Трамп: Киев менен Москва ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүнү тезинен баштайт

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Американын президенти Дональд Трамп кызматка келгенден бери Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу үчүнчү ирет сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу эки лидер тең кыска билдирүү менен эле чектелди.

Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү эки саатка созулду. Андан соң Путин Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишимине жетүү боюнча түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону колдогону үчүн Трампка ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле "Украинадагы тынчтык келишими боюнча меморандумдун үстүндө иштөөгө даяр экенин" журналисттерге айтты.

"Биз украин тарапка бир катар позицияларды, мисалы жөнгө салуу принциптерин, мүмкүн болгон тынчтык келишиминин мөөнөтүн жана башкаларды аныктоо менен келечекте ишке ашышы мүмкүн болгон тынчтык келишимине байланыштуу меморандум сунуштай ала турганыбызды, мунун алкагында украин тарап менен иштешүүгө даяр экенибизди АКШ президентине айттым", - деди Путин.

Путин бул согуштагы орустардын позициясын дагы бир жолу кайталады:

"Орусия үчүн эң негизгиси бул кризистин түпкү себептерин жок кылуу. Албетте, эки тарап тең тынчтыкка болгон умтулуусун көрсөтүп, бардык тараптарга ылайыктуу компромисстерди табышы керек".

Дональд Трамп Путин менен сүйлөшүү "эң мыкты" өттү деп билдирди. Анын айтымында, Москва менен Киев ок атышууну токтотуу жана элдешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү "дароо" башташат.

"Орусия президенти Владимир Путин менен эки сааттай сүйлөштүк. Менимче, абдан жакшы өттү. Орусия менен Украина ок атышууну токтотуу жана андан да маанилүүсү согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштаганы жатат. Мунун шарттарын эки тарап өзү сүйлөшүп алат, анткени бул маселенин чоо-жайын башкаларга караганда эки тарап жакшы билет", - деп жазды ал Truth Social коомдук сайтына.

Трамп бул сүйлөшүүлөр тууралуу украин президенти Володимир Зеленскийге, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйенге, Франциянын президенти Эммануэль Макронго, Италиянын премьер-министри Жоржио Мелониге, Германиянын канцлери Фридрих Мерцке жана Финляндиянын президенти Александр Стуббга билдирди.

Трамп ошондой эле "Ватикан сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө абдан кызыкдар болуп жатканын" кошумчалады.

Санкциялар боюнча пикир келишпестиктер

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Трамп менен сүйлөшкөн учурда европалык лидерлер Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү чечкенин айткан.

"Ок атышууну токтотуу жолунда Европа менен Америка Украинаны колдойбуз. Европа санкциялар аркылуу Москвага кысымды күчөтөт. Биз бул тууралуу АКШ президенти менен Путиндин сүйлөшүүсүнөн кийин макулдаштык", - деп жазды Мерц X платформасына.

Европалык лидерлер Американын санкцияларын күчөтүү боюнча Трамп менен макулдашканбы же жокпу, бул түшүнүксүз. Трамптын Путин менен бир нече жолу сүйлөшкөнүн эске алганда, АКШ Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүүнү пландаган жок.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Орусияны мажбур кылуу үчүн жаңы санкцияларды эмнеге киргизбей жатасыңар деген журналисттердин суроосуна Трамп мындай деп жооп берди:

"Бул маселени жөнгө салууда бизде башка мүмкүнчүлүк бар, эгер муну кылсак [санкцияларды киргизсек], абал оорлошуп кетиши мүмкүн. Бирок качандыр бир күнү ушундай болушу мүмкүн".

Бул билдирүүнү улай Трамп 18-апрелде айткан сөзүн дагы кайталады:

"Эгер сүйлөшүүлөр эч кандай жыйынтык бербей турган болсо, согушту токтотууга болгон аракетимди токтотом".

Зеленский Орусияга кысым көрсөтүүгө чакырды

Украина президенти Володимир Зеленский эгер Орусия согушту уланта берсе, кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салууда реалдуу эмес шарттарды сунуштаса, ага каршы санкциялык кысымды күчөтүү керек деп билдирди.

