Тажикстандагы кыргыздарга коронавирустан коргонууга жардам керек

Жерге-Тал районундагы Кашат айылы, февраль айында

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жерге-Тал районундагы Кашат айылы, февраль айында
Published

Тажикстандагы этникалык кыргыздар коронавирустан коргонуу үчүн жардам сурап кыргыз бийлигине кайрылышты. Кыргызстандын өкмөтү буга жооп бере элек. Тажикстандын Жерге-Тал районунда жети адамдан коронавирус табылып, бирөө каза болгону айтылууда.

Тажикстандын Жерге-Тал районундагы этникалык кыргыздардын карантин убагында акыбалынан Бишкектин тургуну, түбү жергеталдык Аким Кожоев кабар алып жатат. Ал бул райондогу соңку эпимедиология кырдаал жөнүндө тууган-уруктарынан алган маалыматты Би-Би-Сиге билдирди.

"Жерге-Талда коронавирус менен жети киши ооруптур. Бир киши каза болду төрт күн мурда. Кечээтен баштап райондун борбору карантинге алынды. Башка айылдарга өзүңөрдү сактагыла деп эскертүү болуптур. Эми сактангыдай деле каражат жок аякта, антисептик каражаттар жок. Менин угушума караганда кээ бир аптекаларда спирт, парацетамол да калбаптыр".

Жергеталдык кыргыздарга биринчи кезекте коронавирустан коргонуу үчүн медициналык каражаттар, дары-дармек зарыл болуп жатат. Тийиштүү кайрылуу кыргыз өкмөтүнө берилген.

Бул райондо негизинен кыргыздар жашайтт, алар дыйканчылык менен оокат кылат. Бирок ун, май жана башка азыктар көбүнчө сырттан барат. Эгерде карантин убагы создугуп кетсе, жергиликтүү элге кыйын болот.

"Биздин элге азык-түлүк Дүйшөмбүдөн, анча-мынча Оштон барчу. Азыр эгин эгип атышат. Эгер күзгө чейин, кышка чейин ушундай болсо, ачарчылык башталат",-дейт Аким.

Дагы бир жүрөк өйүгөн маселе - Кыргызстанда карантин башталып, чек аралар бекигенден кийин эки жүз чамал жергеталдык кыргыздар үйүнө кете албай кыйналып жатат. Алардын ичинде жалгыз бойлор эле эмес, Жерге-Талда үй-бүлө, бала чакасы калгандар да көп. Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигине жардам сурап кайрылган менен аларды алып кетүү жөнүндө оң жооп болгон эмес.

Тажикстанда COVID-19 бир суткада 63 кишиден табылып, баардыгы 293 болду. Ооруканада көзөмөлдө жаткандар 3200 адам. Оорудан каза болгондор бешөө.

"Оппозициянын ушагы"

67 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарат.

Сүрөттүн булагы, МЕТЦЕЛЬ МИХАИЛ/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 67 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарат.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун өзүнө да коронавирус жугуп, Германияга дарыланууга кетти деген маалыматты шейшембиде президенттин кеңешчиси Абдужабор Рахмонзода эмиграциядагы тажик оппозициясы тараткан ушак деп төгүндөдү. Анын сөзүн тажик маалымат агенттиги "Ховар" жарыялады. Ал эми Германиядан 3-майда келген учак Тажикстанга гуманитардык жардам жеткирип келген экен.

Тажикстанда коронавирус 30-апрелде биринчи жолу табылды, ага чейин алар өлкөнү вирустан таза деп моюн бербей атышкан. 1-майда Дүйшөмбүгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясы келди. Өкмөт өз кезегинде эл аралык уюмдардан, кызматташ өлкөлөрдөн практикалык жардам сурап баштады. (КС)