Бир мекемеде 7 медкызматкерге коронавирус жукту

Published

Бишкекте №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кеминде жети кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул вируска каршы иштебеген медкызматкерлер жуктурган биринчи учур эмес.

Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун коронавирус аныкталган кызматкерлери жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылды.

Маалымат каражаттары жалпы тогуз киши экенин жазууда. Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова такталганы жети экенин, бир киши шектүү абалда болуп жатканын билдирди.

“Булар мобилдүү топто иштегендер эмес. Мекеменин жетекчилери, администрацияда иштеген кызматкерлер. Кайдан жугузганын эпидемиологиялык изилдөө көрсөтөт. Биринчи улуу медайым ооруган экен, ал кайдан жугузганы белгисиз. Андан кийин бири-бирине жуккан. Клиникалык белгилери болгон эмес. Медкызматкерлерди улам текшерип тургандыктан билинип жатат. №3 поликлиника 9-апрелде анализ тапшырганда баарыныкы таза чыккан экен”, - деди Исмаилова Би-Би-Сиге.

Анын айтымында, медкызматкерлердин айрымдары сасык тумоодой, жеңил ооруп жатат. Ал эми айрым басылмалар дарыгерлердин кээ бирлери реанимацияда экенин жазды.

Түздөн түз вируска каршы иштебеген медкызматкерлердин коронавирус жуктуруп алышы биринчи жолу катталган жок. Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун төрт кызматкерине вирус жукканы 16-апрелде аныкталган. Кийин алардын саны сегизге жетти. Бул кишилерге санэпидем көзөмөл борборунун кызматкери жуктурганы айтылган.

Исмаилова алар оорукана экенин, акыркы анализдерин эртең тапшырышаарын кошумчалады. Анализ таза болсо, эки күндөн кийин үйлөрүнө чыгышат.

Бардык дарыгерлерге коркунуч чоң

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бишкектеги поликлиникаларда коргоо каражаттары жетиштүү экенин кошумчалады:

“Өздөрү да тендер аркылуу каражаттарды алышты, гуманитардык жардамдар келип жатат. Толугу менен жетишет. Азыр эң негизгиси – мекемелердин жетекчилери эпидемиологиялык режимди сактоону жана министрликтин буйруктарын аткарууну камсыздаш керек. Бардык нерсе ошолордун колунда”.

Башкармалык башчысы поликлиникалар үчүн атайын алгоритм бар экенин, буйрукка жараша иш алып барышаарын айтты. Ал жердеги дарыгерлер толук тартипте иштеген жок, чукул жардамга муктаждарды кабыл алышууда.

Бишкектин башка үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген дарыгер жумушту кандай шартта аткарып жатышканын Би-Би-Сиге айтып берген эле.

Атын жашыруун калтырууну өтүнгөн дарыгердин билдиришинче, алардын бейтапканасын караган эпидемиологдон коронавирус табылган.

"Бейтаптар сөзсүз беткап менен киришет. Биз баш кийим, халат жана кадимки беткап менен иштеп жатабыз. Коронавируска каршы инструкциялар берилген. Бизден бир дарыгер мобилдүү топто иштеп жатат. Мен көрүп жатканыма караганда, алар барчу жерге коргоочу кийимдерди кийип, беткаптарды тагынып машина менен кетишет. Келгенде атайын бөлмөдө - "фильтрде" кийимдерин чечип, жуунушат. Менимче, жумушу бүткөндө үйлөрүнө кетип жатышат", - деген эле атын жашыруун калтырган дарыгер.

Бактыгүл Исмаилова министрлик коронавируска шектүүлөрдү үй-үйлөргө барып текшерген үй-бүлөлүк дарыгерлерди мейманканага жашатууну карап жатканын айтты.

Бишкек боюнча 30 мобилдүү топ иштеп жатат, ар биринде 2-3төн киши бар.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев поликлиникалардын баары жабылып калуу коркунучу жок деди:

“Бүгүн мындай коркунуч жок, алар иштеп жатат. Албетте айрым учурлар катталды. Абал курчуп кетсе, көрүлчү чаралар дайыма иштелип чыгып жатат. Эпидемиологиялык кырдаал катуу көзөөлдө”. Бишкектеги саламаттык сактоо мекемелери мурда шаардык башкармалыкка карап, кийин түз министрликке өткөрүлгөн. Министрлик ушул жылдын башынан тарта алардын координациясын кайра башкармалыкка берди.

Бүгүн өлкөдө коронавирус менен жаңы 13 учур катталып, жалпы сан 695ке жетти. Вирусту жуктургандардын 183ү медкызматкерлер. Айыгып жумушуна кайткандар бар.