Россияга Украинадан басып кирген согушкерлер кимдер?

Published

Россия Украина тараптан Белгород областына басып кирген согушкерлердин чабуулунун мизин майтарып артка кууп жибергенин билдирди.

Расмий билдирүүдө алар украин диверсанттары болгону айтылууда, бирок украин расмийлери аларды "Орус ыктыярдуу корпусу" жана "Россиянын эркиндик легиону" деп аталган, Кремлге каршы уюшкан аскерлешкен топтогу Россия жарандары экенин айтууда.

Аскердик талдоочулардын айтымында, бул эки топ тең Украинанын куралдуу күчтөрү менен чалгын кызматынан көп жардам алып жаткан болушу мүмкүн.

Орус ыктыярдуу корпусу деген кимдер?

"Орус ыктыярдуу корпусу" биринчи жолу 2023-жылы Украина чек арасына жакын жердеги Брянск областындагы чек арадагы рейдге катышып белгилүү болду. Андагы операцияга 45 адам катышканы кабарланган.

Алар орустарды өздөрүнүн өкмөтүнө каршы көтөрүлүшкө чакырууда. Орустар тараптан тараган, бирок такталбаган маалыматтарга караганда, анда атышуулар, курмандыктар жана барымтага алуу учурлары болгон. "Орус ыктыярдуу корпусу" өз кезегинде эч кимди барымтага албай эле кайра Украинанын аймагына кайтып кеткенин билдирген.

Алардын лидери өзүн Денис Капустин же Денис Никитин деп тааныштырган. Ал орус улутчулу, ал эми аталган топ этникалык орустар жашаган гана орус мамлекети болушун каалайт.

2020-жылы украин иликтөө сайты аны неонацист топтор менен байланышта деп билдирген. Капустин өзүн мурда футбол зөөкүрлөрүнүн кыймылына таандык болгонун айткан жайы бар. Орус ыктыярдуу корпусу Путиндин бийлигин "большевиктик"( коммунисттик деген мааниде) деп күнөөлөйт, ал эми негизги россия оппозициясын Украинадагы согуштун айынан короосунда корголоп отурат деп тилдейт.

Бирок россиялык ультраулутчул топтун Россияга каршы эмне үчүн согушуп жатканы табышмак, дейт Лондондогу королдук коллеждин коргонуу иштери боюнча изилдөөчүсү Марина Мирон.

"Демек, "Орус ыктыярдуу корпусун" Украина түзгөн болушу мүмкүн, — дейт ал. "Ал согуштун алдында Россиянын ичинде өзүнчө кеткен топ болгон, анын куралдуу канаты болгон эмес".

Бул топтун "Фортуна" деген коддук аталыштагы бир мүчөсү өткөн жылы ноябрда алардын саны 120 адам экенин билдирген.

"Биз ыктыярдуу бөлүкпүз, биз Украинанын жарандары сыяктуу чакырык менен баргандар же контрактниктер эмеспиз", — деген ал.

"Россиянын эркиндик легиону" деген кимдер?

"Россиянын эркиндик легиону" - бул орус армиясына каршы украин күчтөрү менен бирге согушуп жаткан өзүнчө башка уюм. Алардын ак-көк-ак аралаш желеги бар, аны орус оппозициясынын кээ бир өкүлдөрү "эркин Россиянын" желеги дешет.

Алар "Орус ыктыярдуу корпусуна" караганда саясий жагынан азыраак экстремалдуу деп саналат.

22-майда Легион Белгороддун түштүк-батышындагы орус кыштагы Козинканы "бошотуп" алганын жарыялады.

«Легион жана "Орус ыктыярдуу корпусу" Белгород областын бошотуп алууну улантууда», — деп айтылат кабарда.«Россия жарандары коопсуздукта, а Россия Федерациясы күчтүү деген миф дагы бир жолу талкаланды".

Андан кийин алардын желегин аба шарлары Москванын үстүнөн көтөрүп бараткан видеону жарыялашты.

Бул согушкерлердин артында Украина турабы?

Украин телекөрсөтүүсү аларды аскердик кошуун жана орус ыктыярчылары деп атады.

Бирок Лондондогу королдук коллеждин коргонуу иштери боюнча изилдөөчүсү Марина Мирон аларды украин күчтөрүнүн колдоосу жок чек арадан Россияга өтүп барып чабуул жасай алат беле деген суроо коет.

Ошондой эле алар Hummer сыяктуу батыш техникасы менен сүрөткө түшкөнү өзүнчө суроо жаратат.«Алар сырттан колдоо жана украин чалгындоосунан маалымат алат болуш керек",-дейт доктор Мирон.

"Чек арадан ары өтүп барып, Россияга чабуул коюп жатканы Киевке керек, анткени Украинанын ичиндеги согуштан алагды кылууда".Украиналык политолог Владимир Фесенконун айтымында, азыркы убакта Украина менен аскерлешкен бир нече түзүмдөр иштеп жатат, бирок алар реалдуу иштерге караганда коомдук байланыштарга көбүрөөк алаксып жаткансыйт.

Би-Би-Си Мониторингдин материалдары боюнча. (КС)