Эл маанайы: Жашообуз жакшы, жаңы жылда дагы жакшы болобу?

Published

Кыргызстандын көпчүлүк калкы өткөн жылды жакшы болду деп эсептейт. M-Vector компаниясы жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 83% жыл жакшы болду, ал эми 88% жеке өзү үчүн ийгиликтүү болду деп жооп берген.

Жыл жаман болду дегендер 14%, жеке өзү үчүн жаман болду дегендер 11% түздү.

Сурамжылоого катышкандардын 14% жылдын эң орчундуу окуясы катары Баткен областындагы чек арада болгон согушту аташкан. Андан кийинки орундарга Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу саясий окуялар жана биринчи элдик курултай чыкты.

"Кемпир-Абад" суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы болгон саясатчылар менен жарандык активисттер 23-октябрда массалык тополоң чыгаруу аракетине айыпталып кармалган. Кармалгандар баардыгы 26 адам. Андан бери сот алардын абактагы мөөнөтүн улам узартып жатат. Ошол эле убакта алар эч кандай тергөө иштери жүрбөгөнүн, бийлик тараптан жөн гана ээнбаштык менен камоолор жүрүп жатканын айтып, коомчулукка жана эл аралык уюмдарга арызданышууда.

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча макулдашууну карап жатканда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке өзү келип сүйлөп, чек ара боюнча макулдашууну колдоп берүүгө чакырды.

"Эч коркпоңуздар, биз туура жол менен кетип баратабыз. Жер берип жаткан жокпуз, тескерисинче мурдагылар берип жиберген жерлерди кайтарып алып жатабыз", - деди президент.

Сурамжыланган кыргызстандыктардын 35% жылдын адамы катары президент Садыр Жапаровду аташкан.

Андан кийинки орунда Камчыбек Ташиев (4%), дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана популярдуу ырчылар Мирбек Атабеков жана Бекжан Темирбеков, депутаттардын арасынан Адахан Мадумаров менен Нуржигит Кадырбеков турат.

Сурамжылоого катышкандардын 3% жыл адамы катары Россиянын президенти Путинди, ал эми 1% Украинанын президенти Зеленскийди жана ишкер Илон Маскты аташкан.

Ал эми жаңы жылдан элдин күтүүсү кандай деген суроого 78% эски жылга караганда жаңы жылда жакшы болот деп жооп беришкен, 83% болсо жеке өзү үчүн ийгиликтүү болот дешет.

Ал эми пессимистик маанайда жооп бергендер болгону 3% түздү.

Ошентсе да Би-Би-Си баарлашкан карапайым жарандардын айтымында, өтүп бараткан жылы эң оболу кымбатчылык менен каатчылык көңүл чөгөрбөй койгон жок. Мындай кыйын шартта өкмөт мугалимдердин, социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын масштабдуу түрдө жогорулатканы жакшы иш болду. Эгерде эмгек акы мурдагы калыбында кала бергенде, мугалимдер менен дарыгерлерге абдан кыйын болмок. Бирок эмгек акы жакшы көбөйгөн менен анын айырмасын инфляциянын жогорку деңгээли жеп койгонун да айтыш коюш керек.

Жыл башынан бери өлкөдө расмий маалыматтар боюнча азык-түлүктүн баасы кеминде он пайызга өстү. Негизинен баа кумшекер, жашылча-жемиш, унга көтөрүлүп жатат.

"Баалар өсүп жатты, бирок ага жараша жыйналган салык дагы өстү. Бирок, чынын айтканда, кымбатчылык шартында жеке сектордогу элдин маянасы ошончолук жогору өскөн жок. Өкмөттө, муниципалитетте көтөрүлдү, бирок элде эмес. Көбүндө жашоо сапаты начарлап, көп нерсени сатып алууга мүмкүнчүлүгү аз болуп калды", - дейт дагы бир экономист Искендер Шаршеев. (КС)