You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Энени жана баланы коргоо борборунда 7 кишиге коронавирус жукту
Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө 7 адамга коронавирусту ооруканага жатып чыккан аял жугузуп кеткен болушу мүмкүн деп божомолдонуп жатат.
Борбордун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, 23-мартта Жалал-Абад облустук ооруканасынын көрсөтмөсү менен эки жаштагы баласы менен бир аял келип жаткан. Алар дарыланып бүтүп, 17-апрелде ооруканадан чыгып кеткен экен. 24-апрелде Жалал-Абад облусунун блокпостунан өтүп жатканда коронавируска анализ берип өтүшкөн. 29-апрелде кечинде ошол аялдан вирус тастыкталганы боюнча Улуттук борборго кабар берилген.
Алар менен ооруканада чогуу жаткан 15 жаштагы баладан, ал аялдын баласын караган дарыгерден жана санитардык кызматкерден вирус аныкталды. Андан көп өтпөй дагы үч энеден, бир баладан тастыкталган. Алгачкы үч киши 2-майда, калгандары 4-майда Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылган.
“Баланын анализи колумда турат. Келгенде гемоглабини 29 болгон, өтө оор абалда түшкөн. Кабыл албай коё албайт элек. Бул бөлүм республика боюнча жалгыз болгондуктан бардык аймактардан эң оор абалдагылар келишет. Дарыгерлер чоң тобокелчилик менен иштеп жатат. Биз колдон келишинче коргонуп жатабыз”, - деди Узакбаев.
Ооруканадан коронавирусту жуктургандардын абалы жакшы деп айтылды. Эч кандай оор белгилери жок өтүп жатат, деди борбордун директору. Калган бейтаптар менен 22 медкызматкердин анализи терс жыйынтык көрсөткөн. Медкызматкерлер өзүнчө обсервацияга алынды.
“Бул бөлүмдө дагы 13 бала, аларды караган 7 энеси бар. Абалдары өзүнүн негизги илдети боюнча оор болгон үчүн азырынча чыгара элекпиз. Дезинфекция жасалды. Ал корпустагы башка бөлүмдөрдү башка корпуска котордук”, - деди Би-Би-Сиге Узакбаев.
Аталган борбор демейде күнүнө 500 чамалуу бейтапты кабыл алат. Директору кээ бир бөлүмдөр жабылып, өтө зарыл бөлүмдөр гана иштегенин, азыр күнүнө 120-150 бейтап кабыл алып, андан сырткары күнүнө 20 чамалуу бала төрөлөрүн кошумчалады.
7-майга карата 24 кишиден вирус тастыкталса, анын үчөө медкызматкерлер, жетөөсү Нарын облусунун милиция кызаматкерлери. Жалпы сан өлкө боюнча 895ке жетти, анын 224ү медицина кызматкерлери, басымдуусу айыгып чыкты, 27си күч түзүмүнүн өкүлдөрү.