Жөө качып чыккан орус учкучу: "Мен кылмышкер болгум келген жок"

- Author, Илья Барабанов
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы, Вильнюс
- Published
Россиядан токой басып жөө качып келген учкуч Би-Би-Сиге берген маегинде чоң жоготууларга учурап, моралдык духу түшүп турган армия жөнүндө айтып берди.
Лейтенант Дмитрий Мишов 26 жаштагы учкуч, ал баш паанек сурап, Литванын бийликтеринин колуна түшүп берди. Анын окуясы Украинага согушка баргысы келбей, өлкөдөн качып жаткан аскерлердин Би-Би-Сиге белгилүү болгон сейрек учуру жана аскердик учкуч катышкан бирден бир мисалы.
Айла кеткенде
Лейтенант Мишов, тик учактын штурманы Россиянын түндүк-батышындагы Псков областында кызматын өтөп жаткан. Бир убакта учактарды согушка даярдоо башталды, ошондо лейтенант бул жөн гана машыгуу эмес, кадимки согушка даярдык экенин туйду.
Ал аскер аба күчтөрүн 2022-жылдын январында эле таштап баса бермекчи болгон, бирок Россия Украинага басып кирген 24-февралда документтери даяр эмес эле. Аны Беларуска жиберишти, ал жакта аскердик жүктөрдү ташып жеткирген тик учакта иштеп жүрдү.
Мишов Украинада эч качан болгон эместигин айтат. Биз анын таржымалынын бул жагын текшере албайбыз, бирок анын документтери туура чыкты, ал эми айткандары биз башка булактан билген маалыматтарга шайкеш келүүдө.
2022-жылы апрелде ал Россияга өзүнүн базасына кайтып келгенде кызматтан чыгып кетүүнүн аракетин улантты. Бул узак процесс болсо дагы акыры бүтмөк. Бирок 2022-жылы сентбярда президент Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Ошондо аны армиядан кетирбей тургандыгы айтылды.
Эртеби-кечпи Украинага согушка айдала турганын ал билчү, ошондуктан качып кетүүнүн жолун издей баштады.
"Мен аскер кызматындамын, менин милдетим - өлкөмдү агрессиядан коргоо. Бирок мен кылмышка катышпашым керек. Бул согуш эмнеге башталды, эмне үчүн биз украиндерге кол салып, алардын шаарларын талкалашыбыз керек, муну бизге эч ким түшүндүргөн жок".
Ал орус армиясындагы маанайды карама-каршылыктуу деп атады. Бир даары согушту колдошот, башкалары болсо таптакыр каршы. Россияны реалдуу коркунучтан коргоо үчүн согуш болуп жатканына ишенгендер аз. Ал эми Москва Россияга кол салуунун алдын алуу үчүн атайын операция баштады деген башынан бери келаткан расмий версия.
Лейтенант Мишовдун айтымында, эң көп нааразылык туудурган маселе эмгек акынын аздыгы. Мисалы тажрыйбалуу офицерлерге согушка башталганга чейинки контракттык айлыкты 90 миң рубль (1090 АКШ доллары) өлчөмүндө төлөшүүдө. Ошол эле учурда расмий, эл алдында жар салынган өнөктүк алкагында аскерге чакырык жүрүп, жаңы кошулгандарга 204 миң рубль (2465 АКШ доллары) убада кылынууда.
Мишов ошондой эле Украинага ар кимдин мамилеси ар кандай болушу мүмкүн дейт, бирок фронтто баары жакшы жана жоготуулар аз деген расмий кабарларга дээрлик эч ким ишенбейт дейт.

