Германияда 50 миң кыргызстандык ишке орношо алат
Германияда Кыргызстандын жарандарын 50 миңге чейин алпарып ишке орноштурууга мүмкүнчүлүк бар. Бул жөнүндө бүгүн Бишкекте Германия менен Кыргызстандын биргелешкен бизнес форумунда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

"Германияда расмий маалымат боюнча он миң, расмий эмес маалыматтар боюнча 15 миңге жакын кыргызстандыктар бар. Биз тиешелүү долбоорго кол коюшуп алсак, жакынкы беш-алты жылда элүү миң адамды ишке жибергенге мүмкүнчүлүк бар",-деди Өмүрбек Текебаев.
Бишкекте "Германия экономикасынын күндөрү" деп аталган бизнес форум жана Кыргыз-герман ишкер кеңешинин биринчи отуруму өтүп жатат.
Бул форум Германияда Россияга салынган санкциялардын шартында газ, мунайдын баасы асмандап, ал эми Кыргызстандын экономикасын рецессия тооруп турган убакта болуп жатат.
Россияда эл аралык санкцияларын кысымы менен көп чет элдик компаниялар ишин токтотуп, иш орундары кыскарып жаткан убакта, кыргыз мигранттары үчүн Европа багытында жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат.
Кыргыз жарандарын кыска мөөнөттүү жумуштарга жиберүү жөнүндө Финляндия, Болгария, Германия менен келишимдерге кол коюлган жатканын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги да билдирген эле.
Ал эми Британиянын компаниясы ушул жылдан баштан кыргызстандык жарандарды биринчи жолу айыл чарба жумуштарына алып жатат. Жумушчулардын биринчи партиясы Британияга май айында жөнөп кеткени белгилүү.

Сүрөттүн булагы, Social media
Европанын рыногунда ишке орношууда кесипкөйлүк маселеси абдан маанилүү.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бишкектеги "Албан лидер" компаниясы эки жылдан бери Чыгыш жана Түндүк Европага мигранттарды ишке орноштуруу менен алек болуп келатат.
"Адистик боюнча чоң проблема бар. Мисалы бизди жүк ташыган машиналар дагы эле солярка, бензин, газ менен иштейт. Алар болсо электрондук унаалар менен иштейт. Ошондой эле бизде эски советтик стандарттар менен иштеп атышат, а тигил жакта башка стандарттар. Керек болсо паркованын да эрежелери башка. Конкуренция болуп атканда кыргыздарды албайт. Капиталисттер убакытты баалайт. Даяр адисти алышат",-дейт бул компаниянын директору Данияр Муканбетов.
Башкасын айтпай эле коелу, керек болсо Кыргызстандын малды күтүрөтө күтүп, күнүгө эт жеген жарандары да эч болбоду дегенде эт комбинатына орношо албайт экен.
"Так ошондой эле, биз эт комбинаттарына жөнөтөбүз. Бизде адистер жок. Алар диплом сурайт. Диплом болбосо виза ачпайт. Ошентип кайра эле биздин адистер четте калып атат".
Чыгыш жана Түндүк Европа өлкөлөрүнө канча кыргыз жараны барып иштеп жатканынын так саны белгилүү эмес. Бирок бул миграциянын багыты соңку жылдары жакшы активдешкенин социалдык тармактардагы маалыматтардан байкаса болот.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Кыргызстанда жашап, дүйнө жүзү боюнча иштеп"
Кыргыз өкмөтү дагы мигранттардын кесиптик потенциалын көтөрүү багытында иштер маанилүү экенин билдирүүдө.
"Биз дагы кара жумуштан имараттардын ичине кирдик, бирок дагы эле өнөрүбүз жетишпей атат. Англис тилин жакшы билбей атабыз. Компьютерди билбей атабыз. Буюрса жакынкы он эки жылдын ичинде орус, кыргыз тилин эле эмес, англис, интернет тилин билип, ден соолугу чың, компьютерде иштегенди билиш керек. Буюрса, мигранттарыбыз Кыргызстанда жашап, дүйнө жүзү боюнча иштегендей принциптерге өтсөкпү деген оюбуз бар",-деди жакында эле миграция боюнча Бишкектеги жыйында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Эл аралык санкциялардын кысымында калган Россиянын чоң шаарларында экономикалык өнүгүү басаңдап, иш орундары кыскара баштаганы бул жакта иштеп аткан кыргыз мигранттары Европа өлкөлөрүнө кеткенге жол издей баштады.
Москвада кыргыз жараны Рахим такиси айдап иштеп жатканына эки жарым жыл болду.
"Жакшы эле иштеп таап аткам, бирок бул жактан чоң компаниялар кетип жаткандан кийин экономика басаңдай түштү, тапкан ташыганыбыз мурдакыдай болбой калды",-деди Рахим Би-Би-Сиге.
Ал Улуу Британияга кыргыз жарандары сезондук айыл чарба жумуштарына кетип жатканын угуп, досу экөө ошол тизмеге илинүү аракетин көрүп жатат. (KC)



































