You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Шайлоонун шайын оодарган добуш сатуу...
Элеонора Сагындык кызы, Би-БИ-Синин Бишкектеги кабарчысы
№26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева 30-майда Бишкек ШИИБге суракка чакырылды.
Ниязалиеванын суракка чакырылышы тууралуу шаардык милиция комментарий бере элек. Буга чейин талапкердин үнүнө окшош аял менен эркек кишинин сүйлөшкөн аудиосу интернетке тараган. Сүйлөшүүнүн мазмунуна карап, добуш сатып алууга аракеттер болуп жатканын болжоого болот.
Ленин РИИБ добуш сатып алуу фактысы тууралуу кылмыш ишин козгоп, ал эми БШК талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин карап жатат.
Ансыз да "шайлоочулар абдан аз катышты, добуш берүү өтө пассивдүү өттү" деп сыпатталып жаткан шайлоо эми ого бетер ирээнжите турган болуп калды көрүнөт.
Кечээ кечинде тергөөчүлөр Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кетишкен.
"Ыпылас каралоо"
Жекшембиде №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан шайлоо өтүп, алдын ала жыйынтыктар боюнча талапкер Дамира Ниязалиева жеңүүчү болуп жаткан.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышканын, 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алганын билдирген.
Кыргызстанда бир дагы шайлоо добуш сатып алууга байланыштуу ызы-чуусуз өтпөйт, бул жолу да ошондой болду. Борбордук шайлоо комиссиясы жана Бишкек ШИИБи талапкер Дамира Ниязалиевага байланыштуу чулгандуу аудионун териштирип жатат.
Кечээ интернетте тараган аудио сүйлөшүү чын эле Ниязалиевага тийиштүүбү же жокпу азырынча так белгисиз.
Буга чейин Ниязалиеванын шайлоо штабынан делген аялдар акча таратып жатышат деген видео тарап, Ниязалиева аны атаандаштарынын "ыпылас каралоосу" деп атаган.
Онлайн добуш сатып алуу
БШК Кыргызстанда шайлоодо добушту электрондук төлөм аркылуу сатып алуу аракеттери болуп жатышы мүмкүн деп шек санайт. Бирок азырынча бул тууралуу бир да факт каттала элек. Антсе да, анын алдын алуу чарасы катары Боршайком өлкөдө иш алып барган банкттар жана укук коргоо органдары менен бирдикте аракеттерди көрүп жатат.
БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев электрондук добуш сатып алууга көзөмөл Кыргызстанда 2021-жылдан бери эле тажрыйбаланып келе жатат, дейт:
“Соңку эки жылдан бери Улуттук банк жана коммерциялык банкттар шайлого эки күн калгандан тарта акча которууларды көзөмөлгө алып жатат. Айрыкча банкоматтардан бир убакта 500 сомдон жогору салынган акчаларды автоматтуу түрдө токтотушат. Бул добуштарды сатып алууга бөгөт коюунун дагы бир аракети”.
Кыргызстан Борбор Азия аймагында биринчилерден болуп АСУ – шайлоо санагын автоматташтыруу системасына өттү. Аны менен добуштарды бурмалоо, урнага кочуштап бюллетень салуу, башка бирөөлөргө добуш бердирүү көрүнүштөрү жокко чыкты. Соңку жылдары шайлоо мыйзамдары да жаңырып, мурункудай адмнистративдик ресурсту эбегейсиз колдонуу мүмкүнчүлүгү да чектелип жатат. Бирок кыргыз шайлоолорунун баштан бери эле таалуу жери болуп келген – добуш сатып алуу көрүнүшү толук жоюлган жок.
Технология жагынан башкалардан кыйла озуп кеттик деген менен добуш сатуу дагы деле чоң көйгөй экенин БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Маматов Би-Би-Сиге айтып берди.
Адамдан амал качып кутулбайт болуп, добуш сатып алуу эми мобилдик банкингге, онлайнга көчкөн өңдүү.
Улуттук банкка байланышканыбызда алар "кайрылууга байланыштуу коммерциялык банктарга, төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна тиешелүү кат жөнөттү” деген жооп менен гана чектелди.
