Коронавирус: ЕБ эмдөөдөн өткөндөргө чек арасын ачабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө 153 миллион киши вирусту жуктуруп, 3,2 миллион киши каза тапты. Бир аптадан бери 24 сааттын ичинде дүйнөдө 800 миңден ашуун киши вирусту жуктурду.
Бул көрсөткүчтүн жарымы Индияда катталууда. Өлкөдө коронавируска байланыштуу абал дагы деле курч бойдон. Учурда Индиянын бийлиги март айында чейин жетиштүү вакцинага буюртма бербегени үчүн сынга кабылууда.
Индияда дээрлик 20 миллион киши вируска кабылып, 219 миң адам каза тапты. Бирок бул көрсөткүч ооруканага кайрылгандарга гана таандык. Эксперттер чыныгы сандар мындан кыйла жогору экенин айтууда.
Кырдаал курчуп турганда премьер-министр Нарендра Модинин партиясы маанилүү аймакта жергиликтүү шайлоодо утулуп калды.
Буга дүйнөдөгү эң көп көлөмдө вакцина өндүргөн индиялык Serum институнун билдирүүсү дагы себеп болду. Институттун башчысы Адар Пунавала Модинин өкмөтү аз сандагы вакцинага буюртма бергени үчүн өлкө ушундай абалга кептелгенин айтты.
Британиялык Financial Times гезити берген маегинде Пунавала Индиянын өкмөтү экинчи толкун башталгандан кийин гана вакцинага буюртма бергенин ашкереледи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пунавала мырза март айынан кийин 21 миллион доза вакцинага буюртма берилгенин билдирди. Бирок Индиянын калкынын санын эске алганда, бул өтө аз. Serum айына 100 миллион доза вакцина өндүрө алат. Институт AstraZeneca вакцинасын чыгарууда.
Европа чек арасын ачабы?
Европа Биримдиги эмдөөдөн толук өткөн чет өлкөлүктөргө чек араларын ачып, туризм тармагын жандандырууну көздөп турат. Вакцинадан тышкары өлкөдөгү коронавируска карата статистикага дагы көңүл бурулат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйшөмбү күндөн тарта Франция мектептерди ачып, карантин чектөөлөрдү жеңилдетти. Париж үчүнчү ирет катаал карантинден чыгып жатат. Тургундар эми 10 чакырым аралыкка чейин барууга уруксат алды.
Май айында коменданттык саат кечки жетиден эмес, тогуздан башталышы ыктымал экени айтылууда. Ошол эле учурда кафе жана ресторандар дагы ачыла баштады.
Францияда бир күндүн ичинде 25 миң кишиге вирус жугуп жатат. Бул Европадагы эң начар көрсөткүч, бирок жергиликтүүлөр карантинден чарчаганын улам айтып, өкмөттү кысымга алган эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британияда болсо 17-майдан тарта тургундарды чет өлкөгө чыгууга уруксат берет. Учурда өлкөдөн туризм үчүн чыгып кетүүгө тыюу салынган. Бул чектөө алынгандан кийин Британ өкмөтү "жол чырак" системасын ишке ашырат. Анда мамлекеттер кызыл, сары жана жашыл түскө бөлүнөт.
Коронавируска байланыштуу абал курч жана жапырт эмдөө жараяны жай жүрүп жаткан өлкөлөр кызыл тизмеге киргизилет.
Токиодогу Олимпиада оюна байланыштуу чыр
Токиодогу Олимпиада оюндары 23-июлда башталат. Оюндар коронавирус пандемиясынан улам бир жылга жылдырылган эле. Жапонияда оюндардын ачылышына чейин 78 миң ыктыярчылардын көбү вакцинага алганга жетишпейт деген жаңылык чуу жаратты.
Ыктыярчылардын коопсуздугун камсыздоо үчүн экиден беткап жана антисептик таратылары айтылды.
Жапонияда вакцина тартыш болуп, Токионун бийлигин жергиликтүүлөр жана эл аралык коомчулук сынга алууда. Спорт мелдештерин уюштурууга катышкан адистер, Токио масштабдуу оюндарга чабал даярданганын айтууда.

































