You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстандын аймактарындагы вирусту ооздуктоонун өз алдынча тажрыйбаcы
Коронавирус Нарын облусунда тездик менен жайылууда. Ал ортодо илдеттин алдын алуу боюнча Талас аймагы үлгү болуп жатат. Ысык-Көлдө болсо, жергиликтүү тургундар айылдык оорукананы обсервация кылууга каршы чыгышты.
Өлкөнүн башка дубандарында вирусту ооздуктоонун кандай тажрыйбаcы болууда?
Нарын: “эл камырабай жатат”
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жыйырма жети адамдан аныкталды, алардын он тогузу Нарын тургундары болуп чыкты. Вирус шаардык мэрияга чейин жетти.
“Жугузуп алгандардын арасында вице-мэр дагы бар. Нарында тогуз медициналык кызматкерден да вирус табылды. Издөө, иликтөө процесстерин кеңейтип, баарын карап чыкканга аракет кылып атабыз. Оорулуулардан ахыбалы ал жерде тузүк эле”,- деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Буга чейин Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн жана жоон топ милиция кызматкеринен коронавирус чыккан.
Башка облустарга салыштырмалуу Нарында абал курч бойдон калууда. Вирус жалпысынан 213адамдан аныкталды.
“Элде аябай эле ишенбөөчүлүк болуп жатат. Бул жөн эле оору деп атышат.Элдин эле камараабыстыгы болуп атат”, -деди жергиликтүү тургун Элнура.
Маска кийип, социалдык аралыкты сактагандар аз болуп атат, дейт ал. Облуста өзгөчө Ат-Башы районунда илдетке чалдыккандар көбөйүүдө, вирус аймакка динчилдер аркылуу кирген.
Талас: күчтөп обсервацияга алуу
Кыргызстанда жалгыз Талас облусунда коронавирустун бир да учуру катталган жок. Аймакта коомдук тартипке көзөмөл күчтүү болуп жатат.
Бишкектеги обсервациядан чыга качкан элүү бир мигрантты жергиликтүү бийлик Таласка кире бериштен кармап, айрымдарын күчтөп обсервацияга жаткырды.
Таза деген тест жыйынтыгына карабай жергиликтүү бийлик келгиндерден кошумча ПЦР-анализдерин да алып жатат.
Жергиликтүү бийликтин чапчаңдыгы жана элдин мобилдешүүсү вирусту ооздуктоого өбөлгө болууда.
“Ар бир айыл аймагы өздөрү көчөмө-көчө айылдарда постторду уюштуруп, тамак-ашына чейин камдап бизге аябай жардам берди. Ошонун эсебинен дезинфекция иштери айылдардын көчөлөрүнө чейин болуп атты, азыр да жүрүп атат. Азыркыга чейин кээ бир айылдарда өз демилгелери менен постторду кармап турушат”,- деди облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев Би-Би-Сиге.
Губернатор өкмөт бекитип берген алгоритмден чыкпай иш алынып барып жатканын да баса белгиледи.
Ысык-Көл: чочулаган элдин митинги
Таластан кийинки эле коронавирусту ооздуктап жаткан алгылыктуу аймак – Ысык-Көл. Облуста вирусту 14 адам алып жүрөт. Ошентсе да эл арасында вирус андан ары жайылып кетеби деген чочулоо күч болууда.
Эки күн мурун Жети-Өгүз эли райондук оорукананы обсервацияга кылууга каршы болуп нараазылык митингисине чыгышты.
Жергиликтүү тургундар райондук администрациянын ишине нааразы болуп, тыштан келип жаткан акчалардын эсебин да сурашты.
“Ыкчам топтор иштеп атат. Орусиядан, Мекеден же Сауд Арабиядан келеби, кишилерди ыкчам топ аныктап, ПЧР тесттерди алып атат. Ыкчам топ күнүгө беш жерге барып атат. Ошолордун май-чайына жардам берип атабыз. Донорлордун акчасы ЦСМдерге өзүнчө келип атат”, -деди аким Мурат Раматов.
Апрелде Түп айылынын тургундары да митинге чыгып, коронавирус бейтаптарды кабыл алуучу имараттын терезе-айнегин сындырганга чейин барышкан. Облус бийлиги Ысык-Көлгө кире бериште жарандарды коронавируска тест тапшырууга милдеттендирип чечим кылып, бирок анысы ишке ашпады. Өз чөнтөгүнөн кымбат тесттен өтүүгө эл каршы чыкты.
Жай мезгили келип облус тургундары быйыл ички туризм эсебинен акча табууга ниеттүү болуп жатат. Бирок коронавирус шартында эс алуунун өзүнчө жол-жобосун иштелип чыгарын вице-премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейин билдирген эле. Көл жээгинде эс алуусунун эрежелерин саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыкмай болду. (EKa)