"Манастын руху": Өзбекстандагы кыргыздардын өркөнү жана өксүгү

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Акылбек Жапаров Манас айылы

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Өзбекстандагы этникалык кыргыздар жашаган "Манас" айылына барган Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул жакта кыргыздардын жашоо шартын жакшыртууга соңку убакта өкмөт тарабынан жакшы шарттар көрүлүп жатканына кубанып жаткан чакта, кыргыздардын саны өспөй, кайра азайып баратканы, кыргыз тилдүү мектептердин, класстардын кыскарып жатканына алардын өздөрү да анча кабатыр эмес экени байкалат.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандагы жумушчу сапарынын алкагында Жызак облусундагы Достук районунун "Манас" айылында компакттуу жашаган этникалык кыргыздарга барып учурашканын өкмөт расмий кабарлады.

Акылбек Жапаров айылдын жашоочулары менен жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү кыргыз бийлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

“Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын көп кылымды камтыган жалпы тарыхыбыз байланыштырып турат. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашоону тагдыр өзү белгилеген бир тууган элдербиз. Манас айылын өнүктүрүү, бул жерде жашаган этникалык кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканы кубандырат. Ата-бабаларыбыздын тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сактай алганыңыздар абдан жагымдуу. Сиздерди тарыхый мекениңиз менен байланыштырган жип эч качан үзүлбөшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деген А. Жапаров.

Манас айылы 2018-жылы кайра курулганда Кыргызстанга чейин дүң болгон эле. Өзбекстандын президентинин демилгеси менен айыл элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 6,5 чакырым суу куурлары тартылып, 41 чакырым узундуктагы коллектордук-дренаждык тармактар тазаланган. Ошондой эле 34 көп кабаттуу үйдүн чатыры оңдолуп, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө пункттары курулуп, мөмөлүү жана декоративдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулган болуучу.

Мындан тышкары, заманбап үй-бүлөлүк поликлиника курулган жана эки жалпы билим берүүчү мектеп, бир бала бакча оңдоодон өткөрүлүп тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган. Балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары, стадион курулуп, тигүү цехтери ишке берилген.

Чөлдү байырлаган кыргыз айылы

Манас айылында мурда ушундай барак үйлөр болгон

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Манас айылында мурда ушундай барак үйлөр болгон

Алтымышынчы жылдары Хрущевдун убагында Өзбекстандын Жизак областындагы чөл талааларды өздөштүрүү боюнча мамлекетке тапшырма берилген. Ошондо Мырза-Чөлдү өздөштүрүү, пахта эгүү үчүн бул жакка башка региондордон калкты мажбурлап көчүрүү башталган. Совет доорунда Анжиян, Фергана деген чөлдөгү совхоздор ушул аймактан баргандар түптөгөн конуштар эле.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жизак жана Ташкен облусунан баргандардын арасында кыргыздар бир топ болуп өзүнчө бир конушка отурукташып, 1966-жылы бир совхоз уюшулган. Алар чөл жерди өздөштүрүп, пахта өстүрүп, совет доорундагы экономиканын шартында иштеп келишти.

Бирок союз тараганда бул аймактагы совхоздор каралбай, эң кейиштүү абалга түшкөн. Алтымышынчы жылдары курулган барак үйлөрү, социалдык объектилер эскирип, жараксыз боло баштаган.

Шавкат Мирзиеёв президент болгондон кийин "Абад-кыштак" деген программасын иштеп чыгып, аны ишке ашырууну 96% кыргыздар жашаган "Манас" айылынан баштаган.

“Кыштакты бузуп таштап туруп, 45 күн ичинде кайра куруп таштады. Барсаңыз жолдору асфальт, бала бакчалары бар, мектеп бар, эки кабаттуу, төрт кабаттуу үйлөр курулган. Адамдардын чарбасы үчүн өзүнчө жер бар, бардык шарттары каралган. Чөлдүн ичиндеги өзүнчө бир жашыл оазиске түшүп калгандай болосуз”,-дейт ташкендик журналист Төлөнбай Курбанов.

1995-жылы “Манас” эпосунун миң жылдыгы болгондо ошол окуянын урматына бул кыштакты “Манас” айылы деп Каримовдун убагында эле аташкан экен.

