Киевге ракеталык чабуулдун тогузунчу толкуну

    • Author, Адам Дурбин - Лондон, Джеймс Лэндейл - Киев
    • Role, BBC News
  • Published

Украинанын баш калаасы Киевке, Одессага жана башка шаарларына Россиянын ушул айдагы ракеталык чабуулунун тогузунчу толкуну болду.

Киевдин бийликтери шаардын үстүнөн учкан ракеталар баары атып түшүрүлгөнүн, бирок жерге түшкөн сыныктар эки райондо зыян келтиргенин билдирди.

Расмий кабарлар боюнча Кара деңиздеги Одесса портуна ракеталык чабуулдан бир адам курман болду, дагы экөө жарадар.

Жардыруулар Виница, Хмельницк жана Житомир областтарында да угулду.

Жалпысынан Россия түн ичинде аткан 30 ракетанын 29 атып түшүрүлдү деп кабарлады Украинанын Аба аскер күчтөрү.

Крымда дан жүктөлгөн поезд жолдон чыгып кетип, Симферопол менен Севастополдун ортосундагы темир жол каттамы токтоп калды. Симферополь - Россия 2014-жылы аннексиялап алган Украинанын Крым жарым аралындагы административдик борбор.

Киевке акыркы түндөгү ракеталык чабуулда Россия канаттуу ракеталарды жана чалгынчы дрондорду колдонгону баш калаанын аскердик башкармалыгынын билдирүүсүндө айтылат.

Анда ошондой эле "Киевке болуп көрбөгөндөй аба соккулары" уланып жатканы айтылат.

Шейшембиде Украина гиперүндүү "Кинжал" ракетасынын алтоон атып түшүргөнүн билдирди.

Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөн орус ракеталарынын бирөө үйдүн арткы короосуна кулап түштү.

Киевдин мэри Виталий Кличко Киевдин Дарницк районундагы гаражда өрт чыкты, бирок эч ким жабыркаган жок деп айтты.

Шаршембиде эки тарап эл жашаган райондорго ракеталык соккулар жасалды деп бири-бирин айыптап жатканда, жалпы курмандыктар саны сегиз адам болду, анын ичинде Херсондогу беш жаштагы бала бар, ошондой эле адам 17 жаракат алды.

Оккупацияланган Донецк шаарында украин күчтөрүнүн аткылоосунан беш адам курман болду жана 15 жарадар деп шаардын мэри билдирди. (КС)