Эрдоганга эмне болду?

Published

Түркияда президенттин алдындагы дезинформация менен күрөшүү башкармалыгы Режеп Тайып Эрдоган "жүрөгүнөн кармап, ооруканага жатты" деген кабарларды төгүндөгөн билдирүү таратты. Эрдоган Аккую АЭСине отун жеткирүү аземине онлайн катышары айтылды, ал эми Мерсиндеги митинг жылдырылганы кабарланды.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн милдеттерин аткарууда, чакан эс алуудан кийин ал иш чараларга катышууну улантат, деп билдирди Твиттерде башкаруучу партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик.

Анын алдында түрк президенти жүрөгүнөн кармап, ооруканага жатып калганы жөнүндө кабарлар тараган эле.

Президенттин администрациясынын коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Твиттердеги өзүнүн аккаунту аркылуу тараткан билдирүүсүндө Эрдогандын саламаттыгы жөнүндө тарап жаткан кабарлардын скриншотторун бөлүшүп: "Биз урматтуу президентибиз Эрдогандын саламаттыгы жөнүндө негизсиз билдирүүлөрдү чечкиндүү түрдө четке кагабыз",-деп жазды.

«Алар канчалык жалган кабар таратпасын, түрк эли аны менен, 14-майда Эрдоган менен "Акыйкат жана өнүгүү" партиясы жеңери кашкайган факт», — деди Алтун.

Башкаруучу партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик да Твиттерден төгүндөгөн билдирүү таратты.

"Кээ бир чет элдик ЖМКлар президентин ден-соолугу жөнүндө аморалдык жалган маалыматтарды таратууда. Мырза президент өзүнүн милдеттерин аткарып жатат. Ал кичине эс алуудан кийин программаларга катышууну улантат”,-деп баса белгиледи басма сөз катчы.

Ошол эле убакта бийликтеги "Акыйкат жана өнүгүү" партиясынан депутат жанан төраганын орун басары Эркан Кандемир бейшембиде «Аккую» АЭСине өзөктүк отун жеткирүү аземине онлайн форматта катышат деп айтууда. Башында Түркиянын лидери өзү келип катышканы жатканы кабарланган. Бирок кийинчерек Эрдоган дарыгерлердин кеңеши боюнча үйдө каларын билдирди.

Шейшембиде президенттин грипптен ноокастап калганына байланыштуу аны менен түз эфирди кыскартып өткөрүүгө туура келди деп Итар-ТАСС жазды.

Кабарга караганда, Эрдоган шайлоо алдында "7-канал" жана "Ульке" телеканалдарынын журналисттеринин суроолоруна жооп берди. Эфир башталгандан кийин программа 20 мүнөткө токтоп калып, рекламадан кийин гана улантылды.

Түркияда 14-майда президенттик шайлоо өтөт.

Вице-президент Фуат Октай өз кезегинде Эрдогандын саламаттыгы абдан жакшы деп айтууда.

«Биз дайыма байланышып атабыз, ал кичине тумоолоп калды",-деди Октай.

"Акыйкат жана өнүгүү" партиясынын төрагасынын орун басары Эркан Кандемир Мерсинге пландаштырылган митинг кийинчерек өткөрүлө турган болгонун билдирди.

Түз ободогу кыйчалыш кырдаал

Шейшембиде 7-канал жана Ülke TV каналдарынын биргелешип өткөргөн түз обосунда Эрдоган кыжаалат болуп турганы билингени айтылууда.

Түз ободогу программа кокустан токтоп, 20 мүнөттөн кийин гана уланды. Андан кийин "Президенттин өзгөчө тандоосу" деп аталган программа 12 мүнөткө созулуп, аягына чыкты.

Жогоруда аталган каналдардын биргелешкен программасы 22:00дө башталары мурда кабарланган, бирок трансляция 23:30 башталды.

Эрдоган оппозицияны сынга алып: "Коалициядагы өнөктөштөр өздөрүнүн убадалары менен террордук уюмдарга жана террорчуларга үмүт жандырууда. Түрмөдөгү террорчулар 14-майды күтүп атышат",-деп сүйлөдү.

Саат 23.40 болуп калганда Ülke TV башкы редактору Хасан Өзтүрк Эрдогандан, «эгер ал жеңип калса, азыркы министрлерден жаңы кабинетте болобу» деп жана "анын шайлоо алдындагы конкреттүү милдеттери" тууралуу сурады.

Эрдогандан жооп болбогондон кийин камера Хасан Өзтүрктү көрсөтүп турду.

Өзтүрк рекламага өтөйүн деп калганда экранда «О, о, о» деген үндөр чыгып, программа чарт үзүлүп калды.

15 секундка созулган жымжырттыкта Хасан Өзтүрк ордунан турмакчы болуп камынып барып кайра ордуна отуруп калды.

Программа 20 мүнөттүк тыныгуудан кийин саат 00.07 кайра уланды. (КС)