“Мирзиеёв өзү айтты, биринчи “Манас” айылынан баштаганыбыздын мааниси бар деп. Улуу Манастын, кыргыз элинин рухуна арнап, кыргыз эли менен достугубузду чыңдап, анын урматына кыргыз элинин сыймыгы болгон “Манастан” баштадык деди",-дейт Төлөнбай.

Манас айылындагы барак үйлөрдүн ордуна эки жана төрт кабат заңгыраган үйлөр курулду

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Манас айылындагы барак үйлөрдүн ордуна эки жана төрт кабат заңгыраган үйлөр курулду

Мирзиёевдин кыргыздарга жакын мамилеси

Мирзиеёв Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгын бийик баалайт

Сүрөттүн булагы, EPA

Шавкат Мирзиеёв өзү шаар тибиндеги поселок Зааминден болот. Бул райондун тоо жагындагы кыштактарда негизинен кыргыздар жашайт. Заамин районунда компакттуу жашаган он миңге жакын кыргыз бар, сегиз кыргыз мектеп иштейт.

Анын атасы райондо кургак учук ооруканасында дарыгер болуп көп жыл иштеген. Шафкат төрт жашында экенде энеси ооруканадан кургак учук жуктуруп алып, оорудан каза болгон.

"Алардын коңшусу кыргыздар болуп, каралашып турган. Үйлөрүнүн ортосунда дубал жок болгон, кошуна жашаган эне Шавкатты өзүнүн балдарына кошуп карап, тамак берип, ага өз баласындай камкордук көргөн экен. Ошол эне карып каза болгондо Мирзиеёв Жизакта аким болуп турган. Бала кезинде каралашкан аялдын жакшылыгын унутпай, анын жаназасына келип катышканы айтылып жүрөт",-дейт Төлөнбай.

Анын айтымында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын өзбек тилине которгон Өзбекстандагы кыргыз жазуучусу Сүйүн Караевдин дагы Мирзиеёвдин атасы менен жакшы мамиледе болгону туурасында маалыматтар бар. Анын 90 жылдык мааракеси болгондо премьер-министр болуп турган Шавкат Мирзиеёв өзү анын ресторандагы банкетинин чыгымын көтөрүүгө жардам берип, тоюн өткөрүп берген экен.

Эмнеге демографиялык өсүш жок?

Манас айылындагы кыргыздар ак калпак күнүн белгилеп жатышат

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Манас айылындагы кыргыздар ак калпак күнүн белгилеп жатышат

Расмий маалыматтарга караганда, Өзбекстанда кыргыздар 2021-жылдагы статистика боюнча 291 миңден ашуун деп көрсөтүлгөн. Бирок андан мурда 2013-жылы мамлекеттик статистика комитети кыргыздардын саны 422 миң деп билдирген. Демек, табигый өсүш болгондо кыргыздар саны азыр кеминде жарым миллионго жетип калышы керек эле.

"Бул аябай көзөмөлдө турган цифра экен. 2023-жылы эл каттоо болуш керек. Өзбектер өссө, кыргыздар өспөй жатабы деп сурадым. Мен өзүмчө кыргыздар бир жарым миллиондон ашык деп прогноз беремин",-деди Төлөнбай.

Кыргыздардын демографиясы жөнүндө сөз болгондо миграциянын таасирин да эске алыш керек, бирок аны чоң деп айтууга болбойт.

Ошол эле учурда паспортуна өзбек деп жазылып алгандар да өзүнчө бир олуттуу тенденцияга айланды.

"Мектепке киргенде, мамлекеттик кызматка киргенде кереги тиет деп атайын өзгөртүп алгандар бар".

"Кыргыздар балдарын кыргыз мектепке беришпейт"

Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин абалы өзүнчө көйгөй маселе. Мугалим, окуу китептер жетишпеген себептүү кыргыз мектептерде кыргыз тилде окуткан класстар жылдан жылга кыскаруунун үстүндө.

«Кыргызстандан билим алган кыргыз тил мугалими да Ташкенттен 3-айлык кошумча билим алууга жана атайын конкурстан өтүүгө милдеттүү. Мындан сырткары, кыргыз мектептеринин аты эле болгону менен заты өзбек мектеп болуп калган, мындайча айтканда кыргыз мектептери ар жылы биринчи класска 3-4 класс кабыл алса, анын бири гана кыргыз класс болуп жатат. Буга себеби башталгыч билим берүү тармагында Кыргыз тилдүү китептердин жоктугу, болсо да бир китеп 300-400 сомго чейин жетип, бир балага кыргыз сому менен эсептегенде 2000-3000 сомго жакын акчаны ата-энелери таба алышпай балдарын өзбек класска берүүгө аргасыз болушууда. Буга чейин китеп, окуу куралдары кыргыз өкмөтү тарабынан камсыздалып келген»,-деп билдирет Ош шаарындагы саясий ишмер Төлөгөн Келдибаев.

