"Орус аскеринин жайнаган жансыз денеси". Соледар үчүн айыгышкан салгылашуу

Published

Улуу Британиянын коргоо министрлиги Россиянын армиясы, анын ичинде Вагнердин жалданма согушкерлери азыркы учурда Донбасстын чыгышындагы Соледар шаарынын чоңураак бөлүгүн көзөмөлдөп турганын билдирүүдө.

Москва Соледарды Бахмут шаарын алуу үчүн таяныч база катары пайдалангысы келип жатканы айтылууда. Соледар Бахмуттан он км түндүктө жайгашкан. Бирок украин күчтөрү өздөрүнүн коргонуу позицияларын бербей сактап турушат.

Соледардагы согуш соңку учурда абдан катуу болду. Киевдеги расмий адамдар украин күчтөрү Вагнердин жалданма согушкерлеринин чабуулунун мизин майтарып жатышканын айтууда.

Президент Зеленский кырдаалды абдан оор жана акылга сыйгыс деп атады. Анын айтымында шаардан дээрлик эчтеке калбады, ал эми жер үстү орус аскеринин жайнаган жансыз денесине толду.

Соледар шаарына жасалган чабуул - Бахмутту түндүктөн айланып өтүп, украин аскеринин камсыздоо жолдорун үзүп салуу аракети. Бул райондо жайгашкан туз шахталарына үчүн да бир топ салгылашуулар болду. Эки тарап тең душман тылга өтүп кетет деп кооптонууда.

Башка жердеги кабарларга караганда, орус аскеринин чабуулунан Херсон облусунда эки адам, дагы эки адам Харьковдо курман болду. (КС)