You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Мыйзам үстөмдүгү үчүн күрөш". Абактагы активисттер мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады
- Author, Руфат Эргешов
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Бишкекте массалык тополоң чыгарып, бийликти кулатууга даярдык көргөн деп кармалып абакта отургандардын арасынан мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган адамдар тогузга жетти. Алар Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Бектур Асанов, Кенешбек Дүйшөбаев, Равшан Жеенбеков жана Али Шабдан.
Абактагы ачкачылык акциясы өлкөдө адам укугу маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.
Ачкачылык жарыялагандар бийликти "саясий репрессияларга" айыптап, ачкачылыктан келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттерге президент, УКМК төрагасы, баш прокурор жана ИИМ министри жоопкер болот деп эскертүү жасашты.
"Кемпир-Абад" суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы болгон саясатчылар менен жарандык активисттер 23-октябрда массалык тополоң чыгаруу аракетине айыпталып кармалган. Кармалгандар баардыгы 26 адам. Андан бери сот алардын абактагы мөөнөтүн улам узартып жатат. Ошол эле убакта алар эч кандай тергөө иштери жүрбөгөнүн, бийлик тараптан жөн гана ээнбаштык менен камоолор жүрүп жатканын айтып, коомчулукка жана эл аралык уюмдарга арызданышууда.
Акыйкатчы дагы өлкөдө адам укуктарынын одоно бузулушу жана ээнбаштыктар жөнүндө айтып жатат.
"Сөз эркиндигинин чектелишин айтып жатабыз, блогер, журналисттердин укуктарынын одоно бузулушун айтып жатабыз. Укук коргоо органдары, тилекке каршы, ашыкча чектөө, басынтууларга барып жатканы анык эле да. Толук кандуу тергөө иштерин жүргүзбөй эле, мисалы кармалган активисттердин бөгөт коюу чарасы кайра узартылды. Бирок, тергөө иштери жүрбөйт. Эки айдан бери эмнеге камакта олтурушат? Тергөө иштери эмне кылып жатат, кандай далилдери бар? Сурамжылаш керек эле. Биздин жаранды, биздин журналистти мамлекеттен сырткары күчкө салып ыргытып жибергени чоң мыйзам бузуу. 19 жаштагы Ырысты камакка алгандары. Тилекке каршы, ушундай көп болуп жатат. Укук коргоо органдары жапырт баарын камакка алуу деген тажрыйбасынан баш тартыш керек деп жатабыз",-деди Атыр Абдрахматова.
"Стабилдүүлүк, мыйзамдуулук - негизги милдетим"
Укук коргоо органдары өз кезегинде баары мыйзам чегинде экенин айтууда. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде аша чапкан аракеттерге мыйзамдуу чаралар болуп жатканын билдирген:
"Туура ишти дагы бүлдүрөбүз, бар ишти дагы жок кылабыз деп туура жолду дагы бузуп салгысы келген аракеттерге, провокаторлорго биз мыйзамдын чегинде чечимдерди кабыл алабыз, чараларды көрөбүз. Мурда эмне үчүн тополоң болуп келген? Эмне үчүн үч-төрт жолу бийликти басып алуу аракети болду? Себеби, убагында чаралар көрүлгөн эмес. Чара көрө турган адамдар мамлекеттин тынчтыгын, эркиндигин, стабилдүүлүгүн сактай турган адамдардын өздөрү туура эмес жолго түшүп алып, мамлекеттин стабилдүүлүгү сакталбай келген. Эми андай болбойт. Менин кызматым өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактоо, мамлекетте тынчтыкты орнотуу, мыйзамдуулукту сактоо негизги милдетим болот. Президентибиздин тапшырмасын так жана эл үчүн аткарабыз".
Жакында эле World Justice Project эл аралык уюму Кыргызстанды мыйзам үстөмдүгү боюнча рейтингде жүзүнчү орунга койду. Аталган рейтинг сегиз категория боюнча түзүлөт - анын ичинде "адамдардын негизги укуктарынын сакталышы" деген критерий да бар. Мындан жети жыл мурун Кыргызстан 74-орунда болчу.
Эл аралык HRW уюму дагы Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы кырдаал начарлап жатканын билдирүүдө.
"Бир жактан Кыргызстанда адам укуктарынын абалы начарлап жатканы байкалууда. Экинчи жактан, кесиптештерибиз айткандай, бул адамдарга укуктар жөн эле акысыз берилбестигин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет - алар үчүн күрөшүү керек. Кыргызстан укуктар үчүн күрөшө турган жер экенин көрүүгө болот: алар пикирин айтуу үчүн чыгып жатышат. Албетте, алардын пикирине бөгөт, цензура коюлушу мүмкүн. Күрөш бар жана мен бул маселе боюнча оптимисттик маанайда болгум келет. Ооба, адам укуктары боюнча абал начарлап баратат, бирок башка жагынан укуктар, теңдик, мыйзам үстөмдүгү үчүн күрөшүүнү жандантууга түрткү берет",-дейт Сыйнат Султаналиева Human Rights Watch эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү.
Кыргыз бийлиги, анын ичинде президент Садыр Жапаров дагы эл астында сүйлөгөн сөздөрүндө демократиялык баалуулуктар, адам укуктары менен эркиндиктерин сактоону негизги маселе деп айтып келатат. Мындан улам демократия принциптери боюнча кескин айырмалганган кайчы пикирлер, түрдүү аргументтер кайдан чыгып жатат деп суроо салгандар бар.
Жарандык активистттерди негизсиз кармап камоолор болуп жатканы тууралуу сын пикирлер, аларды үй камагына бошотуу жөнүндө өтүнүчтөр Биринчи элдик курултайда президенттин өзүнө дагы айтылып, курултайдын чечимдерине да киргизилген.