You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Соттор кимден көз каранды? Саясатчылар четинен акталууда
Кыргызстанда бийлик башына келген саясатчылар соттон мурдакы кылмыш иштери боюнча акталып чыгууда.
Жогорку Сот президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровду, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытовду жана дагы үч адамды актаган сот өкүмүн күчүндө калтырды.
“Акталсын!”
Бийликти күч менен басып алуу боюнча 2012-жылы ачылган кылмыш иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан каралды.
“Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 17-июнундагы Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров жана башкалар жөнүндөгү өкүмү күчүндө калтырылды”,- деп билдирди Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиева.
Жогорку Сот кайсы жаңы жагдайлар тууралуу сөз болуп жатат тактаган жок.
2012-жылы күзүндө Камчыбек Ташиев Кумтөр боюнча нааразылык акциянын жүрүшүндө Ак үйдүн тосмосун секирип өткөнү үчүн кармалган. Анда ага, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракет кылган деген айыптар тагылган эле.
Үч депутат УКМК тергөө абагында сегиз айдан ашуун отурушуп, 2013-жылы августта Жогорку Сот аларды 1,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок тергөө абагында отурган маалда эле жаза мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыгышкан.
Жогорку Сотко чейин бул ишти караган Бишкек шаардык сотунун андагы судьясы Курманкул Зулушев үч саясатчыны актап, сот залынан чыгарганы эсте.
Азыр Зулушев - жаңы бийликтин эң жакын тарапкерлеринин бири, жакында ал Конституциялык палатанын төрагалыгына барары да айтылып жатат.
Убактылуу өкмөтчүлөр VS Реваншисттер
Бир аз тарыхка кайрылсак, 2010-жылы 10-октябрда Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп, бирок жыйынтык Убактылуу өкмөт мүчөлөрү үчүн күтүүсүз чыккан.
КСДП, "Ата Мекен" азчылыкта калып, К.Бакиев тушунда бийлик менен кызматташып келген "Ата Журт", "Республика", "Ар Намыс" Жогорку Кеңеште көпчүлүктү түзүп, Акматбек Келдибеков спикер болуп, бирок бир жылдан кийин эле отставкага кеткенге мажбур болгон.
Буга чейинки маектеринин биринде Текебаев 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин контрреволюциялык кырдаал түзүлгөнүн айткан эле. Бул себептүү ал Атамбаевдин бийлигин чыңдоо үчүн көмөктөшкөнүн, бул максатта өкмөттөрдү алмаштыруу үчүн саясий маневрларга барганын да мойнуна алганы бар.
“Ошол эле убакта реваншисттер жөн жаткан жок. 2012-жылы булар Кумтөр маселесин козгошту. Ташиев Жалал-Абадда, Акматбек Келдибеков Алайда, Жапаров көлдө митинг өткөрүп, Каптагаевди барымтага алабыз дегенге чейин барышты. Аянтка келип улутташтыруу боюнча ал жерде митинг өткөрүштү. Ошентип, баягы кашаадан секирип, аласынан шымы айрылып, анан соттолушкан. Бир жылдан кийин абактан чыгып, ошо боюнча токтоп калышкан. Садыр болсо, Беларуска кетип, Кумтөр боюнча маселе козгоп, кайра 2017-жылы келди. Ошол убакта мурда Жаныш Бакиевдин жанында жүргөн жансакчылар, дагы айрым адамдар кошо чыкканын ЖМКлар айтып жатышты. Бирок анда бийлик катуу реакция көрсөтүп, ошол кезде камалып, соттолгон”, -деп эскерет андагы окуяларды жергиликтүү журналист Семетей Талас уулу.
“Сындыра алышпады”
Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков соңку президенттик шайлоого талапкерлигин коюшуп, анын алдында “Ата Журт” партиясынын курултайы өткөн.
Ташиев анда сүйлөгөн сөзүндө 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо биринчи орунду ээлеп, “атажуртчулар” негизги олуттуу саясий күч экенин далилдегенин, бирок ошондон баштап партияга чабуулдар башталганын эскерген.
"Нариман Түлеев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Акматбек Келдибеков жана мен адилетсиздиктин курмандыгы болуп камалдык. Бир топ партиябыздын алдыңкы активисттери качууга аргасыз болушту. Кыскасы, бизди партияны туш-туштан алсыратып, чачыратып жок кылууга бүт аракеттерин жумшашты. Бир чети алардын бул планы ишке ашты. Бирок биздин эркибизди, саясий позициябызды, сындыра алышкан жок. Биз чындык үчүн күрөшүүдөн эч качан баш тартпайбыз",- деген болчу "Ата Журт" лидери.
Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев баштаган оппозициялык күчтөр Апрель ыңкылабынан кийин бийликке келип, бирок алар убадалаган коррупцияга каршы күрөш толук кандуу ишке ашкан жок.
“Утурумдук бийликке келген Атамбаев, Бекназаров болсун, өздөрүн оппозиция деп жалындуу атагандар, аянттарда энергетика, бажы, кен тармагында болсун уурдалган акчаларды казынага төгөбүз дешкен, уурулардын колу-бутун тушамакпыз деп тынбай сайрып келишкен. Иш жүзүндө андай болгон жок. Атамбаевчилер бажыга Раимди коюшуп, жансакчысын коюп, өздөрү тейлеп келишти. Мамлекетке акчалар түшпөдү”,- деди Семетей Талас уулу.
Убактылуу өкмөт ич ара тирешип, 2016-жылдан кийин такыр эле бет карашпас абалга келди.
Ал тапта Садыр Жапаров алыстан Кыргызстандагы электоратын аралыктан таптап жатты, айрым талдоочулар анын эл арасында популярдуугун коомдук сайттарга да байланыштырып келишет.
2017-жылы камакка алынгандан кийин Жапаров “Кумтөр” деп чыгып, бийликтен азап жеген улуттук лидер болуп чыга келди.
Ошентип, саясатта күчтөр орун алмашып, бийлик ооматы 2010-жылдан кийин четке сүрүлүп калган саясатчылар колуна тийип отурат. Аларга эмитен эле, бийликти узурпациялоо, кадрдык саясат боюнча сындар айтыла баштады, бирок элдин азырынча чоң реформаларга үмүтү бар. EKa