биз Россиянын тышкы саясатынын империялык таасири азыраак болушун каалайбыз. Россия тынчтыкты курган өлкө болуп, өзүнүн экономикасынын модернизациясы менен алек болуп, чек араларды бизнеске, миграцияга, маданий алака-катышка ачык кылышын каалайт элек.
Бирок азыр кырдаал башкача болуп баратат. Ошондуктан биз бул багытта “дипломатиялык керемет” жаратпасак болбой турат. Иш жүзүндө ошондой эле болуп жатат. Казакстандын, Кыргызстандын президенттери өздөрүнүн союздаштык ролун символикалуу түрдө байма-бай көрсөтүп келатышат. Жакында эле Казан шаарына бардык президенттер барып, Владимир Путин күткөн сөздөрдү, өздөрүнүн жакшы тилектерин айтып келишти. Мага союздаш өлкөлөрдүн президенттеринин ар бири өз тилинде сүйлөгөнү жакты. Мен муну дипломатиянын азиялык ыкмасы деп коет элем.
Алардын сөзүнүн подтекстин окуй турган болсок, биз, албетте, Россияда тынчтык болуп, согуш токтоп, санкциялар алынып, кадыресе экономикалык мамилелер уланышын каалайбыз деген ой жатат. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда азыр болуп жаткан процесстер жакшы эмес. Биз экономикалык кызматташтыкты ЕАЭБдин алкагында союздаш мамилелер болгон үчүн эмес, санкциялардын коркунучу алдында жүргүзүп жатабыз. Биздин бизнестин ар бир кыймылы дайыма Батыш эмне дейт, Кытай кандай карайт деп кылчактоо менен өтүп жатат. Акыры Россия эмне дейт деп отурабыз. Бул жакшы эмес.
Бизнеске саясий жана экономикалык эркиндик керек. Ар бир бизнесменде товар ташууну альтернативдүү маршруттары, альтернативдүү субъектилери, керектөөчүлөрдү, бааларды тандоо мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бул жагынан алганда Евразия экономикалык биримдигинде азыр кырдаал абдан татаал.
Азыркы учурда кимдир бирөө Россия менен иш кыла турган болсо, ал Батыштын Россияга салган санкциялык режиминдеги чектөөлөргө карап иштебесе болбойт. Бизнес үчүн бул жакшы эмес кырдаал.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Би-Би-Си: Батыш өлкөлөрү Россиянын Борбор Азиядагы таасирин азайтуунун аракетин көрүп жатпайбы. Өткөн жылы АКШда, Германияда Борбор Азиянын президенттерин чакырып, 5+1 форматында жолугушуулар өттү. Экинчи жагынан Кытай да бул региондо активдүү саясат жүргүзүүдө.
А. Амребаев: АКШ азыр Алматыда B5+1 деген бизнес форум өткөзүп жатат. Борбор Азиянын беш өлкөсү менен АКШнын ишкер коомчулугунун форматы. Кээ бирөөлөр муну Кытайдын “Бир жол, бир кур” долбооруна же ЕАЭБке атаандаш долбоор катары карашууда. Атаандаштыктын болушу, менимче, биздин кызыкчылыкка туура келет, биз өзүбүздүн жоготууларыбызды компенсация кылганга мүмкүнчүлүгүбүз болушу керек. Казакстан үчүн мунайзат ресурстарын дүйнөлүк базарга чыгарыш үчүн бул абдан керек. Биз өзүбүздүн маршруттарыбызды диверсификация кылышыбыз абзел.
Кокустан Россияда авария болуп кетсе, ал жакта согуш болуп атпайбы, ракета же дрон учуп келип мунайзат ташуунун инфраструктурасын талкалап салса эмне болот? Анда Казакстан мунайзатты сатуудан алып аткан толтура кирешесин жоготот. Ошондуктан Казакстан азыр өзүнүн экономикалык өнөктөштөрүн диверсификация кылуунун жолдорун, мүмкүнчүлүктөрүн издеп жаткан убагы. Мисалы Global Gateway, Европалык сунуштар бар. Макрон келип кетти. Касымжомарт Токаев Азербайжанга барып, Баку-Тбилиси-Жейхан маршруту боюнча мунай ташуунун көлөмүн көбөйтүү жагын сүйлөшүп келди. Мунун максаты Россияга каршылык эмес, бул жөн гана азыркы кырдаалга жараша адаптациялык саясаттын көрүнүшү.
Батыш, Кытай, Индия кандайдыр бир альтернатива берип жатканы жакшы, менимче бул биздин экономикалык саясатта көбүрөөк ийкемдүүлүктү, маневрлаштырууну талап кылат. Кайсы бир вектордо, маршрутта кандайдыр бир эксцесстер болуп калса, биз аны башка жагынан компенсация кылганга мүмкүнчүлүгүбүз болот. Бул азыркы реалдуу режимде көп векторлуу, синергетикалык көп векторлуу саясаттын стратегиясы деп айтат элем.
Би-Би-Си: Путин добуш берүүгө саналуу күндөр калганда өзөктүк согушка даярдык жөнүндө сөз козгоп жиберди. Ал мындай билдирүү менен дүйнө коомчулугун эмнеге коркутуп жатат деп ойлойсуз?
А. Амребаев: Бул көбүнчө ички аудиторияга эсептелген билдирүү болду деп ойлойм. Бул шайлоо алдындагы технологиялык чечим. Путин башкарып жаткан Россия азыр күчтүү деген сөз. Ал милитаристтик өнүгүү форматын тандап алгандан кийин ушундай акыркы чечимдерге да даяр экенинин дагы бир далили.
Эл аралык коомчулук, анын ичинде олуттуу саясий эксперттер бул саясий алдоо экенин билет. Азыр Скандинавия өлкөлөрүнүн эсебинен НАТО кеңейип, чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп жатат.
Россия дайыма айтып келген муну. Бул ички аудиторияга, статистикалык орточо пендеге арналган сөз. Путин турганда Россия өзөктүк куралга ээ болгон, аны колдонууга саясий эрки жетиштүү күчтүү держава деген сөз.
































