You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинадагы согуш: Орусиянын "оюндары", тынчтыктан кабар жок
Стив Розенберг
Би-Би-Си Орус кызматынын редактору
Түнкү саат 2:30.
Мен чыга турган жерди табалбай Кремлдин курчоосун дагы деле кең айланып жүрөм.
Алдыда өткөрүү пункту көрүндү. Акыры ага жетип, паспортумду көргөзсөм, ал жактагы күзөтчү "Бул жактан чыгууга болбойт!" деп жооп кайтарды. Колу менен маңдай тарапты көргөзүп, ошол жакка ишарат кылды.
Кайрадан эшик таппай айланчыктап жүрөм. Дагы бир атайын өткөрүү пунктуна жеттим.
"Чыгууга болбойт!" – деген сөздү кайрадан уктум.
Заңгыраган Кремлде түн оокумда адашып кеттим.
Жон ле Карренин романындагы көрүнүшкө туш болдум!
Бул кеч окуяларга тимеле жык толду десем болот. Кремлге кечки беште эле келгем. Журналисттердин чакан тобу менен бирге мени "президент Путиндин иш-чарасына" чакырышкан.
Эмне болгон иш-чара? Башында Кремлде ачыктабай жатып, акыры Владимир Путин суроолорго жооп берээрин айтышкан.
Арадан сегиз саат өткөндөн кийин президент Кремлдин Чоң сарайынын Малахит фойесине кирип келди.
Баштагыда айтылган иш-чаранын максаты толугу менен өзгөрүптүр. Эч кандай пресс-конференции, эч кандай суроолор айтылбай калыптыр. Анын ордуна орус федералдык телеканалынын түз эфиринде Путин билдирүү жасап, Орусия менен Украинанын ортосунда Стамбулда түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады.
Көптөн күткөн иш-чара дагы аяктады. Кремлдин Чоң сарайынан чыгып баратып, кокусунан туура эмес жагына бурулуп кетиптирмин... Адашып жүрүп, акыры чыга турчу жерди таап, таксиге отурдум. Унаага отураарым менен көзүм илинип кетиптир.
Көрсө бул эки жумага созула турчу чоң саясий оюндун башталышы эле экен. Түнкү билдирүүнүн аркасы менен Түркияда убада кылынган тынчтык сүйлөшүүлөрү башталып, аягы Владимир Путин менен Дональд Трамптын эки сааттык телефондук сүйлөшүүсү менен аяктады.
Акыры Украинадагы тынчтыкка бир аз болсо дагы жакындадыкпы?
Азырынча андай өңдөнбөйт.
Кийинки сүйлөөшүүлөрдү талкуулай келгенде эле кайсы бир "меморандум" жөнүндө сөз болуп келүүдө, бирок мунун келечеги бүдөмүк көрүнүүдө.
Согуш талаасында октун үнү али басыла элек.
Кандуу согуштун толук токтошуна Орусия бийлиги каршы чыгууда. Басып алган жерлерди кайтарып берүү ниети дагы жок. Тескерисинче, андан дагы көбүрөөк жерлерди каратып алууга белсенүүдө.
Бул көрүнүш менин түн оокумда Кремлде чыга турчу эшикти таппай карайлап жүргөнүмдү элестетти.
Украина маселеси боюнча деле "чыга турчу жолу" көрүнбөйт.
Өз багытына карай арыш алуу
Соңку эки жума ичинде көп нерсе ачык-айкын байкалып калды.
Биринчиден, Орусия өзүнө каршы потенциалдуу коркунучтарды жана "саясий басымдарды" кантип жокко чыгарып жатканы байкалды.
Кремлди сындагандар муну башкача атамак: орус бийлиги убакытты создуруп жаткандай сыпаттамак.
10-май күнү — Кремлдеги жогоруда сүрөттөлгөн көрүнүштөн бир нече саат мурун — европалык лидерлер Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Путинге ультиматум коюшкан: эки күндүн ичинде Украинада узак мөөнөттүү ок атышууну токтотууга макул болуу — же жаңы санкциялардын жарыяланышын күтүү.
Март айынан бери Трамптын администрациясы Киев менен Москва ортосундагы ок атышууну 30 күнгө токтотуу жөнүндө тынчтык келишимин сунуштап келүүдө. Киев бул идеяга дароо макул болсо, Москва андан баш тартууда.
Путин Түркияда түз сүйлөшүүнү жүргүзүү сунушун киргизип, европалык лидерлердин ультиматумун "кыйгап кетти". Украина дагы, Европа дагы бул идеяга шектенип турду. Бирок анын аркасы менен Трампты "жоошутуп", аны Орусия бийлиги тынчтыкка даяр экенин ынандыра алды. АКШ президенти толугу менен сүйлөшүүлөрдү колдоду. "Кыйратуучу" санкцияларды киргизүү сунушу дагы четтетилди.
16-майда Трамп Стамбулдагы жолугушуунун алдында сүйлөшүүлөргө Путин өзү барып калышы мүмкүн экенин айткан эле. Жыйынтыктай келгенде орус лидери барган жок, өзүнүн ордуна деңгээли төмөн делегацияны жөнөткөн. Жолугушууда алар ок атышууну узак мөөнөткө токтотуу идеясын кайрадан четке каккан.
Көзгө көрүнөрлүк натыйжа болбосо дагы, ал жолугушуунун аркасы менен АКШ президентин прогресс бар экенине ынандырууга жетишишти. 19-майда Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү.
Анын жыйынтыгы менен Орусия согуштук аракеттерди токтотууга эч кандай макул болгон эмес. Анын ордуна, Трамп айткандай, "Орусия менен Украина дароо ок атышууну токтотуу жана андан да маанилүүсү, согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат".
