Түркиядагы шайлоо: талапкерлер экинчи турга бармай болду

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Түркияда жекшембиде болгон президенттик шайлоодо бир да талапкер биринчи турдагы керектүү 50% добуш ала албады. Эки башкы талапкер экинчи турга барууга макул дешти.

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоону тарыхый деп атап жатышат, анткени Эрдоган башкарган 20 жылдан бери биринчи жолу оппозиция үчүн жеңишке жетүүгө шанс болуп турат.

Бириндеп келген оппозициялык партиялар бир нече айдан бери бардык күчтөрүн бириктирип, 2016-жылы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин президенттик бийлигин чоңойтуп алган Эрдогандын башкаруусун бүткөрүү аракетин көрүүдө.

Добуштар 99,01% саналып бүткөндөн кийин Эрдоган 49,40% добушка ээ болду. Анын башкы атаандашы оппозициядагы алты партиянын "Улуттук альянс" бирикмесинен талапкер Кемал Кылычдароглу - 44,96% алды. Дагы бир талапкер Синан Оган - 5,21% алды. Ал эми "Ата мекен" партиясынан чыккан талапкер Мухаррем Индже шайлоо алдында жарыштан чыгып кеткен болчу.

Аналитиктер бул натыйжаны түрк коомундагы ажырымдын жогорку деңгээли деп жатышат.

Эрдоган биринчи турдагы жеңиштен үмүт кылып жатканын, бирок элдин эрки менен экинчи тур керек болсо, ага да макул экенин билдирди.

Анын башкы атаандашы Кемал Кылычдароглу экинчи турда жеңип чыгарын ишенимдүү айтууда.

"Эгер экинчи тур болсо, биз анда сөзсүз жеңебиз. Элдин жаңылануу ниети 50% жогору", - деди саясатчы.

Кылычдароглу андан мурда оппозиция алдыга чыккан региондордо кайра шайлоо өткөзүү менен "элдин эркине бөгөт коюуга" аракет кылууда деп өкмөттү айыптады.

Экинчи тур болорун социологиялык изилдөөлөр мурда эле көрсөткөн, бирок Эрдоган эмес, Кылычдароглу биринчи болуп келет деп жатышкан.

Anadolu мамлекеттик маалымат агенттигининин такталбаган маалыматтарына караганда, Эрдоган союздаштары менен парламентте да көпчүлүк орунга ээ болору айтылууда.

Бөлүнгөн коом

Түркияда экономикалык проблемалар курчуп турган убак, инфляция 44% чыкты. Эрдогандын экономикалык саясаты сазга тыгылып турат.

Эрдогандын өкмөтүн февралда 50 миңден ашык адамдын өмүрүн алган болгон катуу жер титирөөнүн алдын алууга даярдык көргөн эмес деп айыпташууда.

Ошого карабастан, Эрдоган биринчи турда жеңилип калган жок жана экинчи турда жеңип чыгууга шансы бар.

Стамбул, Анкара, Измир сыяктуу ири шаарлардагы добуштар эсептелген сайын эки негизги атаандаштын ортосундагы ажырым дагы кыскарууда. Шайлоонун толук жыйынтыгы 19-майда расмй гезитке жарыяланат.

Шайлоодо активдүүлүк жогору болду деп ишенимдүү айтса болот. Бирок көптөгөн байкоочулар менен журналисттер "түрктөр өздөрү добуш берүүнүн жыйынтыктарына ишенеби" деген суроону көп берип жатат.

Көп талдоочулар үчүнчү талапкер алган 5% добуш экинчи турда кимге берилет деген суроону кызуу талкууга алышууда.

"Биринчиден, Эрдоган утулган жок, ошол эле учурда жеңе албады. Бул көп нерседен кабар берет, эң башкысы Эрдогандын 21 жылдык саясий доору аягына келип калды",-дейт кыргыз саясатчы Айбек Теңизбаев Фейсбукта. - Экинчиден, экинчи тур боло турган болду. Кийинки турда Эрдогандын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк жана ал бүтүн ресурсун колдонот. Эрдоган 49.35%, Кылычдаруулу болсо 45% добуш алды. Үчүнчү талапкер Синан Огандын 5% добушу толугу менен бир тарапка өтөт дегенден алысмын. Бул факт шайлоонун экинчи туруна калемпир кошуп жатат".

Парламентеги кырдаал

Президенттик шайлоо менен катар өлкөдө парламенттик дагы шайлоолор өттү.

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын кабарына караганда, президент Эрдогандын Акыйкат жана өнүгүү партиясы башында турган "Республикалык альянс" 49,3% добуш алып, 600 орундун 322 ээлемекчи. Партиянын өзү парламентте 266 орунду алат.

Кемал Кылычдароглунун Элдик-республикалык партиясы башында турган оппозициялык "Улуттук альянс" - 35,19% добушка ээ болду, бул парламенттеги 212 орун. Анын 168 Кылычдароглунун өзүнүн партиясы алат.(КС)