Еврокомиссия Украинанын биримдикке мүчө болууга талапкерлигин колдоду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Европа комиссиясы Украинага Евробиримдикке (ЕБ) мүчөлүгүнө талапкер макамын берүүнү колдоду. Европалык аткаминерлер бул маселени Франция, Германия жана Италиянын лидерлери бейшемби күнү Киевге баргандан кийин талкуулашты - Макрон, Шольц жана Драги Украинага талапкер макамын токтоосуз берүү керектигин айтышкан.
Bloomberg кабарлагандай, Еврокомиссия Молдовага талапкер макамын берүү тууралуу да пикирин айтат. Бирок Грузияга карата ушундай чечим кабыл алынаары боюнча европалык аткаминерлерде анчалык ишенимдүүлүгү жок. Украинанын талапкер макамы тууралуу чечимди ЕБга кирген дагы 27 өлкө бекитиши керек. Бул маселе Брюсселде 23-24-июнда европалык лидерлердин саммитинде талкууланат деп күтүлүүдө.
Бейшемби күнү Киевге ЕБнын эң ири мүчө-өлкөлөрүнүн лидерлери барышты - Франция президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Италиянын премьер-министри Марио Драги. Алар менен бирге Украинага Румыниянын президенти Клаус Йоханнис да барды. Алар Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, орус аскерлери бастырып киргенде талкаланган Ирпенге барды жана биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.
“Биздин визиттин эң негизги максаты - Италия Украина Евробиримдикте болуусун каалайт”, - деди Драги. Шольцтун айтымында, “Украина европалык үй-бүлөгө таандык” жана Берлин коргонуу үчүн “канча керек болсо, ошончо курал” берет.
Зеленский бул күндү Киев жана ЕБнын ортосундагы мамилелери үчүн тарыхый күн деп атады. “Украина төрт күчтүү өлкөнүн колдоосун сезди, айрыкча, биздин Евробиримдикке киришибиз боюнча, - деди украиналык президент кечки кайрылуусунда. - Украиндердин кайраттуулугунан улам Европа жаңы тарыхын баштап, Европанын чыгышындагы ЕБ жана Орусиянын ортосундагы боз аймакты алып таштай алат. Украина эгемендүүлүктү алгандан тарта Евросоюзга болбогондой жакындады”.
Анткен менен эл аралык ЖМКлар уюм Украина жана Молдовага талапкер-өлкө макамын берген учурда да алардын ЕБга кирүүсү үчүн көптөгөн жылдар кетип калышы мүмкүн деп белгилешүүдө. Азыркы учурда мындай макам беш өлкөдө бар: Албания (2014-жылдан бери), Түндүк Македония (2005-жылдан бери), Черногория (2008-жылдан бери), Сербия (2009-жылдан бери) жана Түркия (1999-жылдан бери). Алар толук кандуу ЕБнын мүчөлөрү болуудан алыс.
Бирок Украина чынында талапкер-өлкө макамын алса бул тарыхтагы эң тез чечим болот. Анткени Киев ЕБга кирүү үчүн өтүнүчтү орус аскерлери февралдын аягында бастырып киргенде эле берген, ал эми Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Зеленскийге талапкер-өлкөлөр үчүн атайын опросник берди.
Bloomberg басылмасынын булактарына ылайык, Еврокомиссия Украина жана Молдова үчүн талапкер макамын берүүнү жактырып, бул өлкөлөргө келечекте аткарылуучу шарттарды коёт. Бул шарттар негизинен мыйзамдын үстөмдүгү, адилеттүүлүк жана коррупция менен күрөшкө байланыштуу.

Сүрөттүн булагы, https://ec.europa.eu/
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
New York Times жума күнү белгилегендей, Европа комиссиясынын сунуштары негизинен башкаруу жаатындагы "Копенгаген критерийлери" деп аталган көп сандагы талаптарга жооп берүү жагынан өлкөнүн талапкерликке даярдыгын сүрөттөгөн техникалык жана бюрократиялык документ. Бул критерийлердин бардыгы боюнча Украина артта калып жатат. Бул өлкөнүн кеңири жайылган коррупция менен байланышкан көйгөйлөрү, ошондой эле согуштан кийин өлкө туш боло турган кыйынчылыктар тууралуу абдан олуттуу кооптонуулар бар, - деп жазат америкалык басылма. Украин бийликтери маанилүү реформаларды, анын ичинде коррупция менен күрөшүү керектигин моюнга алууда. Бирок алар бул маселе апыртылып жатканын айтууда.
"Ооба, көйгөйлөр бар. Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Евробиримдиктин көптөгөн өлкөлөрүндө да көйгөйлөр бар. Кээ бир нерселер, кээ бир реформалар дагы эле болушу керек. Биз муну Евробиримдик үчүн эмес, өзүбүз үчүн жасагыбыз келет. Биз муну жасашыбыз керек, биз муну жасагыбыз келет, бул убакытты талап кылат”,- деген эле Зеленский апрель айында Голландиянын NOS каналына берген маегинде.
Франциялык Жак Делор институтунун жетекчиси Себастьян Майяр Франс пресс агенттигине Еврокомиссиянын Украинанын талапкер статусуна байланыштуу чечими оң болорун, бирок ал белгилүү бир шарттар жана аларды ишке ашыруу мөөнөтү менен кабыл алынарын айткан.
"Европа Комиссиясы үчүн бул өтө кылдат маселе, анткени ал Украинага карата мурда оң сунуш берген башка өлкөлөргө караганда азыраак талап кылышы мүмкүн эмес. Алардын жогорку стандарттарды сактоону талап кылганы туура жана адилеттүү”, - дейт эксперт.
































