Украинадагы согуш: көмүскөдө калган "кара кагаздар"

Published

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Украинанын Бахмут шаарын алдык деп жаткан жеке менчик аскер компаниянын ээси Евгений Пригожин айыгышкан салгылашта алар 20 миң аскерин жоготконун, анын жарымы абактан келгендер экенин билдирди. Украина болсо Бахмут үчүн күрөш уланып жатканын, азырынча шаарды сырттан көзөмөлдөө алар үчүн ыңгайлуу болорун айтууда.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргызстандын жарандарына кайсы гана чет өлкөдө болбосун согушка, согуштук аракеттерге жана куралду кагылышууларга аралашууга болбойт. Мыйзам ага жол бербейт жана ал үчүн мыйзамда жоопкерчилик каралган.

Пригожин айткан 20 миң жалданма жоокердин арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары дагы бар. Би-Би-Си Кыргыз Кызматы Украинадагы согушта курман болгон кыргызстандыктарды аныктаганга аракет кылууда. Алардын саны интернетте тараган маалыматтарда айтылгандан алда канча көп. Курман болгондордун арасында аты-жөнүнө карап, кыргызстандык болушу ыктымал деп боолголой турган ондогон мисалдар чыкты. Алардын чоо-жайын сүрүштүрө келгенде теги казак, кыргыз, кавказ тектүүлөр, башкырлар бар.

Украинадагы согушка катышкан теги кыргызстандык жоокерлерди экиге бөлүп карасак болот. Биринчи топто Орусиянын Коргоо министрлиги менен расмий келишим түзүп согушка баргандар. Экинчи топто Орусияда абак жайлардан өз ыктыяры же мажбурланып баргандар. Алар "Вагнер" жеке менчик аскер компаниясынын катарында согушка киргендер.

Орусия Украинага басып киргенден он күн өтпөй эле курман болгондор арасында теги Кыргызстандан, кийин орус жарандыгын алган жоокерлер тууралуу алгачкы кабарлар чыга баштады. Алардын эң биринчиси 20 жаштагы Эгемберди Дорбоев болду. Ал Кыргызстанда төрөлүп-өсүп, кийинчерээк Орусиянын жарандыгын алган. Ал аскердик кызматын өтөп жатканына төрт ай болгондо атайын келишим менен Украинадагы согушка барган. Сөөгү 17 күндөн кийин туулуп-өскөн Ысык-Көлгө жеткирилип, жерге берилген.

Андан кийин 26 жаштагы теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү келди. Ал 18 жашында Орусиянын жарандыгын алып, кийин армияда кызмат өтөп жүргөн. Ата-энеси, жакындары Кыргызстанда болчу.

Өз ыктыяры менен түздөн-түз Орусиянын Коргоо министрлиги аркылуу келишим түзүп согушка катышып, курман болгондордун бизге белгилүү саны 13кө жетти. Алардын ичинен ону Орусиянын (мурдагы кыргызстандыктар), үчөө Кыргызстандын жарандары. Булардын баарын орус бийлиги баатырларча курман болду деп сүрөттөп, “Эрдик” ордени менен сыйлады.

Курман болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатына кээде Орусия аскерлери кошо келсе, кай бир учурларда Кыргызстандын жергиликтүү бийлик төбөлдөрү да катышкан мисалдар болду. Курман болгондордун арасында Орусияда билим алгандар, иштейм деп кеткендер, күч органдарынын мурдагы кызматкери, учурунда парламенттик шайлоого аттанган кыргыз жарандары дагы бар.

Биз чогулткан маалыматта алардын эң жашы 21де болсо, эң улуусу 55те болгон. Үй-бүлөлүү, бала-чакалуулары дагы бар. Алар Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчунан.

Он экисинин курман болгон учуру 2022-жылга туш келүүдө. Алардын дээрлик бардыгынын сөөгү Кыргызстандагы өзүнүн туулуп өскөн жерине коюлду.

2023-жылы бизге эки учур белгилүү болду.

Орусия атайын келишим менен согушка катышкан аскер кызматкерлерине айына 204 миң рубль жана башка кошумча акча убада кылган. Курман болгондорго беш млн рубль берилери жазылган маалыматты таптык.

Күч органдары менен атайын келишим түзүп кеткендердин көпчүлүк жакындары кенемте тууралуу ачык айтууну каалашкан жок. Арасынан бирөө гана сүйлөп берүүгө макул болду.

“Таекемдин аты - Жолдошбек, 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районунда туулган. 1987-жылы Орусияга аскерге кызмат өтөгөнү кетип, кийин бир келип, ошо менен кеткен боюнча дайынсыз жок болуп кеткен. Кийин “Жди меня” берүүсүнө кат жазып, далай издедик. Анан жеке коммерциялык компания аркылуу таптык. Катташа баштаганыбызга аз эле болгондон кийин, согушка кетип, курман болду. Жубайы экөөсүнүн ортосунда бала болбогондуктан жана үйлөнгөнү тууралуу расмий каттоосу жок болгон үчүн эч кандай кенемте берилген жок. Жаназасынын чыгымдарын гана төлөштү”, - деп билдирди Нурлан.

