You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Согушка каршы сүрөт тарткан кыздын атасы эки жыл колонияга кесилди
Россиянын Ефремов шаарында алтынчы класста окуган Маша Москалева согушка каршы сүрөт тартканы үчүн анын атасы "орус армиясын дискредитация" кылды деген негизде эки жыл колонияга кесилди. Сотко анын өзү келген жок, өкүм жарыяланганда качып кетти.
"Бүгүн өкүм жарыя болду, бирок соттолуп жаткан адам өзү болгон жок, анткени бүгүн түнү ал үй камагынан качып кетти", - деди Ефремов райондук сотунун басма сөз катчысы Ольга Дьячук. Анын бул айткандарын "Медиазона" (Россияда "чет элдик агент болуп жарыяланган") жазып чыкты.
Мамлекеттик айыптоочу сотту кыздын атасын эки жыл колонияга кесүүнү, ага үч жылга интернетти пайдаланууга тыюу салууну жана компьютерин мамлекетке алып коюну сурады.
13 жаштагы кызды жалгыз өстүрүп жаткан адамды "Одноклассники" социалдык тармагындагы согуш жөнүндө жазган пикирлери үчүн соттошту. Жазында кызы мектепке согушка каршы сүрөт тартып барганда эле ага кылмыш иши ачылган. Москалевди үй камагына алышып, кызын приютка алып кетишкен.
6-апрелде Ефремов райондук соту аны ата укугунан ажыратуу жөнүндө маселе карамак. Бирок шейшембиде соттун өкүмү чыккандан кийин кызы атайын социалдык кызматтардын кароосуна берилмей болду.
Прокурор сотто сүйлөп жатып, Москалевдин кызы бар экендигин жеңилдетүүчү жагдай, ал эми "кылмыш" Украинада "атайын операция" убагында жасалганын оорлотчу жагдай деп атады. Россияда Украинадагы согушту азыр деле "атайын операция" деп айтышат.
Алексей Москалевдин кызынын иши коомдук чоң резонанс жаратты: анын кызы өткөн жылы согушка каршы маанайдагы сүрөт тартып барганы үчүн мектепте проблемалар башталды. Өткөн жылы апрелде Маша Москалева сүрөт сабагында Россия менен Украинанын желектерин тартып, "Согуш болбосун" жана "Украинага даңк" деп жазган. Ошондон кийин мектептин директорун полицияга чакырышты.
Кыздын атасына "армияны дискредитация кылып жатканы" жөнүндө протокол жазып, (кыздын сүрөтү боюнча эмес, анын өзүнүн "Одноклассникидеги" пикирлери боюнча), ал эми декабрда кылмыш ишин ачышкан.
Марттын башында аны кармашып, үй камагына калтырышкан. Ал эми кызын "Юность" реабилитациялык борборуна алып кетишкен.
Москалев сотто "Одноклассникидеги" пикирлерге эч тиешеси жок экенин, бирөөлөр анын баракчасын талкалап кирген болушу мүмкүн деп билдирди.
Бирок ал ошол эле учурда соттогу акыркы сөзүндө "атайын операцияга" каршы экенин айтты.
"Адамдар өлүп жатса, ага кандай караш керек? Чоң кишилер, балдар курман болууда. Каршымын, согушка дагы кандай карамак элем. Бирок терс пикирлерди, мазактоолорду жазган деңгээлге чейин түшкөн жокмун… Мен андай кылган жокмун", - деди Алексей ( "Медиазона келтирген цитата").
Россиянын соту менен жоюлган "Мемориал" укук коргоо борбору Алексей Москалевди "саясий негизде камалган" адам деп тааныды.
Сот баланы ата-энесинен ажыратып, аларды саясий негизде камаган окуя 1986-жылдан бери биринчи жолу болуп жатканын "Мемориалдын" архив кызматкери Алексей Макаров "Жаңылыктар агенттигине" билдирди,