You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинадагы согуш: Путиндин "Рождестволук тыныгуу" сунушун Зеленский четке какты
Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга Рождество майрамына карата 36 саатка бүт фронт боюнча ок атууну токтотууну буйруду жана Украинаны бул демилгени колдоого чакырды. Президент Зеленский өз кезегинде бул сунушту диний майрамга жамынуу аракети деп атады.
Путин ок атышууну токтотуунун убактысы 6-январда саат 12.00дөн баштап 7-январда 24.00гө чейин болот деп билдирди. Дал ушул убакытка Рождестводо ок атышууну токтотууга андан мурда Орус православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Кирилл да чакырган эле.
Россиянын президентинин басма сөз кызматынын кабарына караганда, Путин дал ушул чакырууга жооп кылды.
"Согуштук аракеттер болуп жаткан райондордо православиени тутунган көп сандагы жарандар жашайт, ошондуктан украин тарапты дагы ок атышууну токтотуу режимин жарыялап, элге Рождестводо майрамдык ырым-жырымдарды аткарууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз",-деп айтылат басма сөз кызматы келтирген Путиндин сөзүндө.
Владимир Зеленский бул сунушка кечки кайрылуусунда жооп кайтарды. "Азыр булар Рождествого жамынып, биздин балдардын Донбасстагы жүрүштөрүн кичине да болсо токтотуп, техникасын, курал-жарагын жана аскерин биздин позицияга жакын алып келип алмакчы болууда. Бул эмне берет? Кайра эле жоготуулардын саны көбөйөт",-деп билдирди Украинанын президенти. (Кайрылуунун ушул бөлүгүн ал Россиянын жашоочуларына карата орус тилинде айтты).
"Кремль согуштагы тыныгууну күч жыйнап алып кайра согушууга пайдаланарын дүйнөдө баары билет. Ал эми согушту эртерек бүткөрүш үчүн башка иш керек,-деп кошумчалады ал. - Россиянын жарандары жок дегенде 36 саатка Рождество убагында Кремлдеги бир адамдан шерменде болуп корккондон кутулушу керек".
"Силердин аскерлер же өздөрү кетет, же биз кууп чыгабыз, согуш ошондо бүтөт", - деп аяктады Зеленский сөзүн.
Андан мурда украин президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михал Подоляк Путиндин тапшырмасын согушту басаңдатып, тыныгууга убакыт алыш максатын көздөгөн "пропагандисттик жүрүш" деп атады.
"Алардын максаты бирөө: "дароо сүйлөшүүгө келүү, орустардын ультиматумун кабыл алуу, бөлүнүүнүн жаңы чеги". Путиндин "убактылуу ок атышууну токтотуу" жөнүндө көрсөтмөсүнүн арам ою ушундай. Бул жерде согушту токтотуу жөнүндө кымындай да ой жок".
Путиндин билдирүүсүнөн бир аз убакыт өткөңдөн кийин өзүн өзү жарыялап алган "Донецк элдик республикасынын башчысы Денис Пушилин Телеграм каналында "бул чечим биз тараптан демилгелеп ок атуу же чабуул аракеттерине гана тийиштүү" деп жазды. "Бирок биз душмандын тукурук аракеттерине жооп бербейбиз дегенди билдирбейт. Же ушул майрам убагында кармаш сызыгында душманга өзүнүн позициясын жакшыртууга шанс берүү эмес",-деди Пушилин.
Путиндин сунушуна АКШ президенти Жо Байденден да реакция болду. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Байден:"Мен Путиндин бардык сөзүнө жооп бергим келбейт. Бул мага кызык болууда. Ал 25де (декабрда, Рождестводо), Жаңы жылда ооруканаларды, бала бакчаларды жана чиркөөлөрдү бомбалаганга даяр эмес беле. Менимче, ал кичине тыныгуу алайын деп жатат",-деди.
Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель өзүнүн "Твиттерине" "орус аскерин алып кетүү тынчтыкты жана коопсуздукту калыбына келтирүүнүн жалгыз гана олуттуу варианты" деп жазды. "Ок атышууну бир тараптуу жарыялоо - бул карикатуралык аннексия жана аны коштогон референдумдар сыяктуу эле жалганчылык жана эки жүздүүлүк".
"Мен кимге карыз болсом, баарын кечирем"
Политолог Татьяна Становая коргонуу кырдаалында туруп тыныгуу жарыялоо аябай эле таң калыштуу: "Кимге карыз болсом, баарын кечирем" дегендей кеп" дейт.
"Рождестводо ок атышууну токтотуу Путиндин логикасына туура келүүдө, анын оюнда Россия тарыхтын жарык жагында болуп адилеттик үчүн күрөшүүдө,-дейт политолог. - Бирок бул кайсы бир деңгээлде жаңы жылдын түнүндө Макеевкадагы ондогон же жүздөгөн орус аскеринин жок кылынганынан улам болуп жатат".
Украинанын куралдуу күчтөрү 1-январда жаңы жылдын биринчи мүнөттөрүндө Макеевкадагы орус аскеринин конушуна сокку урган. Окуу жайдын имараты бүтүндөй кыйрап түшкөн - ЖМКнын маалыматына караганда анын ичинде ок-дарынын сакталып турганы да ккошумча себеп болду. Россиянын Коргоо министрлиги 89 аскер курман болгонун билдирди, ал эми украин булактары жүздөгөн адамдар жөнүндө айтышууда.
Становаянын пикиринде, Путин "Рождестводо мунун кайталанышын каалабайт". "Ошондой эле ал элге жакшы көрүнүүгө ойноп жатат. Бул согушта Путин "өзү жана "бир тууган элдер үчүн" гана эмес, бүт дүйнөнү "АКШнын "гегемониясынан" куткарып, жакшылык кылып жаткан "баатыр" болуп көрүнгүсү келип жатканын унутпаш керек".
Украина тарап 6-7-январда Россия ракета жана дрон-камикадзелер менен жаңы соккуларды жасайт деп болжоп жатышканын билдирген.
Россиянын армиясы жаңы жылда урган массалык ракеталык соккулардан Украинада бир нече адам каза тапты. Россия Украинаны православиенин башкы майрамдарынын бири Пасхада дагы соккуга алган. (КС)