You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Лавров Ватиканда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө каршы
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрүн Ватиканда өткөрүү демилгесин четке какты. Кезектеги жолугушууну ал жакта өткөрүү демилгесин АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган.
Өткөн аптанын башында Трамп Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал бүтөөрү менен Орусия менен Украинанын делегациялары жакын арада түзмө-түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү мүмкүн экенин, ал эми жолугушуу болсо Ватиканда өтүшү ыктымалдыгын билдирген.
Жаңы шайланган Рим папасы Лео XIV дагы мындай жолугушууга ортоктош болууга даярдыгын өткөн шейшемби күнү ырастаган. Ал арада Украина президенти Володимир Зеленский бул жаатта сүйлөшүүлөр өтүп жатканын, жолугушуу "аянтчасы" катары Ватикан, Швейцария жана Түркия каралып жатканын айткан.
Бейшемби күнү Bloomberg агентствосу ишенимдүү булактарына таянып, орус бийлигине Ватиканда жолугушуу демилгеси жакпай жатканын, адаттагыдай эле Стамбулда өтөөрүнө үмүттөнүп жатышканын жазган.
23-май күнү Сергей Лавров тынчтык сүйлөшүүлөрдүн Ватиканда өткөрүү демилгесин колдобой турганын, бирок анын ордуна башка жолугушуу "аянтчасы" боюнча эч кандай ою жок экенин айтты.
"Сүйлөшүүлөрдүн Ватиканда өтүп жатканын элестетиңиз? Православ өлкөлөрү католиктердин жеринде жаңжалдын түпкү себептерин жоюу тууралуу маселелерди талкуулап жатканын ойлоп көрүңүз. Бул жагы жарашпай калат", - деди Лавров.
Лавров Украин бийлиги "Украинанын православдык чиркөөсүн талкоолого багыт алды" деген сөзүн кайрадан кайталады. Киевде мындай дооматтарды четке кагып, УПЧтин буга чейин Москва патриархаты менен байланышта болгондуктан, мамлекеттен диний көз карандылыкты жоюуга багытталган мыйзамдар кабыл алганын ырасташууда. Ал арада УПЧтин иерархтары орус армиясы басып киргенден көп өтпөй Орусия православдык чиркөөсүнүн бир бөлүгү болууну токтотушканын айтып келишет.
"Ушундай жагдайлардан улам, менин оюмча, Ватикандын өзү эки православдык өлкөнүн делегацияларын кабыл алууда ыңгайсыз абалда калат", – деди Лавров. Бул тууралуу ал улуттук иденттүүлүккө арналган конференцияда сүйлөп жатып билдирди.
Эске салсак, Орус бийлиги Украинанын НАТОго мүчө болуу каалоосунан баш тартуу, ошондой эле 2014-жылдагы Евромайдан жана ошол кездеги президент Виктор Януковичтин качуусунан кийин өлкөдө калыптанган жалпы саясий системаны "жаңжалдын башкы себептери катары" атап келүүдө.
"Зеленскийдин хунтасы"
Орусия Украина менен түзмө-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартпаганын, бирок Володимир Зеленскийдин жана аны колдогон европалык союздаштарынын тынчтык келишиминин шарттарын четке кагып келет.
АКШнын президенти Дональд Трамп Киев менен Москва ок атышууну 30 күнгө токтотуу режимин жарыялап, андан соң гана тынчтык келишимин түзүү демилгесин көтөрүп чыккан. Зеленский бул идеяга дароо макул болгон.
Трамп ошондой эле бир нече жолу Путиндин согушту токтотууга жана компромисстерге барууга даяр экенине ишенгенин айткан. Бирок жума күнү Лавров кайрадан тынчтык келишимине жетүү Украинанын маанилүү саясий компромисске даяр болушу керектигин кайталады.
"Эгерде Зеленскийдин хунта бийлиги кандайдыр бир тынчтык келишимине жетишүүнү ойлонуп жатышса, кийин алар өздөрү ойлоп чыгарган мыйзамдар менен калган Украинаны башкарса – бул иллюзия гана, андайга жол бербеш керек", – деди Лавров.
Москва Киевди орус тилдүү калктын укуктарын бузууда деп айыптап, аларды коргоо маселеси азыркы жаңдалдын ("аргасыз чабуулдун") башкы себептеринин бири болгонун айтып келет.
Бирок социологтордун изилдөөсүнө ылайык, толук масштабдуу согуш Украинада орус тилинде сүйлөгөн калктын санын кескин азайтты. 2023-жылдын башында "Демократиялык демилгелер" фонду жана Разумков борборунун социологиялык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, украин тилин "эне тилим" деп атагандардын саны 78% түздү (2017-жылы 68%, 2006-жылы 52% болгон). Ал эми орус тилин эне тили деп эсептегендердин саны 6% гана түзгөн, ушул эле көрсөткүч 2006-жылы 31%, 2015-жылы 15% болгон.
Украина Москванын өз мыйзамдарын жокко чыгаруу талаптарын кабыл алууга мүмкүн эмес деп эсептейт. Киев ошондой эле беш облустун Орусия тарабынан басып алуусун (аннексиясын) эч кандай шартта тааныбасын айтып келет. ЖМК маалыматы боюнча, Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө орус делегациясы Украинага "кабыл алынгыс" шарттарды койгон. Аларды украин бийлиги четке каккан.
Москва кайрадан Зеленскийдин легитимдүүлүгү боюнча маселе көтөрүүдө
Орусиянын тышкы иштер министри кайрадан Володимир Зеленскийдин легитимдүүлүгү боюнча сөз кылды. Украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча документтерге кол коюуда анын легитимдүүлүгү чоң мааниге ээ болот деп билдирди.
"Эгер эч ким ишенбеген, бийлигин тааныбаган адамдар кол койсо, алардан кийин өлкө башына келгендер макулдашуудан күмөн санап калышы мүмкүн", – деди Лавров.
Буга чейин Кремль Украинанын президенти менен Жогорку Раданын мыйзамдуулугунан улам-улам күмөн санап, алардын мөөнөтү бүтүп, жаңы шайлоо өткөрүлбөй жатканын айтып келген.
Бирок бул билдирүүлөр Украинанын Конституциясына жана согуш маалында шайлоо өткөрүүгө түздөн-түз тыюу салган мыйзамдарына карама-каршы келет. (KB)