You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Путиндин жаңы жылдык чындыгы
- Author, Стив Розенберг
- Role, Би-Би-Си, Москва
- Published
Кремлдин мунарасындагы саат он экини сокту. Россиянын гимни жаңырды.
Биринчи канал 2023-жылды «Мен орусмун, мен түбүнө жетемин … Мен орусмун, бүт дүйнөгө карабайм» деген ыры менен баштады.
Патриоттук маанидеги ырдын калган бөлүгүндө «Мен Советтер союзунда төрөлгөм, мен СССРде жаралгам»! деп уланды.
Мен каналдарды которуп көрдүм. «Россия - 1» каналындагы жаңы жылдык майрамда эң белгилүү аскер кабарчыларынын бири колуна шампан куюлган бокал кармап, 2023-жыл үчүн тост көтөрүп, «фронттун алдыңкы бөлүгүнөн жаман кабарга караганда жакшы кабарлар көп болсун» деп тилек айтты.
Анын жанында аскер кийимчен адамдар отурду. Россия оккупациялап алган Украинага Москва дайындаган чиновник «Мен баарыбызга тынчтыкты каалайм. Бирок тынчтык биздин жеңиштен кийин гана келет», -деп билдирди.
Бул сөздүн мааниси түшүнүктүү. Россиянын телекөрсөтүүсүндө майрамдык берүүлөр «келгиле көңүл ачалы» менен «согуш талаасында жеңишке жетелинин» кызыктай аралашмасы болуп жатты.
Россиядагы жаңы жылдык бул түн адаттагыдан башкача. Бул демейки жаңы жылдык түн эмес. Россия Украинага толук масштабдуу кол салган он ай мурун эле башкача болуп калган.
Владимир Путиндин Россиянын калкына жаңы жылдык кайрылуусунда дагы «нормалдуу» эчтеке болгон жок. Жаңы жылдык кайрылуу жасаган убакта президент адатта Кремлдин сыртында жалгыз туруп сүйлөчү. Бул жылы анын артында аскер кийимчен эркектер менен менен аялдар турду.
Мурунку жаңы жылдык кайрылуусунда Кремлде отурган лидер «Жаңы жылдын алдында жакшы маанайга жана кубанычтуу ойлорго бөлөнүп турганын» билдирген.
Бул жолу жакшы маанай менен кубанычтуу ойлор жетпей турду.
Путин бул кайрылуусун «Бул конфликтте Россия баатыр, ал эми Украина менен Батыш зулум» деген Кремлдин альтернативдүү чындыгын жеткирүүгө колдонду.
«Көп жыл бою батыш элитасы эки жүздүүлүк менен бизди өздөрүнүн тынчтыкты сүйгөн саясатына ишендирип келишти… а иш жүзүндө алар неонацисттерди ар тараптуу колдоп келишти»,-деди президент Путин.
Россиянын президенти 2022-жылдагы окуялардан абдан чоң сабак алганын айтты: «Бул Россиянын толук суверенитетке ээ болуу жолундагы маанилүү кадамдардын жылы болду».
«Биз өзүбүздүн келечегибиздин, биздин чыныгы көз каранды эместигибиздин» пайдубалын түптөдүк».
Россия бул согушта өзүнүн суверенитети менен көз каранды эместиги үчүн күрөшүп жатат деген сөз, жумшак айтканда, ынандырбайт.
Россия эчактан бери суверендүү, көз каранды эмес мамлекет. Эгерде Путиндин Россия «толук суверенитетке» ээ боло элек деген тезисин алсак, мындай суроо чыгат: Эмне үчүн? Путин бийликте турганына 23 жыл болду. Сиз бул убакыт жетиштүү эмеспи деп ойлойсуз.
2023-жылы биз Кремль саясатын дагы катаалдаштырарын көрөбүз. Россиянын бийликтери «атайын аскердик операцияга» өлкөнүн бардык ресурсун жумшоодо.
Бул жерде талаш-талкууга орун жок: өкмөт коомчулук биримдикти көрсөтүп, президентти колдойт деп күтүүдө. Бул мүдөөгө кошулбаган орустарга болсо мекенин сатуу кандай болорун көрсөтүшөт. (КС)