"Керемет Банкка" салынган санкция: тобокелдиктер жана көзөмөл
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн апта соңунда АКШ өкмөтү "Керемет Банкка" санкция салгандыгы тууралуу маалымат Кыргызстандын финансы секторунун тынчсыздануусун жаратты. Банк болсо эч кандай санкцияланган товарлар же шектүү операциялар менен байланышы болбогонун айтып чыкты. Айрым адистер бул чечим инвестициялык келишимдердин ишке ашырылышына коркунуч туудуруп, финансы тармагындагы туруктуулукка шек келтириши мүмкүн дешүүдө. Кыргызстандын бийлиги маселеге байланыштуу АКШнын Каржы министрлигинен расмий түшүндүрмө алууга аракет кылып жатканын кабарлады.
АКШнын Каржы министрлиги тараткан маалыматка караганда, "Керемет Банк" санкцияларды айланып өтүү схемасына катышкан. Ал АКШ тарабынан санкцияланган "Промсвязьбанкка" жардам көрсөтүп, трансчекаралык которууларды жеңилдеткен.
Билдирүүдө "Промсвязьбанк" тууралуу дагы кеңири маалымат берилген. Анда АКШ банкты 2022-жылы санкцияга алганы айтылат.
Маалыматка караганда банк Орусиянын коргонуу тармагына байланыштуу финансылык операцияларды тейлөө максатында аталган өлкөнүн өкмөтү тарабынан 2018-жылы улутташтырылган.
""Промсвязьбанк" орусиянын аскердик-өнөр жай тармагын каржылоого миллиарддаган доллар берген",- деп айтылат анда.
Билдирүүдө орус-молдован олигархынын дагы аты аталды. Анда "Керемет Банктын" үлүшүнүн кайсы бир бөлүгү Орусия өкмөтү менен байланышы бар олигархка сатылганы айтылат.
"Керемет Банктын" позициясы
АКШнын Каржы министрлиги "Керемет Банк" санкцияга кабылганын жарыялагандан көп өтпөй эле банк өз билдирүүсүн таратты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мекеме бардык мыйзам талаптарын так сактаганын жана кардарлардын ишенимин сактоого умтулганын жазган.
Банк өз ишмердүүлүгүн ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерине таянып жүргүзөрүн баса белгиледи.
"Биз улуттук мыйзамдар жана эл аралык укуктук талаптардын алкагында иш алып барабыз. Кыргызстандын экономикалык туруктуулугун камсыздоодо өз милдеттерибизге берилгендигибизди жана кардарларыбыз менен өнөктөштөрүбүзгө сапаттуу кызмат көрсөтүүгө умтулган ишенимдүү банк бойдон каларыбызды дагы бир жолу тастыктайбыз",- деп айтылат анда.
Ошондой эле банк Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) айыптоолоруна каршы расмий түрдө аларга кайрылганын билдирди.
Банктын маалыматы боюнча, аталган окуя анын ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизбейт. Бардык бөлүмдөр кадимки тартипте иштеп, операциялык иштер толук көлөмдө жүргүзүлүүдө.
"Керемет Банк" аманатчылардын алдындагы бардык милдеттенмелерди өз убагында аткарууну улантат. Биз өнөктөштөр жана кардарлар үчүн бардык өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип турабыз жана эл аралык аудиторлор менен кызматташууга даярбыз," – деп билдирет банк жетекчилиги.
"Банк сектору туруктуу"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Окуядан кийин Кыргызстандын Улуттук банкы дагы банк секторунун ишмердиги боюнча маалымат таратты.
Улуттук банк белгилегендей, коммерциялык банктар кадимки тартипте иштеп, кардарларга үзгүлтүксүз түрдө банктык кызматтарды көрсөтүүдө.
Анда Кыргызстандын банк системасында санкциялардын терс таасирлерин азайтуу жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат.
"Бүгүнкү күндө банк сектору туруктуу, ар кандай тышкы тобокелдиктерге туруштук бере ала турган жетиштүү капиталга жана ликвиддүүлүккө ээ. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатышат жана кардарларга үзгүлтүксүз негизде банктык кызматтарды көрсөтүүдө. Ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу",- деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк өлкөнүн финансы системасын коргоо үчүн зарыл болгон учурда кошумча чараларды көрүүгө жана инструменттерди колдонууга даяр экенин билдирди.
"Биз дагы жөн отурган жокпуз. Башынан баштап эле банктарды санкцияларга байланыштуу мыйзамдарды сактоого чакырып келебиз. Бул багытта тынымсыз жолугушуулар, иштер жүрүп турат. Эл аралык эксперттер менен дагы жолугушуулар болуп келген. Буга байланыштуу коммерциялык банктарга каттарды жолдоп, эскертүүлөр берилип келет. Ички көзөмөл системасын күчөткүлө деген тапшырмалар байма-бай айтылып турат",- деди Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева Би-Би-Сиге.