Бирок орус бийлиги Украинанын президенти Володимир Зеленский менен келечекте кандайдыр бир тынчтык келишимине кол коюуда анын легитимдүүлүгүнөн күмөн санашууда. Бир жылдан бери Москва Зеленскийдин легитимдүүлүгү боюнча маселе көтөрүп, анын мөөнөтү бүтүп, жаңы шайлоо өткөрүлбөй жатканын айтып келүүдө.
Андай билдирүүлөр Украинанын Конституциясына жана согуш маалында шайлоо өткөрүүгө түздөн-түз тыюу салган мыйзамдарына карама-каршы келет. Ал эми анын башкы себеби – орус армиясынын басып киргени.
"Орусия сүйлөшүү үчүн тегерек үстөлгө чогулуп, президент Зеленский менен тынчтык келишимине барабы?" - деп Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго жума күнү суроо узаттым.
"Сиз арабаны аттын алдына чиркеп жатасыз. Алгач келишим болушу керек - ал качан макулдашылат, биз чечебиз. Бирок президент Путин буга чейин бир нече жолу айткандай эле, Зеленский легитимдүү эмес. Мындай жагдайда оптималдуу чара катары шайлоо өткөрүү болмок...", – деди Лавров.
Күчкө салууну жактаган Орусия
Орус маалымат каражаттары акыркы эки жуманын ичинде Москванын дипломатиялык аракеттери анын позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берди деген бүтүмгө келишти.
"Бул татаал, чырмалашкан дипломатиялык покер оюнунда ким жеңгени айдан ачык. Жеңүүчү [Орусиянын президенти] Владимир Путин жана Орусия болду", – деп өткөн аптада "Известия" гезити жазган.
"Дональд Трамп Москва үчүн ыңгайлуу позицияны карманууда. "Адегенде сүйлөшүү, анан ок атышууну токтотуу" деген орус формуласын колдоп, Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүдөн баш тартты", — деп жазды "Коммерсант" гезити.
"Азыркы тапта Дональд Трамп айрым маселелер боюнча биздин идеологиялык өнөктөш. Анын көз карашы европалыктарга караганда орустардыкына кыйла жакын болууда", – деп "Коммерсант" гезитине дагы бир саясат тануучу билдирген.
Ал эми Кремлдин позициясын ашыкча жактаган "Комсомольская правда" гезити европалык лидерлерге мындай таризде кайрылган:
"Силерди эскерткенбиз – аюуну ар кандай коркутуулар жана ультиматумдар менен "чочутпагыла". Өзүнөрдүн шартыңар менен башкалардын сүйлөшүүлөрүнө кийлигишпегиле. Кичинекей үйүңөрдө тынч отура бергиле".
Москванын бул багыттагы ишеними согуш талаасындагы артыкчылык менен дагы бекемделүүдө.
Эмнеге Трамп орус бийлигине басым көрсөтпөй жатат?
2023-жылдагы шайлоо кампаниясы учурунда Трамп президент болгондон кийин Украинадагы кандуу согушту 24 саат аралыгында токтотууга убада берген.
"Мен Зеленскийди билем, Путинди дагы жакшы тааныйм. 24 сааттын ичинде жөнгө салынат, көрөсүздөр", – деп айтканы бар эле.
Бирок Трамптын бийликке келгенине төрт айдан ашык убакыт өтсө да Украинада согуш уланып жатат.
Кээ бир учурларда ал Кремлди сындап, аларга жаңы санкция киргизерин айтып коркутканы бар. Апрелде Орусиянын чабуулун айыптап чыккан.
"Акыркы бир нече күндө Путиндин турак жайларды, шаарларды жана айылдарды ракета менен аткылоосуна эч кандай зарылчылык жок болчу. Анын мындай кадамы ойлондуруп жатат, балким ал согушту токтоткусу келбей, мени жөн эле алдап жаткандай. Аны менен башкача мамиле кылуу керек окшойт – "финансылык" же "экинчи даражадагы санкцияларды" киргизүү керек деген ойлор туулат?", – деген Трамп.
Бирок мындай кескин айтылганы менен эч кандай чара көрүлгөн эмес. АКШ президенти Кремлге кысымды күчөтпөй эле, тескерисинче, Москвага АКШ-Орусия мамилесин калыбына келтирүүгө ишарат кылып жаткандай көрүнөт.
Эки өлкөнүн башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин Путиндин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков журналисттерге: "Трамп Орусияны АКШнын соода-экономикалык багыттагы эң маанилүү өнөктөшү катары карап жатат", - деп билдирген.
Трамп Украинадагы согуш кандай багытта өнүгүп кетпесе дагы, Орусия менен жакындашууну улантууга даяр экени көрүнөт.
Муну Москва дагы түшүнүп жаткандай.
"Трамп Орус бийлиги менен кийинки сүйлөшүүлөрдү Украинадагы жагдайды жөнгө салуу менен байланыштырбай эле", – деп орус өкмөтүнө караштуу "Российская газета" башкы чыгарылышында айтылган.
Муну менен Кремль жаңы чектөөлөрдү киргизүү коркунучунан толугу менен кутулду дегенди билдирбейт. АКШ Сенаты орус бийлиги сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кыла баштабаса, Орусияны жаңы санкциялар менен коркутту.
Буга чейин орус бийлиги аларды Украинага байланыштуу компромисске жана эпке келүүгө мажбурлай турчу ар кандай кысымдардан качып же кутулуп келишкен.
Путин мурдагыдай эле таризде ишин улантчудай көрүнөт. (КВ)
Бул Стив Розенбергдин макаласы. Анын түп нускасын бул жерден окусаңыз болот.