Анын айтымында, Ош облусу менен Андижан облусу соода сатык жана туугандык карым катнаш болгондуктан, өзбекстандык кыргыздардын жашоо, шарттары боюнча жетиштүү маалыматы бар.

Өзбекстандагы кыргыздар негизинен дыйканчылык, устачылык менен жашоо кечиргендиктен жумушсуздук, жакырчылыктан, жашоо шарттарынын оордугунан кыргыз тилдүү класстарда балдарын окута алышпай калган. Анткени, өзбек тилдүү класстарга окууга кирген балдарга китеп бекер берилет. Кыргыз мектеби деп аталганы менен ичиндеги класстардын 75 % өзбек тилдүү класстар болуп калган.

"Тактап айтканда, мисал катары Андижан облусу, Жалал-Кудук районунун Абдилла бий айылындагы Токтогул орто мектеби, мурдагы Н.Исанов колхозунда элдин 95 % кыргыздар түзөт. Бул бир айылдагы эле көрүнүш, Өзбекстанда бейрасмий маалымат боюнча 1 миллонго жакын кыргыздар жашайт. Боордош бир тууган кыргыздар кыргыз тилинде сүйлөй албай, тилдери өзбек тилине бурулуп 70 % жакыны өзбекче сүйлөп, өз эне тили болгон кыргыз тили жоголуу коркунучуна кептелди",-дейт Т. Келдибаев.

"Бул жерде негизги фактор, кыргыздар өздөрү балдарын кыргыз мектепке, кыргыз класска бербей жатат. Мына Анжиян облусундагы Жалал-Кудуктагы мен окуган мектеп накта кыргыз мектеп болчу. Өткөн жылдан бери кыргыз класстарга кабыл алуу болгон жок. Өзбек класста 45 бала окуду, кыргыз класста 12 бала окуду. Эмнеге деп сурасаңыз мен баланы өзбек класска беремин, себеби тесттер бизде орус тилде, өзбек тилде, кыргыз тилде жок деп жооп айтышат",-дейт ташкендик журналист Төлөнбай.

Анын пикиринде мугалимдер жок болгон үчүн деген жүйө суу кечпейт.

"Кыргыз тилинен окуп келген мугалимдер бар болсо дагы алар өзбекче сабак беришке мажбур. Бул жерде нострификация деген маселени жолго коюш керек. Көптөрү Кыргызстандан бүтүрүп келет, жакшы адистер бар, бирок иш бербейт, нострификация жок дейт. Элчилик канчадан бери бул маселени коюп келатат, бирок чечилбей турат".

Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстандагы этникалык кыргыздар үчүн жылына жогорку окуу жайлардан акысыз окууга 15-20 адамга квота бөлүп берип келатат. Ал эми кыргыз тилиндеги окуу китептеринен каралашка чамасы чак, өзүнө жетишпейт. Экинчиден, эки өлкөнүн билим берүү программалары эки башка.

Мындан сырткары, Өзбекстандагы кыргыз тилдүү радио жана телеберүүлөр азыркы убакта токтоп калды. Анын себеби бул берүүлөрдү алып бара турган таза кыргызча сүйлөгөн диктор же журналисттердин жок болуп жатканында. Ал эми маданият тармагында кыргыздардын театры, чыгармачылык ар кандай топтору, бирикмелери дээрлик жок. Бирок анын себеби өлкөдөгү улут саясатында эмес.

"Мамлекетте бардык улуттардын каада-салтын, маданиятын өнүгүп өстүрүүгө шарт каралган, кеп кыргыздардын өздөрүнүн аң сезиминде болуп жатат. Кыргыздар өздөрү кылыш керек, аларга башкалар келип кылып бербейт. Мен Ташкенде кыргыз тилинде жекшембилик мектеп уюштуралы деп канча жолу демилге көтөрдүм, колдоого алып, балдарын берем деген бир дагы ата-эне болгон жок",-дейт Төлөнбай.