"Таң калыштуу маселе болуп жатат"

Сүрөттүн булагы, Данияр Амангельдиев
"Акчабар" порталына маалымат берип жатып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиев бул таң калыштуу маселе болуп жатканын айтты.
Министрлер кабинети АКШнын Каржы министрлигинен түшүндүрмө сурап кайырылганын билдирди.
"Керемет Банк" чын эле мамлекеттик банк болгон. Ал учурда Улуттук банктын тышкы башкаруусу астында болчу. Биз аны приватизациялоого даярдап жатканбыз. Ал учурда шектүү операциялар жүргүзүлгөн эмес. Акциялары сатылгандан кийин дагы андай андай иштер болгон жок. Ал жакта санкцияга илинген товарлар болгон эмес",- деди төрага орун басары.
Ошондой эле ал кыргыз бийлиги санкция маселесине байланыштуу өтө кылдаттык менен көзөмөл жүргүзүп турарын билдирди.
"Биз дагы ал жерде эч кандай шектүү операциялар жүргүзүлгөн эмес деген документтерди, банктагы бардык төлөм операцияларын көрсөтүүгө даярбыз. Айрыкча "Промсвязьбанк" менен эч кандай операциялар болгон эмес",- деди ал.
Амангельдиев мындай жагдай инвестициялык келишимдин ишке ашырылышына коркунуч жаралып жатканын кошумчалады.
Министрлер кабинети берген маалыматка караганда, тиешелүү мамлекеттик органдар "Керемет банкты" санкциялар тизмесинен чыгаруу маселесин карап жатышат. Бул боюнча кайрылуу (петиция) даярдалууда.
"Керемет Банктын" 97,45 пайыздык акциясы Улуттук банкка таандык болгон. 2024-жылдын 29-мартында бул акциялар толук көлөмдө Каржы министрлигине сатылган.
Көп өтпөй 2024-жылдын 25-декабрында "Керемет Банк" ачык акционердик коомунун 75 пайыз уставдык капиталы Люксембургда катталган ALTAIR HOLDING S.A. ишканасына сатылганы тууралуу маалымат тараган.
Учурда банктын 22,45 пайыз үлүшү дале Каржы министрлигинин көзөмөлүндө экени айтылууда. Маалыматты тактоо үчүн аталган министрликке кайрылганыбызда, бардык жоопкерчиликти Министрлер Кабинети менен Улуттук банкка жүктөп, суроолорубузга ачык жооп берген жок.
Санкциянын кесепеттери кандай болот?
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров Кыргызстандын коммерциялык банктарынын бирине санкция салынышы жалпы банк сектору үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратарын айтат.
"Чындыгында ушундай болгону аныкталса анда санкциянын кесепети жакшы болбойт. Жалпы банк секторуна карата күмөндүү ойлор жаралат. Инвесторлордун ишенимин кайтаруу кыйла татаалдашат",- деди ал.
Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын банкынын санкцияга кабылышы кызыктай көрүнүш жаратып жатканын айткан Абдыров, мындай кырдаалдын себептери дыкат изилденүүгө тийиш экенин кошумчалады.
Профессор муну менен катар Кыргызстанда банк системасынын ишенимдүүлүгүнө карата Улуттук банктын көзөмөлү күчтүү экенин баса белгиледи.
"Улуттук банк коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлдөп турат жана керек учурда катуу чараларды көрүүдө. Бирок банктагы акциялар сатылгандан кийин анын жаңы ээлери кандай иштерди жүргүзгөнү, бул кырдаалга кандай таасир эткени азырынча белгисиз",- деп кошумчалады ал.
Дагы бир экономист Искендер Шаршеев бул окуя өлкөнүн башка каржы институттарынын ишмердүүлүгүнө олуттуу таасир этпей турганын белгиледи.
"Учурда андай чоң тобокелдиктер жок",- деди Шаршеев.
Кыргызстанда альтернативдүү банк системасы жок экенин баса белгилеген эксперт, коммерциялык банктар эл аралык акча которуу системасындагы бирдиктүү эрежелерди так сактоо керек деди.
"Керемет Банктын" башаты Курманбек Бакиевдин доорунда Кыргызстандагы эң ири банк болуп эсептелген "АзияУниверсалБанкка" барып такалат.
2010-жылкы саясий жана экономикалык кризистен кийин банк улутташтырылып, анын ишмердүүлүгү кайрадан каралып чыккан. Кыска убакыт аралыгында "Залкар Банк", андан соң "Росинбанк" болуп өзгөрүп, 2019-жылы жүргүзүлгөн реформалардын алкагында "Керемет Банк" деп аталып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Кара тизмеге кирген компаниялар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2023-жылдын май айында АКШ биринчи жолу кыргызстандык компаниялардын бири "Тро, Я" ишканасын кара тизмеге киргизген.
Андан кийин эле июлда Кошмо штаттары төрт кыргызстандык компанияга санкция салды.