"Эгерде Орусия адам өлтүрүүнү токтотпосо, туткундарды жана барымтадагыларды бошотпосо, Путин реалдуу эмес шарттарды коюп жатса, анда Орусия согушту атайлап улантып жатканын түшүнүү керек. Европа, Америка жана бүткүл дүйнө ошого жараша мамиле кылып, кошумча санкциялар менен жооп бериши зарыл деп ойлойбуз. Орусия өзү баштаган согушту өзү токтотушу керек, Украина дайыма тынчтыкты көздөйт", - деп жазды Зеленский Telegram платформасына.

Трамп менен Путин сүйлөшкөнгө чейин жана андан кийин Зеленский Трамп менен эки жолу сүйлөшкөнүн айтат. Экинчи жолку сүйлөшүүгө Франция, Италия, Германия, Финляндия жана Евробиримдиктин лидерлери катышты.

"Биз ок атышууну тезинен токтотууга дайыма даярбыз, ал үчүн эч кандай шарт койбойбуз. Бул тууралуу президент Трампка дагы айттым. Эгерде орустар украин жеринде адам өлтүрүүнү токтотпосо, анда аларга карата катуу санкцияларды салуу керек. Кремлге жасалган кысым аны тынчтык сүйлөшүүлөрүнө мажбур кылат, бул айдан ачык иш", - деди Зеленский.

Ал ошондой эле жыйынтык бере турган бардык форматта Орусия менен түз сүйлөшүүлөргө даяр экенин баса белгиледи:

"Түркия, Ватикан, Швейцария — биз мүмкүн болгон бардык вариантты карап жатабыз. Украина сүйлөшүүлөрдө реалдуу чечимдерди кабыл алууга даяр. Орусия дагы мындай сүйлөшүүлөргө даяр болушу керек".

Ок атышууну токтотуу тууралуу "токтоосуз" сүйлөшүү. Би-Би-Си кабарчысы Сергей Горяшко Трамп менен Путиндин сүйлөшүүлөрү тууралуу:

Трамп менен Путин ушуну менен үчүнчү ирет телефон аркылуу байланышып, анын жыйынтыгы тууралуу кыскача маалымат беришти. Экөө тең эки саатка созулган сүйлөшүүгө ыраазы экенин билдирип, бири-биринин дарегине мактоо сөздөрүн айтышты. Трамп сүйлөшүүнүн "тонуна жана духуна" баа берди, ал эми Путин Киев менен түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого жардам бергени үчүн кесиптешине ыраазычылык билдирди.

Орус президенти Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даяр экенин айтты, америкалык лидер Путиндин ниетине ыраазы болуп, согуш аяктаганда Орусиянын соодасы үчүн "эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү" убада кылды. Трамп Украинага да ушундай эле убаданы берди.

Москва менен Киев ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тезинен башташат деп Трамп айтып жатат. Америка президентинин айтымында, эки тарап сүйлөшүүнү ортомчуларсыз өздөрү жүргүзүшү керек. Трамптын эмнени көздөп жатканы белгисиз, себеби эки тарап өткөн аптада Стамбулда сүйлөшүүлөрдү баштаган, бирок ал жолугушуудан кийин ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин карааны көрүнгөн жок.

Путин Украина менен "тынчтык келишимин камтыган меморандум боюнча" иштешүүгө даяр. Путин айткандай, бул документте жөнгө салуу принциптери камтылган, макулдашуу ийгиликтүү болсо, белгилүү бир убакытка ок атышууну токтотуу мүмкүндүгү да каралат.

Украинада ок атышууну токтотууга карата Путиндин пикири мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калууда. Болгону бул жолу ал "нюанстарды" санаган жок. Кайра эле Орусиянын "айкын" позициясы тууралуу эскертти.

"Биз үчүн эң негизгиси бул кризистин түпкү себептерин жоюу", - деп кайталады Путин. 17-майда Стамбулда өткөн украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский тараптар ок атышпоо тууралуу деталдуу көз карашын сунуштай турганын убада кылган. Ал сүйлөшүүлөрдүн мазмуну менен таанышкан ишенимдүү булактардын айтымына караганда, Орусия Украинанын беш аймагын толук оккупациялап алууну көздөп жатат.

Киев үчүн бул кабыл алынгыс шарт. Демек, элдешүү жакын эместей көрүнөт.

Путин "кан төгүүнү" токтотууга кызыкдар болуп жатканын айтып, Трампты буга ынандырууда, бирок ок атышууну тезинен токтотуу идеясын белгисиз мөөнөткө жылдырып салгандай таасир калтырды.