“Шыкактаган күчтөр бар”. Элдик курултайда камактагы активисттер жөнүндө сөз болду

Published

Эки күнгө созулган биринчи элдик курултайда жер-жерлерден шайланып келген эл өкүлдөрү бийлик бутактарынын отчетун угуп, чечилбей жаткан социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү. Бирок элдик курултайдын чечимдеринин сунуш катарында гана күчү бар.

Президент Садыр Жапаров биринчи элдик курултайдагы корутунду сөзүндө камактагы активисттер жөнүндө суроого да жооп берди.

"Өзүңүздөр көрдүңүздөр, чет жактан акча алып келип алып, элди "Портерге" жүктөп келип атышат. "Портерге" жүктөп келгидей эл малбы аларга. Ызы-чуу салабыз, анан Өзбекстан менен чек араны чечтирбей коюш керек деп. Кемпир-Абадка күйгөн жок алар, жеке кызыкчылык үчүн. Эки өлкөнүн ортосунда согушту чыгарыш үчүн. Алар өзүлөрү эле эмес, чет жактан дагы бар, шыкактап турган күчтөр бар. Баардыгын билебиз. Эми аны сот чечет. Элге бүлүк салып аткандарды сот камабаганда эмне кылат, башынан сыламак беле",-деди президент.

Андан мурда чыгып сүйлөгөн делегат камактагы активисттерди үй камагына чыгарууну президенттен суранган болчу.

"Чыбык менен айдап алдыңар сот органдарын да. Мыйзам тетири жолго кетип баратат. Азыр камакта жаткан активисттердин көбү сиз түрмөдө жатканда чырылдап атып сизди чыгарткан. Азыркы күндө мыйзамды сыйлабай камап койдуңар. Күлүп отурат сиздин жан-жөкөрлөрүңүз. Алар үч президентти каякка жибергенин жакшы билесиз. Сизди да жарга такады. Мен сизден суранып кетем. Жаңы жылдан алдында ошолор ден соолугун алдырып атат, түрмөдөн чыгарыңыз үй камагына. Бул жакшы жолго алып барбайт...Даканса деп коебу, кой деген кошоматчыларды эмес, элдин үнүн угуңуз", - деди Батырбек Исмаилов.

Бишкекте өткөн курултай бийликтин саясатына каршы чыккан активисттер менен саясатчыларды кармап-камоо күч алып жатат деген билдирүүлөрдүн учуруна туш келди. Тополоң чыгарып, бийликти күч менен кулатууга камынган деген шек менен айыпталып, кармалган адамдар жыйырмадан ашты. Алардын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы чыгып, өзүнчө комитетке бириккен жарандык активисттер менен саясатчылар да бар.

Коррупциялык кыңыр иштерди иликтеген журналист Болот Темировду паспортту мыйзамсыз алган деп айыптап, Кыргызстандан депортация кылып жиберишти.

Курултай болуп жатканда баш калаада эркин сөзгө кысымды токтотууну талап кылып жарандык активисттер жүрүшкө чыкты.

Камактагы активисттер темасына курултайдын биринчи күнү сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин төрагасы да токтоло кетти.

«Чет өлкөлүктөр менен олигархтардын анча-мынча акчасына азгырылып, демократия деген сөздү бетке кармаган, өздөрүн оппозициябыз деген бир ууч адам жасалма көшөгөнүн аркасында мамлекетти талкалоого даяр... Саясатыбызды шоуга айлантып, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, кыйкым издеп жазган айрым журналист жана бейөкмөт уюмдардын жашоосу болуп калды,"-деди Акылбек Жапаров.

Жарандык активисттердин камалышын, эркин журналисттин депортация болушун айыптап, эл аралык жана укук коргоо уюмдары билдирүүлөрдү жасашууда. (КС)