“Шайлабасаң, тузум урат”
Токсоунучу, эки миңинчи жылдардын башындагы бир топ шайлоонун үгүтү да одоно мыйзам бузуулардан куру калган жок. Чай, туз, шекер, майы, самыны менен эл эсинде калды. Бир баштыкка топтолгон азык-түлүк, баланча талапкердин календары деп үгүт жүрөр эле. Ал тургай айрым бир "берешен" талапкерлер айылдарда ой-боюна койбой отун-суусуна чейин түшүрүп, "кулунуңарды колдоп койгула" деген ураандар менен чыккан мисалдар болду. Андан да өкүнүчтүүсү "үгүт баштыгына" ичкиликти бөтөлкөлөп кошкон кейиштүү көрүнүштөр айтылып эле жүрөт.
Ал тургай өтүк таратып, түгөйүн добуш берсеңер анан беребиз деген мисалдар дагы болгону эл оозунда ылакап болуп калды. Соңку шайлоолордун биринде эле айылга трансформатор орното салып, көздөгөн добушун ала албай калганда анысын кайра чечтирип кеткен, футбол аянтына көк майсаңын төшөй салып, "колдобой койдуңар, сөзүңөргө турбайт экенсинер" деп анысын кайра шыпырып кеткендер тууралуу да кеп болгон.
Заман өзгөрүп, электорат добушун сатып алуунун жолдору да башта айткандай өзгөрүүдө. Эми айрым талапкерлер мобилдик жүктөмөлөр аркылуу элге чыгып, анын пайдасына үгүт билдирүүлөрүн тааныштарына тараткан адамга бирдик жүктөп берүүнү убадалап жатышат.
Бирок эскиче ыкмага салып, элдин добушун сатып алуу аракети дагы деле күчүндө. Шайлоолордо көп жылдар бою жарандык коом атынан байкоочу болуп келген Арзыкан Момунтаева добуш сатып алуунун кандай түрлөрү Кыргызстанда өтө популярдуу экенин Би-Би-Сиге тизмектеп берди:
“Шайлоонун шайтан оюндары деп өтө эле жаман болду да. Эгемендиктин башында ачык-таза, жакшы эле өтүп аткан. Анан кийин ким колунан эмне келсе, ошонун баарын таратпадыбы. Кумшекер, ун, майды гумжардамдай эле таратышты го. Таласта бир окуя болгон. Бир бай киши депутат болом деп Таластагы бүт апаларга пияла, чайнек таратып, добуш топтогон. Менин өзүмдүн апам ошентип добуш бергени эсте. Арак, тамак, эт таратып, тааныш салгандары болду. Ал түгүл продукты таратып, арасына туз кошушуп, шайлабасаң тузум урат дегендер да болгон”.
Момунтаева Таласта онлайн добуш сатып алуу тажрыйбалана баштадыбы же жокпу, маалыматы жок экенин билдирди. Бирок шайлоо алдында акча таратып, электорат көңүлүн табууну каалагандар азыр деле бар экенин айтты.
Добуш сатып алуу – кылмыш
Кыргызстанда добуш сатып алуу кылмыш. Анын жазасы Кылмыш-Жаза Кодексинде да көрсөтүлгөн. Юрист Хусантай Байсариев 196-беренеде көрсөтүлгөн жазаларды чечмелеп берди.
“Аталган берененин 1-пункту боюнча добуш сатып алууга аракет кылганы аныкталган адамга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул салынат делген. Эгер ушул эле кылмышты президенттик же парламенттик шайлоого талапкер өзү же алардын жакын туугандары кылган болсо жазасы 100 миң сомдон – 200 миң сомго чейин болот. Же 5 жылга чейин соттоп ийсе да болот. Бирок бизде антип кылмыш жообуна тартуу ишке аша элек”.
Буга чейин Административдик кодекске да добуштарды сатып алууга каршы чараларды караган өзгөртүүлөр болгон. Ага ылайык, добушун саткан жарандарга да чаралар каралат.
Кыргызстанда адатта ири шайлоолордо талапкерлер жана партиялар чогулуп, шайлоодо добуш сатып алуу сыяктуу таза эмес технологияларды колдонбоо жана ага каршы күрөшүү үчүн "жигиттик" келишимге келишип, меморандумга кол коюшат. Бирок иш жүзүндө ал макулдашуулар тажрыйба көрсөткөндөй иштебейт.