You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бахмут Вагнердин колунда, бирок украин каршылыгы токтой элек
- Author, Джордж Райт
- Role, BBC News
- Published
Россиянын жалданма аскерлер тобунун башчысы Бахмутту 1-июнга карай орус армиясынын колуна өткөрүп берерин билдирди.
«Вагнер» компаниясынын ээси Евгений Пригожин Бахмутту ээлеп алганын ишембиде эле билдирген, бирок Киев мурдагыдай эле шаардын айрым бөлүктөрүн көзөмөлдөп кармап турганын айтууда.Украина өзүнүн аскери Бахмуттун чет жакасына жылып жайгашып жатканын билдирип жаткан чакта, Пригожин бейшембиден баштап анын аскери шаарды орус армиясына өткөрө баштаарын айтты.«Вагнер Артемовскиден 25-майдан 1-июнга чейин чыгып кетет», — деди Пригожин Telegram'дагы аудио кабарда.Бахмут мурда советтик революционердин урматына Артемовск деп аталып келген, кийин Украина анын атын өзгөртүп салган.Ошол эле убакта Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр анын күчтөрү шаардын ичинде чакан плацдармды ээлеп турат жана шаардын чет жакасына жылууда деп билдирди.
Андан кийин ал Telegram каналга украин аскери мурдагыдай эле шаардын "айрым жеке менчик объектилерин жана Литак районундагы жеке менчик секторду көзөмөлдөп турат" деп жазды.Талдоочулар өз кезегинде Бахмут Москва үчүн анчалык чоң стратегиялык мааниге ээ эместигин, бирок анын алынышы Украинадагы согуштагы эң узак салгылашууда Россиянын символикалык жеңиши болуп калганын белгилешүүдө.
Вагнердин жалданма аскери бул шаарга бардык күчүн жумшап жатканына бир нече ай болду, алардын миңдеген жоокерлерди кызыл жаян кылып аябаган кымбат тактикасы акыры Киевдин каршылыгын сындырды окшойт.
Соңку күндөрү эки тараптан тең Бахмуттун макамы тууралуу кайчы кабарлар келип жатты.
Украина президенти Зеленский Бахмутту Россия басып ала элек деп жекшембиде Жапонияда чоң жетиликтин саммитинде билдирди.
Россиянын президенти Владимир Путин болсо шаарды ээлеп алганы үчүн Вагнерди куттуктады. Пригожин өзүнүн бир нече жоокеринин коштоосунда туруп видео кайрылуу жасады, анысы ишембиде социалдык сайттарга чыкты.
Пригожин өзүнүн соңку пикирлеринин биринде: "Эгер Коргоо министрлигинде кадрлар жетпей атса, бизде миңдеген генералдар бар",-деди.
Ал Россиянын жогорку аскердик кызмат адамдарына бир нече жолу кайрылып, анын аскерин жакшы колдоого албай жатат деп катуу сынга алып келди. Өткөн айда ал эгер ок-дарыдан жардам болбосо аскери менен шаарды таштап салып баса берерин эскертип опуза кылды.
Бахмутту алгандан кийин Россия бүт Донецк областын көзөмөлгө алуу максатына бир аз жакындайт. Бул өткөн жылы сентябрда Россия референдум өткөрүп, аннексиялап алган төрт областтын бири. Ал референдумдарды Россиянын сыртында тааныбай, жасалма деп четке кагышты.
Бирок өткөн жылы жайында Россия Северодонецк менен Лисичанскиге бардык күчүн жумшап жатканда Украина башка жерлердеги аймактарын кайтарып алды.
АКШ ушул айдын башында Бахмут үчүн кармашта 20 миң орус аскери курман болду, 80 миңи жарадар деп билдирген. Би-Би-Си бул кабардын чындыгын өз алдынча текшере албайт.Бахмутта согуштан мурда 70 миң адам жашап турган эле, эми мурда туз жана гипс шахталары, чоң вино заводу менен таанылган шаарда азыр бир канча миң гана адам калды. (КС)