Украина менен Орусия төрт жүзгө жакын туткунду алмашты

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Орусиянын Коргоо министрлиги Стамбулда жетишилген келишимдин алкагында 270 аскер жана 120 жайкын тургун кайтарылганын билдирди. Бул эки тараптын масштабдуу түрдө туткун алмашуусунун биринчи этабы.

Үч жыл мурун үзгүлтүккө учурап, жакында эле жанданган Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында Москва менен Киев "1000ге 1000" туткун алмашуу келишимин түзүшкөн.

Бул ошол жолугушууда тынчтыкка карай жасалган жападан жалгыз конкреттүү кадам болгон.

Украин президенти Володимир Зеленский да бул маалыматты ырастады:

"1000ге 1000" формуласы боюнча алмашуунун биринчи баскычы ишке ашты. Бул макулдашууга Түркияда жетишилген. Бүгүн 390 адам кайтарылды. Ишемби жана жекшембиде дагы уланат деп күтөбүз".

Мурдараак Украинадагы Би-Би-Синин булактары туткун айырбаштоо жараяны башталганын ырастап, ал бир нече күнгө созулушу мүмкүн экенин билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги кайтарылган 270 аскер менен кошо Курск облусунун тургундары делген 120 жаран бар экенин маалымдады. Алардын ордуна Украин куралдуу күчтөрүнүн 270 аскери жана 120 жараны өткөрүп берилгени айтылат.

Министрлик билдиргендей, "туткун алмашуу алдыдагы күндөрү да уланат". Демек "1000ге 1000" келишимин аягына чыгаруу бир нече күнгө созулушу мүмкүн.

Тараптар бул жараянды Украинадагы согуш башталгандан берки эң ири туткун алмашуу деп жатышат.

Алмашуу жараяны башталганын биринчилерден болуп АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social платформасына жазды.

"Эки тарапты сүйлөшүүлөр үчүн куттуктайм. Бул чоң нерсенин башталышы болушу ыктымалбы???" - деди ал.

22-майда Москва менен Киев алмашыла турган туткундардын тизмеси эки тараптын тең колуна тийгенин ырасташкан.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков маселе оңой эмес экенин айтып, сөз миң адам тууралуу болуп жатат деген эле.

Буга чейинки туткун алмашуулар Бириккен Араб Эмираттарынын ортомчулугу аркылуу өтүп келген. Соңку алмашуу жарыяны 6-майда болду. Анда эки тарап 205тен туткун алмашты.

Орусия менен Украина 16-майда Стамбул шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдө согушту токтотуу боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Бирок эки тарап анда 1000ден туткун алмашуу маселесин чечкен. Бул 2022-жылдын жазынан бери согушуп жаткан эки өлкө ортосундагы алгачкы түз сүйлөшүү болду.

Украина президенти Володимир Зеленский бул келишимди "Түркиядагы жолугушуудагы жападан жалгыз оң жыйынтык" деп атады.

Орусия делегациясынын башчысы Владимир Мединский ок атышууну токтотуу боюнча ар бир тарап өз сунушун даярдашы керек деген эле.

Кийинки сүйлөшүүлөр качан жана кайсы жерде өтөрү азырынча белгисиз. (SA)