Бийлик башындагы эки президент: Ооганстанда Гани менен Абдулла келишимге келди

Абдулла Абдулла (солдо) жана Ашраф Гани

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абдулла Абдулла (солдо) жана Ашраф Гани
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ооганстандын президенти Ашраф Гани саясий атаандашы Абдулла Абдулла менен бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол койду.

Былтыр сентябрда өткөн президенттик шайлоодо эки талапкер тең - аракеттеги президент Ашраф Гани, ошондой эле премьер-министр Абдулла Абдулла өздөрүн жеңүүчү катары жарыялап, президенттик антын беришкен.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо чоң эмес айырма менен Гани утуп чыкканын жарыялаган. Бирок Абдулла добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланганын айтып, тыянактарды тааныбай койгон эле.

Март айында Гани жана Абдулла бир учурда инаугурация өткөрүшкөн. Эми келишимге келип, бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол койду. Ага ылайык, президент катары Гани кала берет. Абдулла өкмөттү куроо, министрлерди дайындоо сыяктуу мамлекет башчынын милдеттерин алмакчы.

Ооганстанда президенттик шайлоого чейин эле бийликте ушундай теңсалмактуулук сакталып келген эле.

Эгерде "Талибан" (көп өлкөлөрдө террористтик уюм катары таанылган) менен сүйлөшүүлөр жандана турган болсо, өкмөттүк делегацияны Абдулла жетектейт.

"Тарыхый күн"

Келишимге кол коюлгандан кийин мурдагы көз дарыгери Абдулла "Твиттер" баракчасына бул келишим "тынчтыкты камсыздоого жол ачып, мамлекеттик башкарууну жана адам укугун коргоону жакшыртат" деп жазды.

"Биз эми улут катары биригүүгө тийишпиз жана тыянактуу чечимдерди кабыл алууга умтулушубуз керек",-деп кошумчалады Абдулла.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

"Бүгүн биздин Ооганстан үчүн тарыхый күн. Оогандар улуттук кызыкчылыктарды баарынан жогору коё турганын жана ага биргеликте боор толгоорун көрсөттү",-деди Гани.

Президент менен премьер-министр ортосундагы тиреш АКШнын нааразылыгын жараткан. Март айында мамдепартамент жетекчиси Майк Помпеонун аракеттери ишке ашпай, Абдулла менен Гани келишимге жете алган эмес.

Вашингтон мына ушул чатакташуунун айынан Ооганстанга жардам катары бериле турган 1 млрд доллар каражатты кармап турарын билдирген эле.

Гани менен Абдулла ортосундагы макулдашуу Кабулдун ооруканасындагы 24 кишинин өмүрүн алган кандуу калабадан кийин орун алды. Төрөт бөлүмүнө кол салуудан ымыркайлар жана жаңы көз жарган 18 келин каза тапты.

Акыркы айларда ооган бийлиги талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жандантууга аракет кылууда. (AbA)