"Жоокерлер бийликке ишенбейт. Чынында эмне болуп жатканын алар деле көрүп турат да. Алар телевизор алдындагы карапайым адамдар эмес. Аскерлер расмий кабарларга ишенбейт, анткени алар чындыкка туура келбейт".
Анын айтымында, согуштун алгачкы күндөрү орус командачылыгы жоготуулар жөнүндө айтпаган менен ал өзү согушта курман болгондордун айрымдарын билчү.
Согуш башталар алдында анын аскер бөлүгүндө кырктан элүүгө чейин учак бар болчу. Орустар басып киргенден кийин алты учак асманда, үчөө жерде кыйрады.Россиянын бийликтери аскердик жоготуулар жөнүндө сейрек айтышат. Өткөн жылы сентябрда коргоо министри Сергей Шойгу Россия алты миң адам жоготту деп айтканда, көпчүлүк аналитиктер, анын ичинде Кремлге жан тарткан блогерлер дагы бул сан аябай эле азайтылган деп кабыл алышты.
Украинадагы согушта курман болгон орус аскерлеринин аты-жөнүн аныктоо боюнча изилдөөчүлүк долбоорунун соңку чыгарылышында Би-Би-Си кабарчысы Ольга Ившина 25 000 ысымды, анын ичинде катардагы жоокерлер менен офицерлердин наамына чейин тактаганын билдирди. Анын айтымында, жоготуулардын реалдуу саны, анын ичинде дайынсыз кеткендер абдан жогору.
Лейтенант Мишов аскердик учкучтар арасындагы жоготууну дагы көп деп эсептейт. Анын пикири Ольга Ившина жүргүзгөн изилдөөнүн корутундусуна дал келүүдө. Аталган изилдөөдө Россия жүздөгөн жогорку кесипкөй аскерин жоготкону айтылат, анын ичинде учкучтар жана техниктер көп.
"Алар азыр тик учактардын жаңысын алып келишет, бирок учкучтар жетишпейт",- дейт лейтенант Мишов. "Эгер биз 1980-жылдардагы Афганистан менен салыштырсак, Советтер Союзу ал жакта 333 тик учагын жоготконун билебиз. Менимче, биз бир эле жылда ушунча жоготтук".

Качуу
Ушул жылдын башында лейтенант Мишовго "командировкага" бара турганын кабарлашты. Бул Украинага согушка баруу дегенди гана билдирерин түшүнүп, ал кан тамырын кесип өзүнө өзү кол салды. Ал ушундай жол менен ден соолугуна байланыштуу армиядан кетип калганга болот деп үмүттөндү. Бирок андай болгон жок. Эми ал армиядан качкандыгы үчүн беш-он жылга соттоло турган болду.
Ал ооруканада жатып, Псков областынан Литвага аман-эсен качып кеткен 27 жаштагы милиционер жөнүндө окуйт. Ошондо лейтенант анын жолун кайталоону чечти.
"Мен армияда кызмат кылуудан качкан жокмун. Эгер өзүмдүн өлкөмдө кайсы бир коркунуч болуп жатса, мен коргоп кызмат кылмакмын. Бирок мен кылмыштын катышуучусу болгум келген жок".
"Эгер мен ошол тик учакка отурганымда, мен кеминде ондогон адамдардын өмүрүн кыймакмын. Мен аны жасагым келген жок. Украиндер бизге душман эмес".Лейтенант Мишов жардам издеп Telegram каналын аңтарып изилдеп, токой аркылуу Евробиримдиктин чек арасына жете турган маршрутту изилдеп көрдү. Жолго көп нерсе албай, ал колдон келишинче жеңил чыкты.
Ал токой менен кеткенден коркпой койгон жок, анткени чек арачылар кармаса, анда түрмөгө түшмөк.
Кайсы бир убакта жакын жерде сигналдык ракета атылды, анан дагы бир жолу. Ошондо ал артынан чек арачылар кууп келген экен деп артын карабай качып жөнөдү.
"Мен бараткан багытымды да көргөн жокмун, башым маң эле".
Акыры тикенек зым тартылган дубалга жетип, андан секирип өттү. Бир аздан кийин ал көксөгөн жерине жеткенин түшүндү.

"Акыры эркин куш болдум"
Лейтенат Мишов Россиянын бийликтери ага каршы кылмыш иш козгой турганын жакшы билет, бирок кызматтагы жолдоштору анын мотивациялык себептерин түшүнөт деп ойлойт.
Кээ бир жолдоштору аны Россиянын ичинде эле из жазгырып кет деп кеңеш беришкен экен, бирок ушунча чоң өлкө болсо да акыры бир күн колго түшүп, дезертип катары жазага тартылмак.
Ал аны азыр алдыда эмне күтүп турганын билбейт.
Бирок үйдө ою он талаа болуп айласы куруп отургандан көрө Евробиримдикте жаңы жашоо баштаганы жакшы. (КС)
Катерина Хинкулованын редакциясы боюнча




