Бул жана башка жакындары берген маектерди кененирээк өзүнчө да чыгарабыз.

Эркиндикти эңсеп согушка кеткендер…

2022-жылдын сентябрь айында Орусиядагы жеке менчик “Вагнер” аскердик компаниясы түрмөлөрдү кыдырып, жазасын өтөп жаткандарга эркиндик, жарандык, акча убада кылуу менен 19 жаштан 50 жашка чейинкилерди согушка азгыра баштаган. Андан улуулардын физикалык формасы төп келе турган болсо, атайын кароодон өткөрүп көрүп, ала турганын айткан. Бул жарыядан төрт айдан соң “Вагнер” аркылуу согушка кетип, курман болгон кыргызстандыктардын дагы аттары чыга баштады. Алардын саны ачык маалымат булактарында сегиз болсо, Би-Би-Си Кыргыз Кызматы булардан сырткары дагы тогуз жаранды аныктай алды. Бул 2023-жылдын 26-майына карата такталган сандар экенин эскерте кетели.

Алардын эң жашы 21де болсо, эң улуусу 43тө болгон. “Уурулук”, “зордуктоо”, “талап-тоноочулук”, “адам уурдоо”, “баңгизат” ж.б. беренелер менен жазасын өтөп жаткандар. Согушка 2022-жылдын октябрь, ноябрь айларында кетишкен. Жакындарына мындай чечими тууралуу көбү айтпаптыр. Эң жакын делген адамдарынын телефон номерлерин компанияга таштап кетишкен. Эгерде кокустук болсо, компания ошол номер аркылуу байланышат. Айрымдарына өлгөнү тууралуу кабар туугандарына дээрлик эки айдан өтүп гана айтылууда.

Баары тең эле Кыргызстандагы өзү туулган жерине коюлуп жаткан жок. Арасында Орусияда көмүлүп, жакындары билбей калган учурлар дагы бар. Жакындары коомчулукка жарыялагысы келбеген себептерден улам, биз тапкан тогуз жарандын аты-жөнүн жана башка маалыматтарды азырынча ачык жаза албайбыз. Анын бир маанилүү себеби, жакындары Орусияда туруктуу жашап калгандыктан, компания тарабынан кандайдыр бир коркунуч болушу мүмкүн деп кооптонушат.

Украинадагы согушка бир гана өз каалоосу менен эмес, кысым алдында мажбурланып кеткендер дагы бар. Орусияда көп жылдан бери юрист болуп иштеп келген Мирлан Токтобеков өзү бир топ иштерди иликтеп, ушундай бүтүмгө келгенин Би-Би-Сиге билдирди.

“Басым бир гана чогуу отургандардан эмес, түрмө жетекчилиги тарабынан дагы болуп атат. Бизге кайрылган айрым жарандарыбыздын айтуусунда, администрация тарабынан дагы кысым көрсөтүлгөн учурлар болгон. Өз ыктыяры менен кеткендер дагы бар. 10 жыл, 20 жылга эркинен ажыратылгандар, түрмөдө отурганча деп кетип калгандар дагы бар. Алар 3-4% түзөт. Алар мамлекетке кандайдыр бир доо коё алышпайт. Себеби, формалдуу түрдө болсо дагы макулдугун беришкен”,- деди Мирлан.

Бахмуттагы кандуу булоон

“Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясы Украинанын Бахмут шаарында “кызыл жаян чабуул” деген тактикасынан улам чоң жоготууларга учурады. Орусиянын туш тарабында вагнерчилерге таандык көрүстөндөрдүн улам пайда болуп жаткандары мунун кыйыр далили дегендер бар. Кыргызстанга түз же кыйыр тиешеси бар бир топ киши дал ушул Бахмутта окко учкан.

“Күн сайын миңдеген-миңдеген сөөктөрдү алып чыгып, табытка салып, үйлөрүнө жөнөтөбүз",- деген Вагнердин жетекчиси Пригожин.

Эскертүү: Зээнди кейиткен жагдай сүрөттөлөт

Бахмутта тартылган айрым сүрөттөрдө “Вагнерге” тийиштүү жалданма аскерлердин сөөктөрү киши таанылгыс абалга чейин жатып калганын көрүүгө болот. Алардын айрымдарын жүзүнөн таанууга мүмкүн болбой калса, айрымдарынын дене мүчөлөрү жок.

Компания жиберген сөөк цинктелген табытка бекитилип, кулпуланып келгендиктен, табытты ачпоо талабы коюлат экен. Алар жайына коюлгучакты сүрөт, видеого тартып, компанияга жиберүү талабын алдын-ала эскеритшет. Эгерде бул талаптар аткарылбай калса, кийин кенемте же башка милдеттер аткарылбай каларын айтып коркутушат.

