Эмнеге Ким Чен Ын чет элдин таасирине каршы согуш ачты?

Чет элдик тасмаларды көргөнү, кийимдерди кийгени же аларды туурап сүйлөгөнү үчүн кармалгандар катаал жазаланмакчы. Мунун максаты эмне?
Куралсыз согуш
Интернет же соцмедиалары жок, мамлекеттик медиалар жалаң өлкө башчылары уккусу келген нерселерди гана көрсөтүп жана айтып турган жашоону элестетиңиз. Бул Түндүк Кореянын адаттагы турмушу. Өлкөнүн лидери Ким Чен Ын абалды дагы катаалдаштырып, "реакциячыл көз карашчыларга" каршы деп аталган жаңы мыйзам киргизди.
Түштүк Корея, АКШ же Жапониянын медиаларынын көп видеолору менен кармалгандар эми өлүм жазасына тартылат. Көрүп жатып кармалса, 15 жыл түрмөгө камалат. Чектөөлөр муну менен бүтпөйт.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ким Чен Ын жакында өлкөнүн медиалары аркылуу "Жаштар лигасына" кат менен кайрылып, "шектүү, антисоциалдык маанайдагы, жекечил" жаштарды куугунтуктоого чакырды. Ал чет элдин сүйлөгөнүн, чач кыркканын, кийимдердин - "коркунучтуу уу" деп атап, алардын өлкөдө колдонулушун токтоткусу келет.
Түндүк Кореяда булактары бар, Сеулда чыккан "The Daily NK" басылмасы үч өспүрүм чачтарын кейпоп айдолдордун стилинде кырктырганы жана шымдардын тизеден өйдө кылып тигип алганы үчүн кайра тарбиялоо лагерине жөнөтүлүшкөнүн айтат. Бирок Би-Би-Си муну тастыктай албайт.
Мунун баары Ким Чен Ын мырзанын куралсыз согушунун кесепети. Талдоочулар катаалдаштыруунунун себебин, Түндүк Кореяда жашоонун өтө кыйындагандыгынан улам, чет өлкөлүк маалыматтын элге жетишин токтотуу аракети катары баалап жатышат.
Миллиондогон кишилер ачка болууда. Мунун баары Ким Чен Ын мырза элди Азиянын эң бай шаарларынын бири болгон Сеулдагы жашоону сүрөттөгөн корей дорамалары эмес, мамлекеттик пропаганда кылдат тандаган маалыматтар гана тойгузушун каалгандыктан улам болуп жатат.
Пандемиядан улам былтыр чек ара бекигенден бери өлкөнүн обочолонушу болуп көрбөгөндөй күч алган. Коңшу Кытайдан келүүчү эң керек товарлар менен камсыздоо жана соода дээрлик токтоп калган. Бир аз соода жүргөнү менен импорт дале чектелген боюнча.
Мыйзам эмне дейт?
"The Daily NK" мыйзамдын көчүрмөсүн биринчи болуп алган. Башкы редактор Ли Санг Йонг Би-Би-Сиге: "Эгер жумушчу кармалса, фабрика жазаланат. Бала көйгөй жаратса, ата-энеси кошо жоопко тартылат. Түндүк Кореянын режими киргизген "чогуу жооп берүү" системасы бул мыйзамда агрессивдүү түрдө ишке ашырылган" - дейт.
Анын айтымында, бул жаш муундун "Түштүк" жөнүндөгү кыялдарын же суктанууларын "талкалоо" максатында жасалган.
"Башкача айтканда, режим башка өлкөгө башка маданияттар кирсе, каршылык сезими пайда болот деген жыйынтыкка келген", - дейт ал.
Иштейби?
Мурдагы куугунтуктоолор элдин чет элдик тасмаларды көрүүдө канчалык тапкыч экендигин көрсөткөн. Эл Кытайдан USB флешкарттарга жаздырылган тасмаларды чек арадан аткезчилик жолу менен алып келип турушкан.
Чой мырзанын айтымында, бир нече жылдан бери ташылган драмалар толуп кеткен. Аларды жашыруу оңой жана алар сырсөз менен шифрленген. "Эгер сиз сырсөздү үч жолу эмес терсеңиз, USB флешкарт анын мазмунун өчүрөт. Же бир көргөндөн кийин мазмуну өчүрүлгүдөй кылып тууралап койгон учурлар дагы бар" - дейт ал.
Бирок катаал мыйзамдар түндүк кореялыктардын дүйнө элдеринин жашоосуна болгон кызыгуусун токтото албайт дешет Түндүк Кореянын сыртына чыгып, башкача жашоону көрүп келген жаштар.

































