Башка чапан кийген советтик майрам: 23-февралдын кимге кандай мааниси бар?

Сүрөттүн булагы, Social media
Совет заманында кызыл армиянын туулган күнү катары белгиленип келген бул күн кыргыздардын турмушунда азыр да маанисин жогото элек. Мекенди коргоочулардын күнү катары негизинен жигиттерге майрам.
2003-жылдан тарта бул күн календарда расмий майрамдардын катарына кирип калды. Өткөн доордун идеологиялык майрамынын патриоттук тарбия үчүн мааниси бар деп Өкмөт кызыл күн кылып бекитип койду.
Бул күн, биринчи кезекте советтик армияда кызмат кылган же ошол мезгилдин тарбиясын алган кыргызстандыктар үчүн майрам. Алар үйүндө же өзүнүн иштеген жеринде айым кесиптештеринин куттуктоосун, белек-бечкегин алып, майрамдык дасторконго чакырылып, достор менен жолугуп дегендей, шаңдуу маанайда өткөрөт.
Башкалар сыяктуу эле Бишкек мамлекеттик университетинин профессору, тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев үчүн да бул күн өзүнүн баштапкы маанисин жогото элек.
"Эч качан өзгөрбөш керек. Болбосо дагы ойлоп табышыбыз керек эле. Совет доорундагы максат коомду бириктирүү, кандайдыр бир алдыга үмүт жандыруу болгон, жөн жеринен чыккан эмес да. Керек нерсе экен да. Жаштарыбызга да керек. Мен студенттеримен да: "Ай кыздар, балдарды куттуктап атасыңарбы" деп сурасам, "Албетте, биз мектептен бери эле куттуктап көнгөнбүз" деп жатышат. Демек, бир жагынан эркек менен аялдын мамилесин эриш-аркак кылып бекемдеген жагдай да болуп атпайбы. Бул жакшы эле нерсе, ошондуктан менин мамилем бул майрамга түз эле. Биздин жаштар муну туура түшүнүп, улантып келатканына кубанычтамын. Биз айткан жокпуз да кызыл армиянын күнү деп, биз ата мекенди коргоочулардын күнү деп майрамдап атабыз",-дейт профессор.
Эски идеология...
Кийин эгемендик доорунда жаралган муун үчүн бул күндүн мааниси ар кандай болушу мүмкүн. Бирок совет доорунун тарбиясын алган айрым адамдар да ошол учурдун идеологиялык таасиринен чыккандан кийин бул күнгө өзүнүн көз карашын, мамилесин өзгөртпөй койгон жок. Мисалы, жазуучу Олжобай Шакир бул күндү майрамдоонун өзүн коомдук аң-сезимдин өксүгү деп билет:
"Тарыхта жүрөгүбүзгө так калтырган, ата-бабалардын канын төккөн кызыл армияны биз бүгүн шаңыраңдап майрамдайбыз. Болгону кыргыз армиясынын күнү деп оодарып коюптур. Башка чапан кийгизип койгон менен ал улуттук майрам болуп кеткен жок да. Анын үстүнө биздин мамлекет башында отургандардын арасында улуттук масштабда ой жүгүрткөндөр жок экен да. Баягы советтик коньюнктурадан калган кызылдар да булар деле. Партиялык босстордун кол алдында иштеп жүргөн, партиялык идеологияга уугуп калган муун бийликтен кете элек дагы деле".
Башка өлкөлөрдө...
23-февраль мекен коргоочунун күнү катары Кыргызстандан тышкары, Орусияда, Беларуста жана Тажикстанда майрам болуп сакталып калды. Тажикстанда бир эле учурда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнү катары белгиленет.
Ал эми Украинада 1999-жылы мекенди коргоочунун күнү катары болуп жарыяланган. Бирок 2014-жылдагы окуялардан кийин бул күнгө коомдук пикир кескин өзгөргөн. Мурдакы президент Петр Порошенко убагында бул күндүн майрам катары макамын жойгон чечим кабыл алган.


