“Балаң өлгөн деп Вагнерден чалышты. Алар дароо эле мага сөөктү ачпайсыңар. Коюлуп атканда сүрөт, видеого тартып бизге жөнөтөсүңөр. Антпесеңер эч нерсеңерди төлөбөйбүз деп коркутушту. Мен нес абалда, “уулумду силер эле өлтүрүп койдуңар” десем, “Эмне деп атасың, жинге тийбе сени керек болсо Россиядан кууп чыгабыз”, - дешти. Мен эми алардын айтканын кылам. Уулумдан башка мага жардам берчү киши жок болчу. Ипотекам дагы бар. Аларды эптеп төлөшүм керек”, - деди ысымын жашырган дагы бир каарманыбыз.

Курман болгон кыргызстандыктардын жакындарынын айтымында, эңсеген эркиндик менен акчаны ала албай калгандар да, кенемтени толук алгандар да бар.

Би-Би-Си Кыргыз Кызматы согушта курман болгон жана аман-эсен келген кыргызстандыктардын укуктары компания тарабынан кандай корголуп жатканын тактоодо. Бул тууралуу кененирээк маалымат кийин да жарыяланат.

“Вагнер” компаниясы абактан согушка алып кеткенди токтотконун ушул жылдын февраль айында билдирди. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Орусиянын атайын кармоочу жайларында Кыргызстандын эки миңге чукул жараны бар экенин, анын миңден ашууну ар кайсы шаарда жаза өтөп жатканын айтып келет. Алардын канчоосу согушка тартылганы боюнча бир дагы расмий органдар так маалымат берише элек. 2022-жылы 25-ноябрда өткөн элдик курултайда президент Садыр Жапаров Орусиянын түрмөлөрүндөгү 900 кыргызстандыкты өлкөгө которуп келүү боюнча Башкы прокуратура орусиялык кесиптештери менен тийиштүү иштерди жүргүзүп жатканын айткан.

9-майда Жеңиш парадына карата президенттин Москвага барары белгилүү болгондон кийин, отузга чукул жаран Бишкекте тынчтык митингине чыкты. Алардын башкы талабы Орусия түрмөлөрүнөн уул-кыздарын, жакындарын Кыргызстандын абагына которууга көмөк көрсөтүү болду. Алар атайын кайрылуу дагы жолдошкон.

Алар “түрмөдөн согушка азгырат” деген кабар өтө көйгөй болуп жатканын да кошумчалашкан.

Президент Садыр Жапаровдун Москвага соңку сапарында Путин менен абактагы кыргызстандыктардын тагдыры жөнүндө сүйлөшкөнү же сүйлөшпөгөнү тууралуу азырынча кабар чыга элек.

Жоопкерчилик

Жалданма жоокер болуп, бөлөк мамлекеттеги согушка катышкандар Кыргызстан мыйзамына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

“Жалдануучулар дегенде материалдык же финансылык пайда көрөм деген максат менен аралашканда, жалдануучулук болуп, кодекске ылайык жаран жоопкерчиликке сот тарабынан тартылат. Муну эске алыш керек. Айрым учурларда мен жалданбай эле жалдануучу болгон эмесмин, мен акча алган эмесмин, товардык-материалдык пайда көрөюн деп аралашкан эмесмин. Жаңжалга байкабастан аралашып калыптырмын, жүрүп калдым. Колума курал карматкандан кийин билбей жүрө бердим деген бул дагы жоопкерчиликтен бошотулбайт”,- деп айткан эле Би-Би-Сиге мурдагы акыйкатчы, генерал лейтенант Токон Мамытов.

Ушул жылдын 17-майында Орусия тарап менен согушка катышкан Кыргызстандын жаранына сот өкүмү чыкты. Ага “Жалданмачылык” беренеси менен айып тагылып, он жылга эркинен ажыратуу чечими кабыл алынды. Бул Украинадагы согушка катышкандыгы үчүн соттолгон биринчи кыргыз жараны болуп калды.

Соттолгон жаран өз кезегинде тагылган айыпты четке кагып, ал жарандык алуу үчүн Орусияга барганын, Луганск Элдик Республикасы деп аталган жикчилдердин түзүмүндө болгонун билдирген. Ал ушул жылдын январь айында УКМК тарабынан кармалган. Ачык булактарда анын аты-жөнү, жашы так жазылган маалымат жок.

Мындан башка, Украина тарапта согушуп жаткан Алмаз Кудабек уулу аттуу Кыргызстандын жаранына УКМК өткөн жылдын ноябрь айында кылмыш ишин козгогон. Ал Украина тарапта согушуп жаткан, түрк элдеринен турган “Туран” батальонунун командири экенин ачык жарыялаган. Бул батальондо ал жалгыз кыргыз экенин дагы билдирген. Кудабек уулу Орусия тарапта согушуп жаткан кыргызстандыктарга кыргыз тилинде кайрылып, туткунга түшүүнү каалагандарга жардам берүүгө даяр экенин ачык айткан.

Кыргызстан Украина-Орусия согушунда бейтарап позицияда экенин байма-бай билдирип келет.

Би-Би-Си Кыргыз Кызматы Украинадагы согушта курман болгон кыргызстандыктарды тактоону уланта берет. Эгерде сизде маалымат болсо, кабарлап коюнуздарды өтүнөбүз.