Алар "RM Design and Development", "ГТМЕ Технологии", "Прогресс лидер" жана "Карголайн" деген компаниялар экенин жана Орусияга электроникага байланыштуу буюм-тайымдарды жөнөтүп турушканын маалымат каражаттары жазып чыккан.
Бул компаниялардын баары Орусия Украинага басып киргенден кийин негизделгени айтылган.
Ошол учурда Кыргызстандын Экономика министрлиги аталган компаниялар боюнча иликтөөсүн жүргүзүп жаканы тууралуу гана маалымат менен чектелген. УКМК болсо аталган төрт компаниянын үстүнөн текшерүү баштаганын маалымдаган.
2024-жылы дагы кара тизмеге кабылган бир катар кыргызстандык компаниялар ачыкталды. "Сервис Флай Бишкек", "Нова Проект", "Транзит Сервис Бишкек" ишканалары АКШнын санкциясына кабылганы маалым болду.
Андан тышкары "Интер Стайл Плюс" деп аталган кыргызстандык компания Улуу Британиянын санкциясына илинди.
Ушул эле жылдын июнь айында "Мюллер Маркт" жана "ПроффЛаб" ишканаларын Евробиримдик кара тизмеге каттады.
Ошондой эле жыл соңунда АКШнын каржы министрлиги алтындын контрабандасы жана акча адалдоого шек санап Кыргызстанда катталган "Mirdk Fyuels", "Suprim Ef Iks", "Sakhara Petroleum", "Royal Sona" ишканаларына санкция салганын маалымдады.
Санкциялардын тизмесине "Керемет Банк" менен бирге "Газпром нефть Азия" жана "Мунай-Мырза" ишканалары киргени 2025-жылдын башында ачыкталды. Алар Орусиянын "Газпром" компаниясынын Кыргызстандагы туунду ишканалары болуп саналат.
Бул ишканалар өлкөнү күйүүчү-майлоочу майларды жана башка энергия ресурстары менен камсыздоодо негизги роль ойнойт, экономиканын стратегиялык тармактарындагы маанилүү оюнчулардан болуп саналат.
Санкциялар боюнча кайрылуулар
Украинада согуш башталгандан бери Орусия эл аралык соода-сатыкта чоң чектөөлөргө кабылды. Ал ортодо Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусияга экспорту өсүп, бул дагы Евробиримдиктин шектенүүсүн жаратты.
2023-жылы санкция маселесине байланыштуу мартта Бишкекке келген Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Украинада согуш башталганы Евробиримдиктен Кыргызстанга товар ташуу кыйла өскөнүн, ал товарлардын канча бир түрүнүн согушта колдонуу ыктымалдыгы бар экенин айткан.
Андан кийин эле апрелде Кыргызстанга Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид келип кеткен эле.
Майда Улуу Британиянын Общиналар палатасынын Тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кирнс жана Комитеттин мүчөсү Нил Койл Кыргызстанга келип, алар дагы санкция тууралуу кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөр өткөрүп кеткен.
Июнда Бишкекке келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер дагы кыргыз бийлигин Орусияга карата киргизилген санкцияларды карманууга чакырган.
Ошол эле жылдын жай айында АКШ сенатору Боб Менендес кыргыз президенти Садыр Жапаровго кайрылып, Орусиянын санкцияларды буйтап өтүшүнө Кыргызстан жардам бербесе деген чакырык менен кат жолдогон.
Сенатор Боб Менендес жолдогон катта кыргыз бийлиги Орусияга учкучсуз аппараттарды, учак деталдарын, курал тетиктерин, микросхемаларды мыйзамсыз импорттогонго кол кабыш кылып жатышы мүмкүн деп жазылган.
Менендестин катына чейин Washington Post басылмасы АКШ администрациясындагы булактарына таянып, Ак үй Кыргызстан Орусияга жардам берип жатышы мүмкүн деп нааразы болуп жатканы тууралуу жазып чыккан. Бирок анда АКШ Бишкекке карата так кандай чараларды көздөп жатканы ачык көрсөтүлгөн эмес.
2024-жылдын апрель айында Улуу Британиянын тышкы иштер министри, лорд Дэвид Кэмерон Борбор Азия мамлекеттерине расмий иш сапары менен келген.
Кыргызстанга болгон сапарында Кэмерон расмий бийлик өкүлдөрү менен эл аралык кырдаал жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулап, Орусиянын Борбор Азия аркылуу санкцияларды айланып өтүшүнө жол бербөө маселесине да өзгөчө көңүл бурган.
Кыргыз бийлиги болсо, Кыргызстан Батыштын санкцияларын айланып өтүүгө жардам берип жатат деген шектенүүгө негиз жок экенин белгилеп, Орусия менен Кытай сыяктуу ири державалардын кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес экенин айтып келет.
































