You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Апа, эң башкысы, мен аман-эсенмин". Украинадагы орус согуш туткундарынын лагери
- Author, Джеймс Уотерхауз
- Role, Би-Би-Си
- Published
Биз өлкөнүн батыш жагындагы туткундар лагерине кирип баратканда Россиянын ракеталары Украинанын асманында жалаңдап кайрадан оюн салышты.
Бүт өлкө боюнча үңүрөйгөн мындай абак жайлардын элүүсү бар, анда жүздөгөн орус аскерлери жана жалданма согушкерлер камакта отурат.
Алыстан Украинанын асмандан коргонуу күчтөрүнүн куралдарынын дүңгүрөгөн добушу угулат. Бизди жертөлөгө алып киришкенде орустардын асмандагы чабуулунан калкаланып отурган абактагы ондогон адамды көрдүк.
Бул согушта туткундарды алмашуу кадыресе көрүнүш болуп калды, анын болуп турганы Киев үчүн абдан маанилүү. Украина ушул айда туткундарды алмашып, 1762 аял менен эркекти бошотуп алууга жетишти.
Бул абдан кылдат аткарыла турган операция, аны даярдашка бир нече ай кетет.
Женева конвенциясы боюнча согуш туткундарын жалпыга ачык көрсөтүүгө болбойт. Бирок бизге каалаган адамдар менен жолугууга улуксат берип, алардын макулдугун сурашты. Биз каякка баспайлы, күзөтчүлөр биз менен жүрүштү, ошондуктан бул адамдар канчалык эркин сүйлөй алганын айтуу кыйын.
Көптөрү таанылып калбаш үчүн жүзүн жашырып жатышты.
Өткөн жылы ноябрда ноябрда жарыяланган БУУнун адам укуктары жөнүндөгү отчетунда туткундардын укуктарынын бузулгандыгы, алардын кыйноого алынган учурлары эки тарапта тең болуп жатканы айтылган.
Бул жакта кайтарган адамдар туткундарга жакшы мамиле кылып жатканын бизге көрсөтүүгө аракет кылышты.
Бир жоокер жалданма согушкерлердин тобунда болгонун айтты. Ал өткөн айда өлкө чыгышындагы орустар басып алган Соледар шаарынын жанынан туткунга түшүп, үч күн мурда бул жакка алып келинген экен.
Дагы бир туткун менен тиктештп калганда, ал Луганск областында 29-декабрда колго түшкөнүн айтты
«Мени алмашып алышат, армияга кайтпайм деп үмүт кылам», — деди ал.— Эгер башка жолуң жок болсо эмне кыласың?- деп сурадым.Ал саамга үн катпай туруп: "Мен аны ойлонуп жатам. Кайра эле өз ыктыярым менен колго түшүп, бул жакка кайтып келем",-деди.
Бул жайдан чыгып баратып биз туткундардын жарымы жарадар экенин түшүндүк.Кээ бирлеринин колу же буттары бинт менен таңылуу. Башкалары аксап араң басышат.
Бир жаш жигит граната жарылганда бутун жулуп кеткенин ыйламсырап айтып берди.
Дрелдин дүрүлдөгөн үнүнө жакындаганыбызда аскер туткундары эмерек чогултуп жаткан чакан өндүрүштүк устакананы көрдүк. Алар бизди карабай жүзүн жашырып иштеп атышты.
Бизге мекеминин жергиликтүү компания менен келишими бар экенин айтышты, бул туткундар тамеки менен кант-чайга жеткидей анча-мынча акча табышат дегенди билдирет.
Туткундардын көбү мындай жумуштарга иштөөгө аргасыз. Тандоо мүмкүнчүлүгү орус офицерлеринде гана болушу мүмкүн.
Туткундарды түшкү тамакка өйдөкү кабаттагы убактылуу ашканага алып барышты. Терезенин ар жагында укриан желеги шамалга желбиреп турду.
Алар тез-тез жана тунжурап отуруп тамактанышты. Андан соң баары столдон бир убакта туруп украин тилинде "Тамак бергениңиздерге рахмат!" деп жабыла үн катышты.
Туткундар бул жерде украин тилинде телеканалдарды көрө алышат, анын арасында Украина жана түштүктөгү бомбалоодон талкаланган шаар Мариуполдун тарыхы жөнүндө документалдуу фильмдер бар.
Мариуполду коргогон украин аскерлеринин бир бөлүгү соңку жолку туткун алмашууга катышкан.
Биз туткундардын бирөөнөн телевизордон көрүп жаткандарын түшүнөбү деп сурадык.
— Бир топ эле, — деди ал. "Мага бул пайдалуу болуп жатат". Ал жактырбагандай болуп башкача сөз айта алмак да эмес болуш керек.
Кээ бир орустар аларга коюлган программаларды түшүнбөй да, көргүсү да келбей жаткан болушу толук мүмкүн.
Кароолчулардын айтымында, туткундарга эки аптада бир жолу үй-бүлөсүнө телефон чалып сүйлөшкөнгө уруксат берилет. Алардын көбүнүн үй-бүлөсү балдарынын туткунга түшкөнүн ушул жактан биринчи билишет.
— Сен каяктасың? Мени сени жарым жылдан бери сурап жатам.
Телефондон бир жаш туткундун апасынын сүйлөгөнү угулуп жатты.
«Апа, токтой тур. Мен туткундамын, башка эч нерсе айта албаймын».
"Кан ичкичтердин колундабы?"- деген апасы ыйлап баштады.
«Кой апа. Акырын», — деди ал кароолчу ага жакын басып барганда. «Эң башкысы, мен аман-эсенмин, сак-саламатмын».
Кээ бир туткундардын телефон чалууларына жооп болбой калат, бирок аларда башка жолу телефон чалып сүйлөшүүгө, туткун алмашууга мүмкүнчүлүк бар.
Анна Чорноус жана Морган Гисхолт Майнарддын катышуусу менен