“Диверсиябы же түркөйлүкпү?”: Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзам долбооруна сын жаады

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш “Министрлер кабинети жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап баштары менен эле күн тартибинен алып салды. Андагы айрым жоболор боюнча депутаттар нааразы болуп, чийки жана түркөйлүк деп сынга алышты. “Уят жана күлкү болуп жатат” деп айтты депутат Бокоев Кенжебек.

Каныбек Иманалиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө чабуулду биринчи Каныбек Иманалиев баштады

Депутат Каныбек Иманалиев бул долбоор парламентаризмди талкалайт деп сынга алды.

“Министрлер кабинети жөнүндөгү” мыйзамдын укуктук статусун карасаңыздар, Жогорку Кеңеш деген сөз жок. Ушуну кабыл алсаңыздар разное деген маселеде сүйлөп кереги жок. Бул мамлекеттик түзүлүштү алсырата турган мыйзам. Президент дайындаган өкмөт президентке гана отчет берет экен. Акыркы отуз жылда андай болгон эмес. Эгерде өкмөт Жогорку Кеңешке отчет бербесе, көзөмөлүндө болбосо, анда парламенттин да кереги жок”.

Долбоордо депутаттарды нааразы кылган жоболор бир топ болуп чыкты. Мисалы, долбоор боюнча Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн президент Жогорку Кеңешке эки жолу сунуштайт, эки жолу өтпөсө, үчүнчүсүндө өзү билип эле аларды дайындай берет.

Сайдулла Нышанов анда "Жогорку Кеңештин эмне кереги бар?" деп мыйзам долбоорунун авторлоруна атырылып бир тийди: “Бизди туңгуюкка алып келип атат”.

Юстиция министри Асель Чынбаева анын зарылдыгын өлкөдө президенттик башкаруу кирип жаткандыгы менен  түшүндүрүүдө. Анын орун басары Кынатбек Сманалиев өз кезегинде бул норма Конституцияда каралган деп жатат.

Президенттин өкүлү өз кезегинде мыйзамдын концепциясын кабыл алалы, экинчи окууда депутаттардын сунушу эске алынат деп кырдаалды жумшартымыш болду.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сыйлыгы бар министр кол тийгис

Долбоордо Министрлер кабинетинин мамлекеттик сыйлыгы бар мүчөсү камакка алынбайт деген дагы иммунитет каралган. Бул жобо дагы көп сын жаратты.

Депутат Рыскелди Момбеков министрлерди биротоло эле кызыл китепке киргизип, кол тийгис адамдар деп жазып койбойлубу деп какшыктап кетти.

Конституцияда Министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттик администрациянын башчысы болот деп каралган. Бирок мыйзам долбоорунда ал эмне үчүн так жазылбаганы түшүнүксүз болууда.

Ошондой эле Конституцияда Министрлер кабинетин башкаруу президенттин милдети катары көрсөтүлгөн. Ал эми долбоордо бул милдет катары эмес, президенттин укугу катары каралганы өзүнчө суроо жаратууда. Дастан Бекешов муну “шайлоочуларды алдоо” деп атады.

Министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрүн кызматтык үй менен камсыз кылуу жөнүндө жобону депутаттар элдин жинине тийгенден башка пайдасы жок деп атышат.

Наталья Никитенко долбоорду “мамлекеттик башкаруу системасын диверсиялык талкалоо аракети” деп атады.

Айтылган сындын баарына юстиция министри кемчиликтер экинчи окууда оңдолот деп убада берип жатты.

Юстиция министри Асель Чынбаева менен анын орун басары Кынатбек Сманалиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юстиция министри Асель Чынбаева менен анын орун басары Кынатбек Сманалиев депутаттардан катуу тил укту

Жанар Акаев бул мыйзам долбоорун өлкөдөгү “кош бийликтин” күрөшүнүн мыйзамдагы көрүнүшү катары карап жаткандай. Анын айтымында, УКМКнын төрагасы каалаган кишисин камап жаткан азыркы учурда президент өзүнүн макулдугу жок бир да министр кармалбасын деген жобону мыйзамга киргизүүгө умтулуп жатат.

Кош бийлик жөнүндө Жанар Акаев биринчи жолу ачык айткан депутат болуп жатат.

А. Нурбаевдин бул мыйзам долбоорун талкуудан алып салуу жөнүндөгү сунушу биринчи добуш берүүдө колдоо тапкан жок. Бирок барган сайын айтылган сын көбөйө берип, акыры Министрлер кабинетинин өкүлү бул мыйзамды чакыртып алуу жөнүндө сунуш менен кайрылууга аргасыз болду. Анын сунушу көпчүлүк добуш менен өттү. Эгерде бул мыйзамды чакыртып албаганда, добуш берүүдөн өтпөй калса, анда алты айга чейин аны кайталап киргизүүгө болбойт эле.

Бул мыйзам долбоору каралардын алдында президент Садыр Жапаров депутаттар корпусу менен мамлекеттик резиденцияда жолугушкан эле. Анда негизинен шайлоо мыйзамдарынын айланасында сөз болгону кабарланууда. Шайлоо мыйзамына каралган өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында биринчи окууда каралмак.